Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

АКШ Орусияга соода жеңилдигин токтотот


АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда өткөн Чоң жыйырманын саммитинде. 6-сентябрь, 2013-жыл.
АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда өткөн Чоң жыйырманын саммитинде. 6-сентябрь, 2013-жыл.

АКШ президенти Барак Обама Орусия өнүгүп бараткан өлкөлөргө көмөктөшүү программасынын алкагында алчу жеңилдикти токтотот.

Бул программанын алкагында, Орусия 2013-жылы АКШга 300 миллион долларга жакын суммага чийки зат жана товар экспорттоп, тарифтик жеңилдиктин эсебинен 17 млн. доллар пайда көргөн.

Барак Обама Орусияга өнүгүп бараткан өлкө катары АКШга саткан кээ бир товарларынан алчу тарифтик жеңилдиктерти токтотуу ниетин 7-майда Конгресске билдирди. Ак үйдүн маалымдашынча, Орусиянын экономикасындагы оң жылыштарга байланыштуу жакшы өнүкпөгөн өлкө катары мамилеге муктаж эмес болгондуктан Жалпы соода жеңилдиктеринин программасынан чыгарылмакчы.

Ак үйдүн өкүлү Жей Карни билдиргендей, президент Обаманын чечими Орусиядан импорттолчу товарлардан алынчу бажы төлөмдөрүнүн көбөйүүсүнө алып барат. Береги программа боюнча Орусия 2013-жылы АКШга 296 млн. долларга, 2012-жылы 544 млн. долларга товар жана чийки зат саткан. АКШнын Соода министрлигинин маалыматы боюнча, жеңилдикке ылайык Орусия 16, 6 млн. долларга бажы салыгын аз төлөгөн.

Аталган программанын алкагында, Коммерсант.ру басылмасынын жазышынча, мунай, металл, резина, мотоциклге тетиктер болуп 5 миңдей чийки зат жана товар сатылчу.

Орусия Вашингтондун Жалпы соода жеңилдиктеринин программасы боюнча көргөн пайдасынын көлөмү жагынан тогузунчу орунда турчу. Орусия жана АКШ соодасында бажы алымдары төлөнбөгөн импорттун көлөмү 2 проценттен ашпайт.
АКШ мыйзамдарына ылайык, эки айдан кийин Орусиядан импорттолгон береги товарлар тарифтик жеңилдиктерден ажырап, америкалык керектөөчүлөр үчүн мурдагыга караганда 15 процентке кымбат болуп калат.

Вашингтон Москванын Крымды аннексиялап алганына байланыштуу жана Украинанын чыгышы менен түштүгүндөгү кырдаалды бейстабилдештирүүдөгү ролу үчүн жазалоонун амалын издеп жаткан болчу.

Ак үйдүн өкүлү Кэйтлин Хейдендин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтымында, президент Обаманын кеңсесинин бул кадамын Орусиянын Украинага болгон мамилесинин алкагында караган жөндүү.

Буга чейин президент Обаманын администрациясы президент Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген мартабалуу чиновниктерге жана ишкерлерге, ошондой эле чоң компанияларга виза режимин катаалданткан. Ак үй Украинанын чыгышындагы абал татаалдана берсе, Орусиянын финансы, коргонуу өнөр жайы жана энергетика секторуна каршы санкция даярдалып жатканын кулак какты кылган. Батыш өлкөлөрү да тийиштүү санкцияларды киргизген. Азыр да жаңы санкция каралып жатканын Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг 7-майда Тбилисидеги визити кезде билдирди:

- Биз зарыл болсо колдонуу үчүн санкция жана дагы башкаларын даярдап койгонбуз. Президент Обама жана канцлер Меркел болочокто санкцияларды колдонуунун жагдайын бир апта мурда сүйлөштү. Ошентип жумуш улантылууда. Биз бирок чыңалууну азайтуу үчүн Орусияны 17-апрелдеги Женевадагы макулдашуусун аткарганга чакырганды уланта беребиз.

Донецк облусундагы орусиячыл жикчилдер 11-майда аймактын төбөлсүздүгү боюнча референдум өткөрүү ниетинен баш тарта элек. Путин 7-майда жикчилдерди 11-майга мерчемделген референдумду кийинкиге калтырууга чакырып, Украинада 25-майда болчу президенттик шайлоону “туура багыттагы кадам” деп атады. Апрелдеги түз эфирде Путин Украинадагы президенттик шайлоо мыйзамдуу болушу мүмкүн эмес деген. Бирок донецктик орусиячылдардын лидерлери референдум сөзсүз өткөрүлөт деп 8-майда кайра жарыялады.

Украинадагы кырдаал Путин 8-майда Москвада Армения, Беларус, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери менен кездешкенде да талкууланарын Кремл кабарлаган.

XS
SM
MD
LG