Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Украинанын үч шаарында тополоң чыкты


Донецктеги облустук администрацияны басып алгандар. 6-апрель, 2014-жыл.
Донецктеги облустук администрацияны басып алгандар. 6-апрель, 2014-жыл.

Донецкте орусиячыл демонстранттар регионалдык өкмөттүн имаратын басып алышты. Эки миңдей демонстрант кирип келип аймактык администрацияга Орусиянын желегин орнотушту.

Аймактык администрациянын алдында пикетте турган Льюбов деген демонстрант Рейтерге "Мен элимди колдогону келдим, биз Киевдеги бандиттерге, фашизмге каршыбыз. Мен Орусия менен Бажы биримдигин колдойм. Киев бизди укпай жатат. Европа Биримдиги бизди укпайт. Донецкке келип, бизди уккандын ордуна алар Киевдегилердин гана сөзүн угушат",- деди.

Кийин «элдик администрация» түзөбүз деген 200дөй демонстрант имараттын ичинде бекинип алышты. Кабарларга караганда, полиция демонстранттарга каршы чара көргөн жок.

Ал арада Харьковдо жикчилдикке каршы демонстрация өттү. Украинанын маалымат каражаттары билдиргендей, демонстрациянын учурунда орусиячыл топтор менен кагылышуу болду. Полиция аларды ажыратып алууга аракеттенди.

Ал эми өлкөнүн чыгышында жайгашкан дагы бир Луганск шаарында демонстранттар бүгүн Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесине кирип келишти. Украинадагы көз карандысыз УНИАН кабар агенттиги билдиргендей, коопсуздук кызматтардын штаб-квартирасынын сыртындагы кагылышта бир аял демонстрант жана тартип коргоочу офицер жараат алды.

Украинада кечээ Луганскта "бийликти кулатмак" деген шек менен 15 киши камакка алынган эле.

Бул акциялар Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинанын чыгыш чек арасына көп санда жайгаштырылган маалга туура келүүдө.


Учурда Москва-Киев арасындагы шпиондук жана маалымат согушу экономикалык согуш менен коштолууда. Өкмөттүк “Газпром” украиндердин “Нафтагаз” компаниясынан көгүлтүр отун үчүн 2, 2 миллиард доллар карызды “тез” төлөөнү талап кылды. 1-апрелден тарта “Газпром” Украина үчүн газдын наркын 100 долларга көтөргөн, эми Киев 1 миң куб метр газ үчүн 485, 5 доллар төлөөсү шарт.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Москваны газды “саясий буроо” ордуна пайдаланууда деп сындады жана болочокто экономикалык кысым дагы күчөйт деди:

- Орусия газ майданында, анын ичинде Украинаны газ менен камсыздоодо мындан ары дагы кысым көрсөтөт деп күтүүдөбүз.

Орусиядан газ жана кара май алган дагы бир ири кардар – Европа Биримдиги учурдагы кырдаалдан улам 2009-жылкы газ кризиси кайталанбаса экен деп кабатыр. Беш жыл мурда көгүлтүр оттун баасынан келип чыккан талаштан улам Борбордук жана Чыгыш Европага берилчү газ көлөмү кескин азайтылган.

XS
SM
MD
LG