Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Польшадагы шайлоодо улутчулдар утту


Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий, анын артында «Мыйзам жана калыстык» партиясынын лидери Ярослав Качьинский. 13-октябрь, 2019-жыл.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий, анын артында «Мыйзам жана калыстык» партиясынын лидери Ярослав Качьинский. 13-октябрь, 2019-жыл.

Польшадагы шайлоодо оңчул «Мыйзам жана калыстык» партиясы 45% көп добуш топтоп, алдыга чыкты. Бул партия 2015-жылдан бери бийликте. Оппозиция соңку төрт жылда «сот системасынын көз карандысыздыгына шек келтирип, бөтөнчө пикирдегилерди басууга аракет кылууда» деп бийликти сындап келатат.

Бюллетендердин 80 пайызын саналып бүткөн соң жарыяланган расмий жыйынтыктарга караганда, мурдагы өкмөт башчы Ярослав Качинский жетектеген улутчулдардын «Мыйзам жана калыстык» партиясы добуштардын 45% көбүн жыйнай алды. Ал эми оппозициядагы борборчул «Жарандык коалиция» 26% добуш топтоду. Учурдагы премьер-министр Матеуш Моравецкий жана президент Анджей Дуда да «Мыйзам жана калыстык» партиясынын мүчөлөрү.

- Сегиз миллион жарандын ишеничи - биз үчүн чоң жоопкерчилик. Алардын үмүтүн актоо жоопкерчилиги. Кийинки төрт жылда Польшаны гүлдөгөн өлкөгө айлантууга болгон элдин ишеничин акташыбыз керек, - деди Матеуш Моравецкий.

Анткен менен оппозициячыл топтор бийликте турган соңку төрт жыл ичинде «Мыйзам жана калыстык» партиясы сот системасынын өз алдынчалыгына доо келтирип, коомдук маалымат каражаттарынын иштерине кийлигишип, бөтөнчө пикирдегилердин үнүн басууга аракет кылганын айтып, сынга алышууда. Оппозициядагы коалициянын курамына кирген «Жарандык платформанын» лидери Гжегож Схетына жыйынтыктар жарыялангандан кийин «Варшава эч качан Будапешт болбойт» деп билдирди.

«Жарандык платформанын» лидери Гжегож Схетына. 3-апрель, 2015-жыл. Вроцлав.
«Жарандык платформанын» лидери Гжегож Схетына. 3-апрель, 2015-жыл. Вроцлав.

14-октябрда Венгрияда да жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, премьер-министр Виктор Орбандын оңчул «Фидес» партиясы алдыга чыкты. Ал эми Польшадагы шайлоодо 12 пайыздай добуш алган «The Left» солчул кыймылынын курамына кирген «Разем» солчул партиясынын лидери Эдриан Зандберг парламентте күчтүү оппозиция пайда болгонун белгиледи:

- Ярослав Качинкий чоң түйшүккө туш болду. Анткени бул парламентте жумушчулардын укуктары, мамлекеттик кызматтардын сапатынын көтөрүлүшү, маянын көтөрүлүшү, саламаттык сактоо системасынын жакшырышы үчүн күрөшө турган эрктүү оппозиция болот.

«Мыйзам жана калыстык» партиясы 2015-жылдан бери бийликте. Бул жолку шайлоонун жыйынтыгы ага Польша парламенти Сеймдеги 460 орундун 240ын ээлеп, өз алдынча өкмөт куроого шарт түзөт.

Польшанын мурунку үч президенти Лех Валенса, Александр Квасьневский жана Бронислав Коморовский биргелешкен билдирүү таркатып, анда соңку төрт жыл ичинде өлкөдө «авторитардык диктатура коркунучу» күчөгөнүн билдиришти. Мурдагы президенттер өлкөдөгү экономикалык өсүшкө карабастан бул көрүнүштү кыйла начар баалашты. Соңку жылдары Германия менен Польшанын алакалары да начарлап кетти. Буга бийликтин Экинчи дүйнөлүк согуш маалында кыйраган нерселерди оңдоп берүүнү Берлиндин талап кылганы түрткү болду. «Мыйзам жана калыстык» бул маселени өзүнүн шайлоо программасына да киргизген. Ал эми «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун рейтингинде Польша 2015-жылдан бери 18-орундан 58-тепкичке түшүп кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG