Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Украинанын чыгышында жикчилер күчтөнүүдө


Орусиячыл активисттер Донецк облустук коопсуздук кызматынын жанында орнотулган баррикадада. 7-апрель, 2014-жыл.
Орусиячыл активисттер Донецк облустук коопсуздук кызматынын жанында орнотулган баррикадада. 7-апрель, 2014-жыл.

Украинанын чыгышында абал курчууда. Орусиячыл активисттер Донецкиде обладминистрацияны басып алып, Донецк элдик республикасы түзүлгөнүн жана 11-майда Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүлөрүн жарыялашты.

Активисттер Орусия президенти Путинге кайрылып, облуска “убактылуу тынчтык күчтөрүн” жөнөтүүнү өтүнүштү. Чоочун адамдар Лугансктын борбордук көчөсүндө баррикада курганга байланыштуу шаарга кирүүчү бардык жолдор жабылганын Украин өкмөтү бүгүн эртең менен маалымдаган.

6-апрелде орусиячыл активисттер Донецкте жана Харьковдо обладминистрациянын имараттарын басып алып, Харьковдо облустук бийликтин кеңсеси бошотулганы бүгүн 7-апрелде расмий маалымдалган. Луганск облустук коопсуздук кызматынынын кеңсесин басып алган протестчилер курал-жарак сакталган кампаны талкалап, куралдарды алып кеткени да кабарланган.

Лугансктагы протестчилер облбийликти төңкөрүүнү пландаштырган деп шектелип камакка алынган 15 адамды бошотууну да талап кылышкан. Алар ошондой эле, имараттардын төбөсүнө Орусиянын туусун илип, Украинанын чыгыш аймактарынын төбөлсүздүгү жөнүндө референдум өткөрүүгө чакырышкан. Донецктеги Ася деген протестчи аял Рейтер агенттигине митингге чыгуу себебин мындайча түшүндүргөн:

- Мени эртең биздин өлкө менен эмне болору тынчсыздантат. Мен бөлүнүүгө каршы эмесмин. Бирок азыркы өкмөттү тааныбайм. Себеби, бардык жерлерде олигархтар алмашып, эскилердин ордуна жаңылары келди. Эл уктап жатабы же муну көрбөйбү, билбейм. Өлкөдө кандай башаламандык болуп жатканын жөн карап тура албайм. Ошон үчүн бул жерде турам.
Луганск: Коопсуздук кызматынын имаратын басып алышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:04 0:00


Украинанын премьер-министри Орусияны Харьков, Луганск жана Донецк шаарларындагы облустук бийликти басып алуулардын артында турат деп күнөөлөдү. Арсений Яценюк бүгүнкү өкмөттүк жыйында сүйлөп, чет элдик аскерлерди киргизип, Украинанын территориясын басып алуу операциясы башталганын айтты:

- Антиукраиначыл, антилуганскчыл жана антихарьковчул план боюнча операция башталганы ачык-айкын болду. Бул кырдаалды бейстабилдештирүүнүн, чет өлкөлүк аскерлердин чек араны басып кирип, өлкөнүн территориясын басып алуунун операциясы. Буга биз жол бербейбиз. Луганск, Донецк жана Харьковдун эли бирдиктүү өлкөдө жашоону каалайт деп ишенем.


Береги үч облуста 9,5 миллион эл жашайт. Харьков Украинадагы экинчи чоң шаар, Донецк болсо өнөр жай борбору.

Мындай кырдаалдан улам президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Литвага болчу сапарынан баш тартты. Украинанын Ички иштер министри Арсен Аваков Орусия президенти Путинди жана Украинанын бийликтен оодарылган президенти Януковичти жикчилерди акча төлөп, тополоң чыгарууда деп күнөөлөдү.

​Чехиянын президенти Вацлав Земан 6-мартта улуттук радиого берген интервьюда Москва Украинанын чыгышын да Крымдай басып алуунун айласын издеп жатканын айтып, ага жол бербөө үчүн НАТО Украинага аскер жөнөтүүгө даяр турушу керек деген сунушун билдирди:

- Андай болчу болсо, Евробиримдиктин санкциясын катуулатуу мүмкүндүгүн колдогондон башка да, НАТО, мисалы, Украинага өз күчтөрүн киргизүүгө аскерий жактан даяр болушу керек деп айтам.


Москва адегенде Крымга аскер киргизип, 16-мартта региондун москвачыл өкмөтү жарым аралды Орусияга кошуу боюнча референдум өткөрүп, Путин анын жыйынтыгын таянып, 2 млн. чукул калктуу автономиялык республиканы аннексиялап алган. Удаа эле Украинага чектеш аймакка 40 миңдей аскер жайгаштырган. Ошондон тарта Украинанын чыгышындагы үч облуста орусиячылар жекшемби сайын жикчил маандайдагы демонстрацияларды уюштурушууда.

Кремль акыркы кезде Украинада орустардын укуктары бузулууда деп, федералдык башкаруу системасын киргизүү жөнүндөгү идеяны алга түртүүдө. Федералдык түзүлүшкө өтүү, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 31-марттагы түшүндүрүшүнчө, ар бир облуска “экономикада, финансыда, маданиятта, тилде, билим берүүдө, тышкы экономикалык жана маданий байланышта каалаган өлкө же регион менен байланышканга” мүмкүндүк берет. “Кремлдин бул идеясы Украинаны бөлүүнүн жана региондорду бири-бирине кайроонун механизми,”- дейт Киев-Могилев улуттук университетинин профессору Алексей Гаран “Вашингтон Пост” гезитине чыккан макалада. Киевдеги Разумков атындагы коопсуздук борборунун эксперти Юрий Якименконун айтымында, федерализация идеясын Москва Украинаны көзөмөлдө кармоо жана Европага интеграциялануусуна жол бербөө үчүн ойлоп тапкан.

XS
SM
MD
LG