Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Апта: Зилзала, кайрадан “Кыргызэнерго”...

17-ноябрь кечки саат 11.29да Кыргызстанда жер титирөө болду.
17-ноябрь кечки саат 11.29да Кыргызстанда жер титирөө болду.

Узап бараткан жумада Ош облусунда катуу жер титирөө болду. Париждеги терактылар Кыргызстанда да коопсуздук чараларын күчөтүүгө мажбурлады. Кыргызстанда бирдиктүү энергетикалык холдингди түзүү иштери башталды.

Суук түшкөндө үштү алган зилзала

17-ноябрь кечки саат 11.29да Кыргызстанда жер титирөө болду. Силкинүүнүн очогу Ош шаарынын түштүк-чыгышында 45 чакырым алыстыкта орун алды. Анын күчү Кара-Суу, Алай жана Өзгөн райондорунун айрым айылдарында 6-7 баллга чейин жетип, үйлөргө жана имараттарга олуттуу зыян келтирди. 17-ноябрдан кийин да жер титирөөлөр уланып, бирок алардын күчү биринчиге караганда азыраак болуп жатты. 20-ноябрда күндүзгү саат 10:46 очогу Ош шаарынын түштүк-чыгышында 30 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде күчү 6-6.5 баллга жеткен жер титирөө болду. Андан кыйроолор болбогонун өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жылуулатылган 166 чатырды табигат кырсыгы болгон жерлерге жөнөттү. 19-ноябрда өкмөт башчы Темир Сариев жер титиреген аймактарда болуп, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн жети күн убакыт берди.

Келтирилген зыяндар тууралуу алдын ала Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов буларды кабарлады:

- Жалпы Ош облусу боюнча 3400 турак жай текшерилди. Анын ичинен биринчи даражадагы зыянга учураган турак жайдын саны 670. Экинчи даражадагы 1615 турак жай көзөмөлгө алынды. Булар билинип-билинбеген майда жаракалар. 725 үй капиталдык оңдоону талап кылат. Төртүнчү даражадагы, такыр жашаганга болбойт, авариялык абалда деген 383 үй, кыйроо абалындагы 10 үй аныкталган.

Жер титирөө алып келген зыянды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келерки жумага карай толук иликтеп, тактап чыгууга тийиш.

Жер титирөөнүн айынан кыш-күрөө кирип келген кезде миңдеген адамдардын үйү бузулуу абалына келип, оор жагдай түзүлүүдө. Аларга толук кандуу жардам берүүгө кыргыз өкмөтүнүн чамасы чакталуу. Ошондуктан өкмөт эл аралык уюмдардан, чет өлкөлөрдөн жардам суроого аргасыз болууда. 20-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешиов Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен жолугушуп, суук түшкөн чакта кырсык болгон жерде эл жылуулатылган чатыр, азык-түлүк жана мештерге муктаж экенин айтып, жардам сурады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов калкты жылуу чатыр, отун-суу менен камсыздоо маселеси чечилип жатканын билдирип, үйлөрү бузулган адамдарга кандай жардам берилери тууралуу буларды айтты:

- Булардын үйлөрү ордунда. Курулуш материалдарын кайрадан иштетсе болот. Бир гана дубалдары жарака кетип, жараксыз болуп калган. Негизги жыгачтары, чатырлары, көпчүлүк материалдарын кайра иштетүүгө болот. Ошондуктан максималдуу жардам берилет. Ошол материалдарды да иштетүүнү биз сунуштап атабыз.

Өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүнү ишкерлерден, коомчулуктан да суранып, атайын эсеп ачты.

Зилзаладан жабыр тарткан үйлөр

Чайчылыктар: түнкүсүн үшүйбүз

Чатырда түнөгөндөр меш жакса да түнкүсүн үшүп жатканын айтышууда. Ошол себептүү айрымдары коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө барышууда.
1/15 Чатырда түнөгөндөр меш жакса да түнкүсүн үшүп жатканын айтышууда. Ошол себептүү айрымдары коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө барышууда.
17-18-ноябрь күнкү жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл округунун Чайчы айылы болгону такталды. Бул айылдын өзүнөн эле кеминде 150дөй үй жабыркаган. Алардын 10 чактысынын дубалдары урап калган.
2/15 17-18-ноябрь күнкү жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл округунун Чайчы айылы болгону такталды. Бул айылдын өзүнөн эле кеминде 150дөй үй жабыркаган. Алардын 10 чактысынын дубалдары урап калган.
Чайчы айылындагы кээ бир үйлөрдөн жарака кетсе, айрым үйлөрдүн дубалдары көчүп түшкөн. Көпчүлүк үй ичиндеги буюмдарын сыртка чыгарып коюшкан.
3/15 Чайчы айылындагы кээ бир үйлөрдөн жарака кетсе, айрым үйлөрдүн дубалдары көчүп түшкөн. Көпчүлүк үй ичиндеги буюмдарын сыртка чыгарып коюшкан.
Кыргызстандагы жер силкинүүнүн очогу Чайчы айылы деп эсептелип жатса, кыштактын ичинде Керим Турапов көчөсүнүн өзүндө 100 метр аралыкта ондогон үй катар-катар жабыркаганын көрүүгө болот.
4/15 Кыргызстандагы жер силкинүүнүн очогу Чайчы айылы деп эсептелип жатса, кыштактын ичинде Керим Турапов көчөсүнүн өзүндө 100 метр аралыкта ондогон үй катар-катар жабыркаганын көрүүгө болот.
Кызыл-Суу айыл округуна 18-ноябрь күнү 50 чатыр жана атайын мештер берилген. Жашоочулар чатырлар жетишсиз болгонун айткандан кийин дагы берилерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
5/15 Кызыл-Суу айыл округуна 18-ноябрь күнү 50 чатыр жана атайын мештер берилген. Жашоочулар чатырлар жетишсиз болгонун айткандан кийин дагы берилерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Зилзала орун алган күнү үйдө уктап жаткан бир нече адам жаракат алышкан. Жабыр тарткандар арасында балдар да бар. Алардын башына таш тийип, кээ бирлери караңгыда сыртка качып баратып чалынып жыгылышкан. 
6/15 Зилзала орун алган күнү үйдө уктап жаткан бир нече адам жаракат алышкан. Жабыр тарткандар арасында балдар да бар. Алардын башына таш тийип, кээ бирлери караңгыда сыртка качып баратып чалынып жыгылышкан. 
Өкмөт башчы Темир Сариев 19-ноябрда Кара-Суу жана Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткандардан кабар алды. Ал жапа чеккендерге жардам берилерин убада кылып, эми үйлөрдү топурак менен эмес, бышык кыш менен арматура аралаштырып куруу керектигин айтты.
7/15 Өкмөт башчы Темир Сариев 19-ноябрда Кара-Суу жана Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткандардан кабар алды. Ал жапа чеккендерге жардам берилерин убада кылып, эми үйлөрдү топурак менен эмес, бышык кыш менен арматура аралаштырып куруу керектигин айтты.
Ош облусунда катталган жер титирөөдөн адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок андан кийин кан басымы көтөрүлүп, жардам сурап кайрылгандар көп болгон. Кызыл-Суу айыл аймагынан эле 200дөн ашык адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү.
8/15 Ош облусунда катталган жер титирөөдөн адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок андан кийин кан басымы көтөрүлүп, жардам сурап кайрылгандар көп болгон. Кызыл-Суу айыл аймагынан эле 200дөн ашык адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын штабы жабыр тарткан Кызыл-Суу айыл округунда үзгүлтүксүз иш алып барууда. 
9/15 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын штабы жабыр тарткан Кызыл-Суу айыл округунда үзгүлтүксүз иш алып барууда. 
Учурда чатырда жашап жаткандар шартка карап, контейнер үйлөр менен алмаштырылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убактылуу жашаганга бериле турган мобилдик турак жай маселеси бир айдын ичинде чечилерин кабарлады.
10/15 Учурда чатырда жашап жаткандар шартка карап, контейнер үйлөр менен алмаштырылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убактылуу жашаганга бериле турган мобилдик турак жай маселеси бир айдын ичинде чечилерин кабарлады.
Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн жана социалдык объекттердин саны такталганы менен, жалпы чыгаша эсептелип бүтө элек.
11/15 Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн жана социалдык объекттердин саны такталганы менен, жалпы чыгаша эсептелип бүтө элек.
17-ноябрда кечинде катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган.
12/15 17-ноябрда кечинде катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган.
Жер силкинүүдөн жабыр тарткан айрым тургундар үйү бешинчи категорияга кирбей калганына нааразы. Жалгыз бой эне, Чайчы айылынын тургуну Сюита Эскенкулова үйүн "таптакыр жараксыз абалга кептелген" деген тизмеге киргизип, жаңы үй куруп берүүнү талап кылууда.
13/15 Жер силкинүүдөн жабыр тарткан айрым тургундар үйү бешинчи категорияга кирбей калганына нааразы. Жалгыз бой эне, Чайчы айылынын тургуну Сюита Эскенкулова үйүн "таптакыр жараксыз абалга кептелген" деген тизмеге киргизип, жаңы үй куруп берүүнү талап кылууда.
4-даражадагы жараксыз болгон үйлөргө 50 миң сом, же 200 миң сомдон ссуда берилет. 50 миң сом ссуда кайтарымсыз болот. 200 миң сом берилсе, аны алган киши 20 жыл ичинде мамлекетке кайтарыш керек. Канча сумма алаарын үйдүн ээси өзү чечет.
14/15 4-даражадагы жараксыз болгон үйлөргө 50 миң сом, же 200 миң сомдон ссуда берилет. 50 миң сом ссуда кайтарымсыз болот. 200 миң сом берилсе, аны алган киши 20 жыл ичинде мамлекетке кайтарыш керек. Канча сумма алаарын үйдүн ээси өзү чечет.
Чайчылыктар 17-ноябрда жер силкингенден кийин айылда дагы бир нече жолу жер титирегенин, ошондон улам жарака кеткен үйлөргө кирүүдөн кооптонуп жатышканын айтышты.
15/15 Чайчылыктар 17-ноябрда жер силкингенден кийин айылда дагы бир нече жолу жер титирегенин, ошондон улам жарака кеткен үйлөргө кирүүдөн кооптонуп жатышканын айтышты.
Артка
Алдыга

Сестенткен теракттар

​Дүйшөмбү күнү Бишкектеги Ак-Кеме мейманканасына коопсуздук боюнча эксперттер чогулуп, республиканын улуттук коопсуздугун талкуулашты. Талкуу “Бишкек форуму 2015” тарабынан уюштурулду.Эмгек өргүүсүнөн кайтып келген президент Алмазбек Атамбаев да 19-ноябрда коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, коопсуздук чараларын күчөтүү жөнүндө сөз кылды.

Кыргызстанда да ошентип терроризмдин кесепеттери жана себептери жөнүндө талкуулар жанданды. Эл аралык терроризмдин булагын көпчүлүк адамзатка зыян келтирүүнү ойлогон билимсиз, караңгы, фанатиктерден көрсө, дагы бир бөлүгү анын себебин тереңирээктен издейт.

Бирок бир нерсе айкындай, мунайга бай, бирок билим, илим жана технологиядан артта калган Жакын Чыгыштын проблемаларын “түшпөс хандар” күчөтүп, аларга чечилбеген Палестина маселеси, наадандык менен сугарылган диний араздашуулар кошул-ташыл болуп, кандуу терактыларды жаратууда. Бул өз кезегинде Сэмюэл Хантингтондун “цивилизациялар кагылышуусун” ырастап, адамдардын жүрөгүнө карама-каршылыкты орнотуп жаткандай.

Мусулман аалымдар диндин атына жамынган экстремисттик уюмдарды ислам динине жакындатпоого аракеттенип, бирок бул аракетте натыйжага жетишкени байкалбайт.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максат ажы Токтомушев ислам дини террорчулуктун биринчи душманы дейт:

- Ислам радикалдашпайт. Радикализм - ал ислам эмес. Ислам эң боорукер жана эң таза дин экени эч кимге жашыруун эмес. Исламдын атынан жаман иш кылып жаткандардын баары исламга каршы. Ислам аларга каршы. Терроризмдин биринчи душманы ислам деп айтат элем. Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атагандарды Бүткүл дүйнөлүк аалымдар комитети Мекке, Мединадагы жыйындарда, жакында Москвада өзүбүз да көптөгөн аалымдар менен өткөргөн жыйында бирөө да колдогон жок. Алардын арасында билимдүү, куран жана хадиске каныккан бирөө да жок экенин белгилешти. Бул - саясат. Аларды диндин жолундагылар деп эсептебейбиз.

Азирети муфтий Максат ажы Токтомушев Кыргызстандын айрым жаштары да диний-экстремисттик идеологияга берилип кетип жатканын өкүнүч менен белгиледи.

Кыргызстандык диний эксперттер диний экстремизмге каршы турууда биринчи кезекте идеологиялык майданда күрөш жүргүзүүнү сунушташууда.

Бирок диний экстремизмдин идеологиясына каршы күрөш жеңил эмес дейт УКМК төрагасынын мурунку орун басары, генерал Токон Мамытов:

- Эми чынын айтканда жеке Кыргызстан эмес, дүйнө жүзү, ошол эле Орусия, ошол эле Франция, Америка жана башкалар диний экстремизмге, эл аралык терроризмдин идеологиясына каршы идеология таппай аткандын негизинде болуп атат. Эгерде алардын идеологиясын аныктасак, анда бир жылдын ичинде жеңишке жетишет элек.

Башка эксперттер коррупция, жакырчылык жана адилетсиздик диний экстремизмдин катарын толуктоого шарт түзүп жатканын белгилешет. Кыргызстанда ислам дини кайра жаралуу доорун башынан кечирип жаткан мезгилде, анын жаңы толкуну түпкүрдөн эмне алып чыгат деген санаркоо жок эмес. Бийлик да аны бир нукка салуу үчүн концепцияларды жазып, мечиттерди көзөмөлгө алууга аракеттенүүдө.

"Кыргызэнергонун" кайра келиши...

Кыргыз бийлиги энергетика тармагын башкарууну өзгөртүүнү чечти. Аны өзгөртүү боюнча укуктук база, мыйзамдар жаңы жылга чейин кабыл алынып, келерки жылы бардык энергетикалык компаниялар бирдиктүү энергохолдингге бириктириле турган болууда. Белгилүү болгондой азыркы кезде Кыргызстандын энергетика тармагында “Улуттук электр станциялар” акционердик коому, “Улуттук электр тармактар” акционердик коому жана бөлүштүргүч компаниялар болгон “Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Ошэлектро” жана “Жалал-Абадэлектро” акционердик коомдору бар.

Бул акционердик коомдорду мамлекет Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу башкарып келген.

Эми булардын баары бирдиктүү энергохолдингге бириктириле турган болууда.

Бирдиктүү энергохолдинг түзүлүп жатканга байланыштуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, өнөр жай тармагынын саясатын жүргүзүү Экономика министрлигине жүктөлдү.

Бирдиктүү энергохолдингди түзүү мурунку “Кыргызэнергого” кайтып келүүдөй сезилет. Энергетика жана өнөр жай министринин мурунку орун басары Райымбек Мамыров бөлүштүргүч компаниялардын акционердик коом катары сакталып калганы эле болбосо, мурунку “Кыргызэнергого” кайтып келүү дейт:

- “Кыргызэнерго” болгондо бир компания болчу. Ал эми акционердик коом катары калып жаткан жети компания филиал катары болчу. Алар акционердик компания болгон эмес. Эгерде ошондой калыпта түзүлгөндө дурус болмок. Бирок чынын айтканда айырмасы деле жок.

Райымбек Мамыровдун айтымында, бардык энергетикалык компаниялардагы мамлекеттин акциялары бирдиктүү энергохолдингге берилип, тармак акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамдын негизинде иштемекчи.

Кыргызстанда энергетикалык компанияларды бириктирүү максатка ылайыктуу экени эксперттер тарабынан белгиленип келген.

Энергетикалык эксперт Жаныбек Оморов бириктирүү туура, бирок анын да терс жагы бар дейт:

- Азыр өкмөттүн бир компания башкарсын деген аракетин жалпысынан туура деймин. Ошол башкаруу системасын жеңилдетип, бир башкаруучу борбор болуп, бир директорлор кеңеши болуп, бир саясат жүргүзүлгөнү туура. Бирок бул жерде дагы коркунучтар бар. Аны туура жүргүзбөсө коррупция жана жоготуулар күчөшү мүмкүн.

Жаныбек Оморов ар бир региондо өзүнчө бөлүштүргүч акционердик коомдордун түзүлүүсү башкарууну татаалдантып, тарифке да терс таасирин тийгизип келгенин кошумчалады.

Бирок энергетика министрлигинин жоюлуп кетиши кээ бир суроолорду жаратууда. Анткени Кыргызстанда энергетика тармагы, өзгөчө гидроэнергетика экономиканын арка-бели экени маалым. Бул тармактын кызыкчылыгын өкмөттүн курамындагы атайын министрлик коргоп жана саясатын жүргүзүп туруусу, эл аралык деңгээлде маселелерди чечүүсү маанилүү эле деген пикирлер бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG