Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Орусия АКШ менен НАТОнун айыптоосуна макул эмес


Симферополдогу Украина менен Орусиянын паспортун кармаган аял. 7-апрель, 2014-жыл.
Симферополдогу Украина менен Орусиянын паспортун кармаган аял. 7-апрель, 2014-жыл.

Украинанын чыгышындагы кырдаалга байланыштуу АКШ кабатыр. Орусиячыл протестчилер Донецкте облбийликтин имаратын басып алып, Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүлөрүн билдирген.

Ушундай эле окуя Харьковдо да болду. Луганскта алар облустук коопсуздук кызматынын имаратын басып алып, куралдарды талап кетишти. Москва ырасмий Киевди өлкө чыгышында протестчилерге каршы күч колдонуу жарандык согуштун отун тутандырышы мүмкүн экенин эскертти.

Донецк, Харьков жана Луганскта 6-апрелде башталган бул окуялар, “Вашингтон Пост” гезити жазгандай, Орусия Крым сценарийин кайталап, Украинанын береги да облустарын аннексиялап алат деген чочулоону ырбатты. Бирок, АКШ жана башка Батыш мамлекеттери кокус андай окуялар болуп кетсе, жөн карап тура албасын эскертүүдө.

- Эгер Орусия Чыгыш Украинага ачык же жашыруун кирсе, бул өтө олуттуу эскалация болот. Биз президент Путинди жана анын өкмөтүн Украинаны дестабилдештирген бардык аракеттерин токтотууга чакырабыз жана аскерий кийлигишүүгө барбоосун эскертебиз,- деп билдирди Ак үйдүн өкүлү Жей Карни 7-апрелде.

Донецктеги обладминистрацияны басып алып, Орусиянын туусун сайгандар. 7-апрель, 2014-жыл.
Донецктеги обладминистрацияны басып алып, Орусиянын туусун сайгандар. 7-апрель, 2014-жыл.
АКШ Мамкатчысы Жон Керри да дүйшөмбү күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, Москванын “кырдаалды татаалданткан кадамдарына катуу тынчсызданганын” билдирди.

Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псакинин маалымдашынча, Лавров жагдайды жөндөө боюнча 10 күн арасында Кошмо Штаттар, Украина, Евробиримдик ортосундагы сүйлөшүүгө катышканга макулдук берген. Москва Украинадагы орусиячыл жикчилердин аракеттерине тиешеси жоктугун ачык жарыялашы керек экенин да айтылганын кошумчалады:

- Ал (Керри) Орусияны жикчилердин, саботажчылардын жана кутумчулардын аракеттерин ачык сындап, аларды абалды деэскалациялоого жана диалогго үндөөнү сурады; бардык тараптарды Украинада үгүт иштерин жүргүзүүдөн токтонууга чакырды.

Ушундай эле кайрылууну Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг да жасады.

Бүгүн НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен да атайын билдирүүсүндө
“Орусиянын Украинага каршы мыйзамсыз агрессиясы Европанын коопсуздугуна чоң түйшүк жаратарын” белгилеп, Москваны өз аскерлерин Украинанын чек арасынан алып кетип, абалды деэскалациялоого үндөдү.

- Эгер Орусия Украинага дагы терең басып кирсе, бул чоң тарыхый жаңылыштык болот. Бул биздин Орусия менен байланышыбызга чоң зыян келтирет жана Орусияны мындан аркы эл аралык изоляцияга алып барат,- деп эскертти Расмуссен.

Сергей Лавров Орусия Чыгыш Украинадагы кырдаалды бейстабилдештирүүдө деген Батыш өлкөлөрүнүн айыптоолорун четке какты. Ал бүгүн Москвада сүйлөп, Украина жетекчилиги менен АКШ, Евробиримдик, Орусия катышкан сүйлөшүүгө Чыгыш жана Түштүк Украинанын орус тилдүү элинин өкүлдөрү сөзсүз чакырылышы керек деди.
Сергей Лавров.
Сергей Лавров.
Лавров Украинадагы кырдаал өлкөдөгү орус тилдүүлөрдүн талабы аткарылса гана жакшырат деп, орус тилдүүлөрдүн укуктарына бекем кепилдик берчү конституциялык реформага чакырды. Реформанын натыйжасында, Москва буга дейре айтып жатканга караганда, Украина федеративтик түзүлүшкө өтүп, облустар саясий-экономикалык жана маданий маселелерди борборсуз эле чечкендей болушу керек.

Чыгыш Украинадагы жагдай бүгүн Жогорку Радада да талкууланууда. Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов парламенттеги сөзүндө орусиячылардын саясий акцияларын Орусиянын тийиштүү кызматтары уюштурууда деди:

- Биздин өлкөгө каршы мурдатан пландалган жана макулдашылган провокациялар башталды. Аны Орусия Федерациясынын чалгындоо кызматтары уюштурду.

Украинанын коопсуздук кызматынын, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин, Ички иштер министрлигинин башчылары жана вице-премьер-министри эки күндөн бери Луганск, Харьков, Донецк шаарларында жүрүшөт. Соңку расмий маалымат боюнча, украин ОМОНу Харьков облбийлигинин имаратын орусиячыл жикчилерден бошотту жана 70 адамды камакка алды.

XS
SM
MD
LG