Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Орус оппозициясы президенттикке талапкер көрсөттү


Григорий Явлинский Немцовду эскерүү маршында
Григорий Явлинский Немцовду эскерүү маршында

Орусиядагы демократиялык күчтөрдүн партиясы - “Яблоко” жекшембидеги курултайында 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого өз лидери Григорий Явлинскийди расмий түрдө талапкер деп жарыялады.

"Биз ишенген лидерибиз, Орусия цивилизациянын европалык жолу менен өнүгүүсүн камсыздай алчу Григорий Явлинскийдин талапкерлигин президенттикке көрсөтөбүз", - деп жарыялады “Яблоко” партиясынын жекшембидеги курултайында партия төрайымы Эмилия Слабунова.

Бул курултайда оппозициянын бирдиктүү талапкери президент Путиндин курсуна реалдуу атаандаш болору да айтылды.

Партия жыйынында “Орусия тандоосу” кыймылынын лидери Владимир Рыжков биригүү мүмкүндүгү тууралуу сөз кылып, алдыдагы парламенттик шайлоо үчүн да бирдиктүү тизме зарылдыгына токтолду:

“Биз же азыркы террорго чек коебуз, же өлкөнү артка тарткан диктатура кыйратат. Мен коомдук ишмерлердин “Яблоко” партиясынын базасында бирдиктүү демократиялык тизме түзүү сунушун колдойм, ага өлкөдөгү алдыңкы демократтар кириши керек”, - деген Владимир Рыжков президенттикке оппозициянын бирдиктүү талапкери катары көрсөтүлүп жаткан Явлинский демократиялык баалуулуктарга берилгенин өз ишмердиги менен далилдегенин белгилей кетти.

Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Гудков Демократиялык күчтөр парламенттик шайлоого бирдиктүү тизме менен барса анда “Яблоко” партиясы көрсөтүп жаткан Явлинскийдин талапкерлигин колдой турганын айтты.

Партиянын Петербургдагы лидери Михаил Аммосов президент Путинди сындоо менен кооптуу кадам таштап жатышканын, бирок тайманбаган жана өз позициясынан кайтпаган Явлинский өлкөнү кыйын кырдаалдан алып чыгарына ишенерин билдирди.

Григорий Явлинский өзү болсо демократтардын биригиши үчүн колдон келген иштин баарын жасоого убада кылды.

Ошондой эле азыркы бийлик Орусияны аңга түртүп баратканын, өнүккөн өлкөлөр менен мамиленин бузулушу кыйроого алып барарын белгилеп, кризистен чыгуунун реалдуу программасын сунуштарын билдирди. “Программа бар, эмне кылуу керектигин баары жакшы билет. Жаңы велосипед ойлоп табуунун кереги жок”, - деди Кремлдин саясатына бир топ ачуу сын пикирлерди айткан Явлинский.

Курултайдан кийин журналисттерден суроолоруна жооп берген Явлинский орус экономикасын сактап калуунун төмөнкү чараларын атады:

- Экономиканы сактоо үчүн биринчи чара – менчик укугун бекемедөө, экинчиси – структуралык реформа жана экономиканы диверцификациялоо. Мындан тышкары банк тармагын чыңдоо, аскерий-саясий авантюраларды жана санкцияларга каршы санкцияларды токтотуу керек. Мамлекеттик эмес ири ишканаларды, реалдуу чакан жана орто бизнести колдоо зарыл. Эң башкысы - мыйзам баарына бирдей болуп, соттор көз карандысыз болушу шарт. Жок дегенде ушул чаралар ишке ашса, анда биздин экономика кандай өнүгөрүн көрүп алгыла. Бирок мен айткан бул чараларды азыркы системада аткаруу мүмкүн эмес, бир кадам да жыла албайсың.

Явлинский андан ары “Биздин милдет – жарандарын сыйлаган мамлекет түзүү, аны кылымдар бою түзө алышкан жок, биз ошондой өлкө түзүүгө милдеттүүбүз”, - деп президенттик шайлоодогу программасынын өзөгүн ушул нерседен көрөрүн белгиледи.

"Яблоко" партиясынын курултайы, Москва 28.02.2016 (видео орус тилинде)

Коомдук-саясий ишмер жана “Яболоко” партиясынын түптөөчүсү катары таанылган Григорий Явлинский азыр 64 жашта. Экономика илимдеринин доктору, Мамлекеттик Думанын 1, 2, 3-чакырылыштарында “Яблоко” фракциясын жетектеген. 1996 жана 2000-жылдардагы перзиденттик шайлоодо талапкер болгон. Путин жеңишке жеткен 2000-жылдагы президенттик шайлоодо үчүнчү орунду алган. 2012-жылдагы Борбордук шайлоо комиссиясы “талапкерликке катталуу үчүн топтогон колдун көбү жасалма” деген себеп менен аны каттабай койгон.

Ошентип Явлинский эми кийинки президенттик шайлоого оппозициянын бирдиктүү талапкери катары чыкканы турат.

Орусияда эмки президенттик шайлоо 2018-жылы, парламентик шайлоо быйыл күздө өтүшү керек.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG