Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

 Рахмон көрүнбөй калды


Тажик лидеринин Ноорузда телеканалдардан көрсөтүлгөн кайрылуусу. Ал андан 9 күн мурда тартылганы айтылууда.
Тажик лидеринин Ноорузда телеканалдардан көрсөтүлгөн кайрылуусу. Ал андан 9 күн мурда тартылганы айтылууда.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Хатлон облусуна дайындалган иш сапары белгисиз себептерден улам кийинкиге калтырылды. Мамлекет башчысы 10-марттан бери элге көрүнө элек. Анын себебин Рахмондун ден соолугуна байланыштырып жатышат.

Тажикстанды авторитардык нукта көп жылдан бери башкарып келаткан президент Эмомали Рахмонду Хатлон облусунун Бохтар шаарынын тургундары 22-мартта күтүшкөн.

Шаарга кире бериште «Улут лидери, кош келиңиз!» деген плакат илинип, куруучулар президент эл менен жолуга турчу борбордук аянтка пахта менен буудайдын символдорун тургузууга жетишип калуу үчүн күнү-түнү иштешкен.

Кийин маанилүү мааракеге - Тажикстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата даярдыктарга - байланышкан бул иш сапар белгисиз себептерден улам токтотулуп, 24-25-мартка калтырылганы кабарланган.

Ошол эле маалда социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары менен айрым Интернет ресурстар 68 жаштагы Эмомали Рахмон 10-марттан бери элге чыга электигин, учурда мамлекет башчынын милдети анын баласы Рустам Эмомалиге жүктөлгөнүн жазышкан.

Эмомали Рахмон 2020-жылдын 30-октябрында болгон президенттик инаугурацияда
Эмомали Рахмон 2020-жылдын 30-октябрында болгон президенттик инаугурацияда

«Eurasianet» сайтынын Борбор Азия боюнча редактору Питер Леонард 18-мартта Твиттерге «тажик президентинин маалымат кызматы 5-марттан бери Рахмондун жаңы сүрөтүн чыгара электигин» белгилеген.

Айрым маалыматтар боюнча, Рахмондун Нооруз майрамында телеканалдардан көрсөтүлгөн куттуктоосу да 9 күн мурда, тагыраак айтканда, 12-мартта алдын ала тартылган.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода Рахмондун ден соолугу начардыгы тууралуу кеп-сөздөрдү чектөөгө аракет кылып, президент аймактарды жакын арада кыдыра турганын кабарлап келет.

Эмомали Рахмон биринчи жолу президент катары 1994-жылы 6-ноябрда шайланган. Ал акыркы 18 жылдык кызматында иш сапарын бир да жолу жылдырылган эмес, муну баса белгилеген Шарифзода журналисттерге «бактыбызга жараша, президенттин ден соолугу биздикине караганда алда канча чын», деп жооп берди.

Мындан 2 жыл мурда Рашт районундагы иш сапары маалында Рахмондун ден соолугу кескин начарлаганы кабарланган. Ошондой эле былтыр жайында ал коронавирус жугузуп алганы тууралуу кеп-сөздөр тарап, бирок, бул маалыматтар тастыкталган эмес.

68 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келет. 1992-94-жылдара арасында ал парламенттин төрагасы болгон, бул учурда президенттик кызмат убактылуу жоюлган болчу.

Былтыр, 2020-жылдын 11-октябрында өткөн президенттик шайлоого Рахмон бешинчи жолу катышып, жалпы добуштардын 90% ашуунун алган. Ошентип Эмомали Рахмон Тажикстанды иш жүзүндө 1992-жылдан бери башкарып келатат.

Бирок, Батыш өлкөлөрү Рахмондун тушундагы бир да шайлоону демократиялуу, ачык-айкын деп тааныган эмес. Акыркы президенттик шайлоодо да Рахмонго чыныгы атаандаш боло ала турган талапкерлер катышкан жок. Ал эми катышкандарды болсо саясаят талдоочулар шайлоого «көргөзмө үчүн эле» катышып жатканын айтышкан.

Кошуна өлкөдө Рахмондун баласы Рустам Эмомалини «мураскер» катары көрүшөт. 32 жаштагы Рустам төрт жыл мурда Дүйшөнбүнүн мэрлигине дайындалган. Былтыр апрелде депутаттардын жапырт колдоосу менен ал парламент төрагалыгына шайланды.

Ал эми быйыл жыл башында ээрчишкен ата-бала Дүйшөнбүдө Улут лидерине – Эмомали Рахмонго арналган тарых музейин ачышкан.

Рахмонго көзү тирүүсүндө музей ачуу демилгесин Тажикстандын Улуттук университети көтөрүп чыккан. Жаңы курулган корпустун бир бөлүгү толук бойдон Рахмонго арналып, анда бала чактагы жана студенттик кездеги сүрөттөрү, студенттик китепчеси, Рахмон бул окуу жайга тапшырганда экзаменде жазган дил баяндан бери коюлган.

Саясий серепчилер Тажикстандагы мындай көрүнүштөрдү «айрым аткаминерлердин президентке жагынуу үчүн жасаган аракеттери», «патриотизмге жамынган фанатизм», «жеке адамдын культун тургузуу», деп түшүндүрүшөт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG