Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Уусу күчтүү улут аралык жаңжал


Оштун көчөлөрүндөгү аскерлер, 17-июнь.
Оштун көчөлөрүндөгү аскерлер, 17-июнь.

Кыргызстанда өтө каргашалуу окуя орун алды. Улут аралык жаңжалда жүздөн ашык адам мерт болуп, жүздөгөн качкындар пайда болду. Туруктуулук камсыз болбогону үчүн атайын кызмат жана тартип коргоо органдары сынга алынууда. Сын канчалык негиздүү?

Адистер ар кандай конфликттер ичинен улут аралык жаңжалдын акыбетинин айтып бергистигин белгилеп келет. Дүйнө тарыхында мындай кагылышуулар аз эмес катталган.

Кыргызстанда эң ири улут аралык жаңжал 1990-жылы 4-июнда Ош жана Өзгөндө чыккан эле. Ал жаңжал СССРдин аскерлеринин жардамы менен бир нече күндүн ичинде басылган.

Кандуу окуя туура жыйырма жылдан кийин Ошто, Жалал-Абадда чыкты.

2009-жылы июль айынын башында Кытайдын Шинжаң уйгур автономиялуу районунда уйгурлар менен кытайлардын ортосунда кагылышуу болуп, Бээжин бир нече күндүн ичинде жаңжалды араң баскан. Дүйнөдөгү экинчи ири мамлекет катары саналып келаткан Кытай үчүн да улут аралык жаңжалды басуу оңой болбогон.

Кытай аскерлери каршылашкан эки топтун ортосуна туруп, оттун тутанып кетүүсүнө жол берген эмес. Бирок кытай аскерлери кытайларга жан тартты деген айыптоолор орун алган.

Оштогу окуяларда дагы кыргыз аскерлери кыргыздарга жан тартты деген айыптоолор бар.

Убактылуу өкмөттүн түштүк боюнча өкүлү, коргоо министри Исмаил Исаков андай айыптоолорду четке кагат:

- Биринчиден, аскерлер жалпы Кыргызстандын элине кызмат кылат. Ошондуктан бир тараптуу деген сөздөргө эч бир негиз жок. Анын баары жалган. Себеби дегенде аскерлер, милиция кызматкерлери жана башка укук коргоо органдарынын баары тартипти орнотуу үчүн мыйзам чегинде бардык аракеттерди жасап жатышат.

Талдоочулардын баамында, өзбек кварталдарында турган куралдуу адамдар ал жерлерге эч кимди киргизбей аткылап, кээде адамдарды барымтага алууда. Маселен, Нариман айылына сүйлөшүү үчүн келген Кара-Суу райондук милициянын башчысы Кадыр Султанов жана анын шериги жырткычтык менен өлтүрүлгөн.

Оштогу жаңжал 10-июнда кечки саат ондордо башталган. Ошол кездеги Ош шаардык милициясынын башчысы Болот Нишановдун айтымында, кайсы бир казинодогу мушташтан кийин өзбек улутундагы жигиттер Ырысбай Абдыкадыров атындагы филармония, май куйуучу жай жана "Алай" мейманканасына жакын жердеги соода түйүндөрүн өрттөп жиберишкен:

- 10-июнь күнү саат 22:45те мага күзөт бөлүмүнөн телефон чалышып, "Алай" мейманканасынын алдына келишимди сурашты. Ал жерде өзбек улутундагы миңден ашуун жаран чогулуп, тополоң чыгарып жатышат деген маалымат келди. Анан мен орун басарларымды алып, ошол жерге чыктым. Барсам бир-бир жарым миңдей өзбек жигиттер топтолуп алыптыр. Аябай агресивдүү болуп алышкан. Мен сүйлөшкөнү бардым. Бирок кыргыз экенимди билип калып, өзбек жигиттер кол салышты. Бирөө бычагын көтөрүп жүгүрдү. Анан менин орун басарларым (өзбек) сиз алыс эле туруңуз, биз өзүбүз сүйлөшөбүз деди. Ошондо эки-үч саат сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок өзбек жигиттер кепке келбей, агрессивдүү боло беришти. Кыйкырып, өкүрүп, чабуул жасай беришти. Колдорунда арматура, союлдар, бычактар бар эле. Биз барганга чейин эле "Алай" мейнманканасынын тегерегиндеги имараттарды өрттөп жиберишкен. Биз студенттердин баарын чыгарып кеттик. Ошол күнү болгон окуяга кыргыз жигиттердин эч кандай тиешеси жок. Кечинде болгон окуяны угуп алып, анан чыгышты алар. Анан "Алай" мейманканасынын айланасында эмне күйгөн болсо, баарын өзбек жигиттер өрттөгөн.

Эртеси күнү 11-июнда кыргыз жаштары көчөгө чыккан.

Оштогу абал аябай чыңалуусуна жетип турган убакта Убактылуу өкмөт Россиядан аскерий жардам суроого аргасыз болду. Бирок милиционерлер жана аскерлер 14-июнда кырдаалды колуна алды. Буга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн түштүк боюнча өкүлү Исмаил Исаков Кыргызстан тынчтык орнотуучу күчтөргө муктаж эместигин билдирди.

Ошто имараттар өрттөлүп жатат, 11-июнь

Жамааттык коопсуздук келишими уюму да аскерий жардам эмес, материалдык-техникалык көмөк көрсөтүлөрүн билдирди. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов 16-июнда Москвада болуп келди. Бериле турган техникалык жардамдар тууралуу буларды маалымдады:

- Николай Бордюжа бизге маалымат берди. Ага ылайык тогуз даана тик учак бере турган болду. Алар Россия жана Казакстан тараптан берилет. Массалык башаламандыкты алдын алуу боюнча орус тараптан адистер келет.

“Азаттыктын” Оштогу кабарчыларынын билдирүүлөрүнө караганда, азыркы күнгө карай Ошто абал тынч. Бирок Нариман, Он-Адыр айылдары өздөрү-өздөрүн тосмолоп турушат. Жалал-Абадда да абал тынч. Сузак айылы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG