Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Путин: Керч жаңжалы, өзөктүк согуш


20-декабрдагы Владимир Путиндин басма сөз жыйыны.
20-декабрдагы Владимир Путиндин басма сөз жыйыны.

Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн айда болгон Керч кысыгындагы жаңжал үчүн Украинаны дагы бир жолу айыптап, АКШны куралданууну токтотуу боюнча эл аралык системаны бузуп жатат деп сындады. Бул тууралуу ал 20-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин Москва убактысы боюнча саат 10:00гө белгиленген басма сөз жыйынына 10 мүнөттөй кечигип келди. Ал буга чейин да жергиликтүү жана эл аралык жыйындарга кечигип, башкаларды күттүрүп койгон учурлары болгон.

Басма сөз жыйынынын башкы бөлүгүндө суроолорго жооп берип жатып, Путин Керч кысыгындагы жаңжалды украин бийлигинин чагымы катары баалады. Анын көз карашында украин президенти Петро Порошенко мындай кадамга баруу менен шайлоо алдында өз рейтингин көтөрүүгө аракет кылган.

Владимир Путин. 20-декабрь, 2018-жыл.
Владимир Путин. 20-декабрь, 2018-жыл.

- Чагым кырдаалды курчутууга багытталган, - деди Путин. - Бул биздин украин кызматташтарыбызга эмне үчүн керек болгондугун түшүнүп турабыз. Анткени ал жакта шайлоо. Кырдаалды курчутуу менен талапкерлердин биринин рейтингин көтөрүш керек да. Петр Алексеевичтин рейтинги бир аз өстү. Ал бешинчи орундан экинчи-үчүнчү орунга жылды. Ал өлкөнүн кызыкчылыгынын эсебинен өз максатына жетти. Бирок бул кадыр-баркты көтөрүүнүн жаман ыкмасы.

25-ноябрда Кара жана Азов деңиздери кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган.

Орусия-Украина темасы боюнча суроону Украинанын УНИАН агенттигинин журналисти Роман Цымбалюк да козгоду:

Роман Цымбалюк.
Роман Цымбалюк.

- Сиз оккупацияланган Донбасс үчүн канча акча коротуп жатасыз? Ал жакта сиздин жетекчилигиңизде жакырчылык болуп жатат. Ал эми эл болсо Орусияда кул болууда. Сиз өзөктүк согуштан коркосуз, бирок ошол эле учурда НАТО менен согушууга даярданып жатасыз. Чындап келгенде башкы кол башчы катары украин жарандарын атууга буйрукту сиз бересиз. Кол башчы катары украин моряктарын атууга сиз буйрук бердиңизби? Украин туткундарын Орусиянын аскерлерине алмашуу боюнча кандай шарттар бар? Сиз рейтинг боюнча сандарды айтуу менен Украинадагы шайлоого кийлигишип жатасыз. Орусия менен Украинанын президенттеринин ортосунда түз диалог сиз кызмат ордуңузду алмаштырганга чейин болбойт окшойт. Буга эмне дейсиз?

Владимир Путин Украинанын чыгышындагы кырдаалга “аймакта блокада орнотту” деп, тескерисинче Киевди күнөөлөп, ал эми Керч кысыгындагы жаңжалда кармалган украин деңиз аскерлеринин тагдыры боюнча буларга токтолду:

- Украин аскерлеринин келечеги боюнча айтсак, “алардын ичинен кимдир-бирөө өлөт” деп жиберишкен. Кудай жалгап, андай болгон жок. Иликтөө жүрүп жатат. Кылмышты иликтөөдөн кийин алар боюнча эмне кылыш керек экендиги белгилүү болот.

Орус президенти АКШны аскердик келишимдерден чыгып жатканы үчүн айыптап, дүйнөдө өзөктүк согуш чыгып кетүү коркунучун көз жаздымда калтырбаш керек экенин эскертти:

- Суроо олуттуу. Баалабастык тенденциясы күчөп жатканы өкүнүчтүү. Коркунучтар бар. Биринчи биздин байкап жатканыбыз – куралданууну токтотуу боюнча эл аралык системанын кыйраганы. Азыр АКШ дагы бир кадам шилтеп, Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыкканы жатат. Абал мындан ары дагы кандай өрчүй турганын элестетүү кыйын. А эгер ракеталар Европада пайда болсочу? Анда биз эмне кылабыз?Албетте, бизге өзүбүздүн коопсуздугубузду кандайдыр бир кадамдар менен камсыз кылуу зарыл. Кийин бизди “кандайдыр үстөмдүккө ээ болуп жатат” деп айтышпасын. Биз үстөмдүк кылууга арекеттенген жокпуз. Биз тең салмакты сактоону жана өз коопсуздугубузду коргоону ойлоп жатабыз.

20-декабрдагы басма сөз жыйыны - Владимир Путиндин быйыл жаңы мөөнөткө президент болуп шайлангандан берки биринчи ирет журналисттер менен ушундай форматта кездешүүсү. Ал эми 2000-жылдан бери эсептегенде бул анын он төртүнчү басма сөз жыйыны. Бул жолу ага жергиликтүү жана чет элдиктерди кошкондо 1702 журналист катышты. Аталган сан буга чейинкилерден эң көп.

Орус президенти басма сөз жыйынынын башында өлкөнүн экономикалык абалына токтолуп, көрсөткүчтөрдү да мисал келтирди:

- Каржы жагы бекемделип, алтындын запасы 7 пайыз көбөйдү. 2011-жылдан бери биринчи жолу бюджетте профицит болуп жатат, бул ички дүң өнүмдүн 2,1 пайыз өсүшү. Улуттук бакубатчылык фонду 22 пайызга өстү.

Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, премьер-министр Дмитрий Медеведев баштаган өкмөттүн ишине жалпысынан канааттанарын да билдирди.

Орус бийлигинин пенсия курагын көтөрүү демилгесине каршы нааразылык акциясы. 22-сентябрь, 2018-жыл.
Орус бийлигинин пенсия курагын көтөрүү демилгесине каршы нааразылык акциясы. 22-сентябрь, 2018-жыл.

Буга чейинки сурамжылоолор бийликтин пенсия курагын көтөрүү демилгеси Владимир Путиндин кадыр-баркын ылдыйлатканын көрсөткөн. "Левада-борбордун" ноябрдагы сурамжылоосу Орусиянын президенти Владимир Путиндин рейтинги акыркы беш жылда биринчи жолу 60 пайыздан төмөндөгөнүн көргөзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 56 пайызы гана 2024-жылы боло турган шайлоодо Путинге добуш бере турганын айтышкан. Бул бир жыл мурда суралгандардан 10 пайызга аз. "Левада-борбордун" маалыматына караганда, 2013-жылы да Путинди колдогондордун саны 60 пайыздан аз болгон.

Владимир Путин Орусияны президент жана премьер-министр катары 1999-жылдан бери башкарып келе жатат. Ал быйыл 7-майда жаңы алты жылдык мөөнөткө кызматка киришкен. Эл аралык байкоочулар добуш берүү мыйзам бузуу менен өткөнүн билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG