Линктер

шаршемби, 16-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:57

Орус экономикасы ойдогудай эмес


26-декабрда президент Владимир Путин өлкөдөгү алдыңкы ишкерлерди чогултуп, улуттук долбоорлорго акча салууга үндөдү.

Орусияда келе жаткан жылы салыктык өзгөртүүдөн улам кымбаттоолор күтүлүүдө. Ага удаа Батыш менен саясий тирештин кесепетинен орус экономикасынын өсүү темпи 2019-жылы быйылкыдан да жай болот деген божомол жарыяланды.

Салыктан башталган санаа

2019-жылдын 1-январынан тарта Орусияда кошумча нарк салыгы (НДС) 2% көтөрүлөт. Салыктын бул түрү 2004-жылы 18% чейин түшүрүлүп, ошондон бери жогорулай элек болчу.

НДСтин айынан күнүмдүк колдонуудагы маанилүү товарларга баа өсөрү күтүлүүдө. Бирок "күйүүчү май анчейин кымбаттабайт" деп “Роснефттин” башчысы Игорь Сечин ишендирип жатат.

Ошол эле кошумча нарк салыгына байланыштуу эмдиги жылдан тарта коммуналдык төлөмдөр – электр, жылуулук жана суу үчүн акы эки этап менен орточо 4% көтөрүлөрү расмий эскертилген. Экономиканын табиятына ылайык, салык менен төлөмдөрдүн жогорулашы элдин (анын ичинде Орусиядагы мигранттардын) кирешесине, анын арты сатып алуу жөндөмүнө терс таасирин тийгизет.

Орус Борбордук банкы пайыздык ставканы быйыл эки ирет көтөрүп, акыркысында 7,75% жеткирген. Бул коммерциялык банктарда насыялардын үстөгү жогорулайт дегенди түшүндүрөт.

Орусиянын бюджетинин өзөгүн түзгөн мунай баасы бир ылдыйлап, кайра көтөрүлүп, ушул күндөрү бир баррелли 60 доллардан жогору боло албай келет.

2018-жылдын 28-декабрына карата 1 доллар 68,8 рублга жетип барды. 2017-жылдын акыркы күндөрү 1 доллар 57,6 рублга бааланып турган. Адистер улуттук акчанын куну кетип жатканын - ички капиталдын, акчанын сыртка чыгарылып жатканынан, эл каражатын башка валютада сактоого умтулганынан, санкциялардын айынан чет элден валюта келбей, таңкыстык жаралганынан жана башка себептерден көрүшөт.

АКШ жана Евробиримдиктин экономикалык санкциялары дале күчүндө жана жаңысын киргизүү чакырыктары байма-бай эле айтылууда.

Пессимисттик прогноз

Негизинен мына ушул маселелерден улам Орусиянын экономикасы быйылкыдан да жай болуп, эмдиги жылы 1,4% гана өсөт деген божомол бар. Бул "Рейтер" агенттиги сурамжылаган 17 эл аралык аналитик жана экономисттин орток баасы.

Наталья Зубаревич
Наталья Зубаревич

Ушул эле божомолду орусиялык окумуштуу экономист Наталья Зубаревичтен да уктук:

- Макроэкономисттер макул болуп турган божомол​го ылайык, кирешелердин өсүүсү болбойт. НДСти эки пунктка көтөрүшкөнүнүн айынан инфляция 5-6% жетет. Ошон үчүн азыр түрдүү кредиттерди албагыла.

"Рейтердин" сурамжылоосуна катышкандардын бири "Ренессанс Капитал" инвестициялык компаниясынын башкы экономисти Олег Кузьмин. Ал “Кийинки жыл оор болот, негизги коркунуч санкцияларга байланыштуу” дейт.

Санкция экспорт-импортко, өзгөчө чет элдик арзан кредиттерге жолду жаап жатканын Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Владимир Рыжков да баса көрсөтүүдө:

Владимир Рыжков
Владимир Рыжков

- Санкциялар абдан катуу сокку уруп жатканын Кремль түшүнүп турат. Биринчиден санкция – аныксыздык. Бизнеске инвестиция келбей калат. Экинчиден, узак мөөнөттүү, арзан акчанын жолун кесип жатышат. Демек, насыя алып өнүгүүгө мүмкүн эмес. Үчүнчүдөн, жада калса кытайлар да бизге бир нерсе бергенден коркуп жатышат. Анткени, кытайлык банктар да глобалдык системага терең интеграцияланган. Аларды да кысып коюшу мүмкүн.

Ички каражат менен ирденүү далалаты

Ал тапта бийлик ички каражатка таянууну көздөөдө. 26-декабрда президент Владимир Путин өлкөдөгү алдыңкы ишкерлерди чогултуп, улуттук долбоорлорго акча салууга үндөдү. Ал келе жаткан жылы экономикада секирик жасап, Батыш санкцияларына такаат берсек деп жатат:

- Биздин экономиканын глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу ал кадамдарга жооп болушу керек. Өнөр жайдын өнүгүү темпин олуттуу ылдамдаталы. Өзүбүздүн илимий-технологиялык базаны бекемдөө зарыл. Өндүрүштүн кеңейүүсүнө, орус компаниялары өлкөнүн ичинде жана сыртында жаңы базарларды ээлөөсүнө жол ачалы.

Орусиянын президенти жана министрлер кабинети
Орусиянын президенти жана министрлер кабинети

​Улуттук долбоорлорго инвестиция салуу чакырыгы быйыл күздөн бери талкууда. Путинге жолугаардан эки күн мурда бизнес 15,3 трлн рублге бааланган улуттук долбоорлорго катышууга кызыкдарлыгын билдирген. Бирок кайра эле 3 триллионун ишкерлер салса, калган негизги бөлүгүн мамлекет мойнуна алса деп турушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (11)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG