Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Греция орус дипломаттарын жазалайбы?


Греция менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык маселе жаралууда. Расмий Афины "ички ишибизге кийлигишти" деп, эки орус дипломатын өлкөдөн чыгарууну чечкенин грек гезити шаршемби күнү кабарлап чыкты. Москва болсо грек өкмөтүнүн мындай чечимине жооп кайтараарын эскертти.

Грециядагы "Катимерини" гезити дипломатия чөйрөсүндөгү жеке булактарына таянып жазгандай, расмий Афины эки орус дипломатын өлкөдөн чыгарып, дагы экөөнө Грецияга кирүүгө тыюу салышы мүмкүн.

Ал кабарга ылайык, грек өкмөтү орус дипломаттарына маалыматты мыйзамсыз жол менен чогултуп таратууга жана грек аткаминерлерин паралоого аракет кылган деген кине коюп жатат.

Ошондой эле орусиялыктар Греция менен коңшусу Македониянын аталыш талаш боюнча мунасасын бузуп, Афинынын Балкан аймагындагы ролуна шек келтиргиси келген келген деп да айыпталууда.

Грециянын тиешелүү мекемелери бул боюнча ачык маалымат бере элек. Болгону грек өкмөтүнүн расмий өкүлү Димитрис Цанакопулос бул маселе боюнча жергиликтүү Skai телеканалынын суроолоруна жооп берди.

- Грек тарап жана грек өкмөтү бардык мамлекеттер менен жакшы мамиле түзүүнү каалайт. Бирок эл аралык мыйзамдарга шек келтирген жана грек мамлекетин сыйлабаган жүрүм-турум кабыл алынгыс,-деп чектелди Цанакопулос.

"Франс-пресс" агенттиги грек өкмөтүндөгү өз булактарына таянып, грек тарап Москваны Греция менен Македониянын талашына кийлигишти деп айып айыптап жатканын жазды. Бирок кандай кийлигишүү тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган жок.

Орус тарап жооп кайтарат

Орус президенти Владимир Путин жана грек премьер-министри Алексис Ципрас, Афины, 27-май 2016-жыл.
Орус президенти Владимир Путин жана грек премьер-министри Алексис Ципрас, Афины, 27-май 2016-жыл.

Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын басма сөз өкүлдөрү бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Орус Тышкы иштер министрлиги болсо этият жана кыска комментарий берүү менен гана чектелди.

"Түзүлүп калган практика боюнча, мындай учурларда өздөрүнө жараша жооп болот",-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Орус парламентинин жогорку палатасынын депутаты Андрей Климов Москва жооп катары эки грек дипломатын өлкөдөн чыгарышы мүмкүндүгүн "РИА" агенттигине айтып, бирок маселенин чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок.

Гректер менен орусиялыктардын басымдуу бөлүгү орток динди же христианчылыктын православ багытын карманышат. Бул эки өлкө салттуу түрдө жылуу мамиледе болуп келген.

Быйыл март айында Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы ууландырылганына жооп иретинде ондогон Батыш өлкөлөрү орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарууну чечкен. Бирок Греция НАТОдогу өнөктөштөрүнүн мындай кадамына кошулган эмес.

Македония маселеси

Июнь айында Афины менен Скопье эки өлкө ортосундагы ондогон жылдардан берки талашты чечүү максатында Македониянын аталышын өзгөртүү боюнча тарыхый келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, бул өлкө Түндүк Македония жумурияты деп аталышы мүмкүндүгү кабарланган.

Македон парламенти Греция менен түзүлгөн келишимди 20-июнда ратификациялады.
Македон парламенти Греция менен түзүлгөн келишимди 20-июнда ратификациялады.

1991-жылы коммунисттик Югославия федерациясы ыдыраганда анын бир бөлүгү Македония жумурияты деген аталыш менен көз карандысыз өлкө катары пайда болгон. Бирок Грекиянын түндүгүндө ушундай аталыштагы аймак бар болгондуктан расмий Афины келечекте бул жер талашка себеп болушу мүмкүн деген негизде андай аталышка каршы болуп келген.

НАТО жана Евробиримдикке мүчө болгон Греция бул талаш жөнгө салынмайын Македониянын эки уюмга тең кабыл алынышына каршы экендигин билдирген.

Июнда кол коюлган документ македон парламентинде, сентябрда болсо жалпы элдик референдумда жактырылгандан кийин грек депутаттары ратификацияласа, Македониянын НАТОго мүчө болуусуна жол ачылышы мүмкүн.

"Москва узактан бери НАТОнун чыгыш тарапты көздөй кеңейишине каршылыгын билдирип, аны өз коопсуздугуна коркунуч катары көрөт. 1989-жылы коммунизм урагандан бери Москванын орбитасына болгон көп өлкөлөр НАТО менен Евробиримдикке кошулуп кетишкен",-деп жазды соңку дипломатиялык маселе тууралуу "Рейтер" агенттиги.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG