Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Пакистан: секелектин өлтүрүлүшү нааразылык жаратты


Зайнаб Ансаринин зордукталып өлтүрүлүшүн айыптаган акция, Пешавар, 11-январь 2017-жыл.
Зайнаб Ансаринин зордукталып өлтүрүлүшүн айыптаган акция, Пешавар, 11-январь 2017-жыл.

Пакистанда сегиз жашар кыздын зордукталып өлтүрүлүшү ири нааразылык акцияларын жаратты. Бейшембиде миңдеген адамдар окуя болгон Касур шаарында көчөгө чыгышып, полициядан мындай окуяларга тез чара көрүүнү талап кылышты. Зайнап Ансаринин жансыз денеси 9-январда таштанды кутусунан табылган болчу.

Эки күндөн бери Пакистандын бир катар шаарларында сегиз жашка жаңы толгон кыздын зордукталып өлтүрүлүшүн кескин айыптаган акциялар өтүп жатат. Бейшембиде өлкө чыгышындагы Касур шаарынын борборуна чогулган миңдеген тургундар көчөлөрдү бууп, "акыйкаттыкты талап кылабыз" деп кыйкырып жатышты.

Андан бир күн мурда секелектин киши колдуу болушуна жана мындай үрөй учурган окуяларга жетиштүү чара көрүлбөгөнүнө ачууланган адамдар жергиликтүү полиция бекетине чабуул коюшуп, андагы кагылышуудан эки адам мерт болгон.

Полиция Зайнаб Ансаринин жансыз денесин 9-январда шаардагы таштанды кутуларынын биринен тапкан. Секелек кыз зордукталганы аныкталган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Зайнаб 4-январда куран сабагына катышып чыккандан кийин дайынсыз жоголгон.

Зайнабдын сүрөтүн көтөрүп, нааразылык акциясына катышкан кыз, Исламабад шаары, 11-январь 2018-жыл.
Зайнабдын сүрөтүн көтөрүп, нааразылык акциясына катышкан кыз, Исламабад шаары, 11-январь 2018-жыл.

Анын кейиштүү окуя орун алган учурда Сауд Арабияда зыяратта жүргөн ата-энеси шаршембиде Пакистанга кайтып келди.

- Мен акыйкаттык орношун гана каалайм. Башка эч нерсе билбейм. Акыйкаттыкты гана талап кылам. Зайнабым мындан ары менин жанымда жок, - деп ыйламсырады секелектин апасы Исламабаддагы аэропортто.

Кыз ата-энеси жокто кимдер менен жашап жатканы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Интернетке бир чоң кишинин кечке маал секелек кызды жетелеп баратканы тартылган көзөмөл камерасынан алынган тасма тарап кетти.

Зайнабдын жансыз денеси табылгандан кийин бир шектүү камакка алынды. ДНКсы дал келбегендиктен кармалган дагы 57 киши кайра бошотулду.

Касур полициясы кабарлагандай, аймакта ушуну менен соңку бир жылда кыздар уурдалган, зордукталган же киши колдуу болгон 12-факт катталып жатат. Жергиликтүү тургундар мындай кылмыштардын бети толук ачылбаганы үчүн полицияны сынга алышууда.

Касур полициясынын офицери Зулфикар Ахмед Зайнап жоголду деген кабардан кийин издөө иштери дароо башталганын айтып, "жетиштүү чара көрүлгөн" эмес деген дооматтарды четке какты.

"Зайнабга акыйкаттык" деп аталган жүрүш, Карачи шаары, 11-январь 2018-жыл.
"Зайнабга акыйкаттык" деп аталган жүрүш, Карачи шаары, 11-январь 2018-жыл.

Кыздын атасы Амин Ансари Пакистанга учуп келген күнү күнөөлүүлөрдү тез арада табууну талап кылган эле:

- Маселе чечилмейинче биз кызыбызды жерге бербей турабыз. Биз Пакистандын башкы сотуна, армиянын жетекчисине кайрылабыз. Баарыбыздын кыздарыбыз бар. Эгер кымындай адамгерчилик калган болсо, алар тез арада чара көрүшү керек.

Мындай кайрылуулардан кийин Пакистандын башкы судьясы секелек кыздын өлүмү боюнча 24 сааттын ичинде полицияга атайын баяндама даярдап келүүнү тапшырды. Армия Касур шаарынын жергиликтүү администрациясына кылмышкерлерди кармоо үчүн "кошумча жардам" жөнөткөнү белгилүү болду.

Оппозициячыл лидер Имран Хан бийликти тез чара көрүүгө чакырып, секелектин үрөй учурган өлүмү "балдар канчалык аярлуу экенин көрсөттү" деп Твиттерге жазды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG