Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Экс-министр Улюкаев сегиз жылга кесилди


Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев.
Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев.

Москванын Замоскворецский райондук соту 15-декабрда Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаевди паракорчулук боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга абакка кести. Өкүмгө ылайык, ал сот залынан камакка алынды.

15-декабрдагы соттун өкүмүн судья Лариса Семенова окуду. Ал Улюкаев кылмыштуу кадамга алдын ала түзүлгөн план боюнча барганын кошумчалады.

Соттун чечими менен Улюкаев ошондой эле өзү талап кылган паранын өлчөмүндө, тактап айтканда 130 миллион рубль айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Экс-министрдин адвокаттары соттун өкүмүнө каршы доо арыз менен жогорку инстанцияларга кайрылаарын маалымдашты. Прокурорлор Улюкаевди он жылга абакка кесип, 500 миллион рубль өлчөмүндө айыппул чегерүүнү сурашкан.

Кылмыш ичи козголгон бир жыл ичинде Улюкаев 14 килограммга арыктап, Антон Чеховдун дээрлик бардык аңгемелерин жана Франц Кафканын "Процесс" деген чыгармасын окуп чыккан. Мурдагы министр окуган китептери тууралуу журналисттер менен ар бир соттук жыйындын алдында баарлашып турду.

Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев былтыр 15-ноябрда "Роснефть" компаниясынын кеңсесинде кармалган. Ошондон бери ал үй камагында болду.

Айыптоочулардын версиясы боюнча, Алексей Улюкаев Гоадагы иш сапарынын учурунда "Башнефтти" менчиктештирүү боюнча келишимге өзүнүн оң баасын берерин айтып, ал үчүн ыраазылык иретинде "Роснефть" мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечинден эки миллион доллар талап кылган.

Мурдагы министр Алексей Улюкаев сотко келатканда.
Мурдагы министр Алексей Улюкаев сотко келатканда.

Прокурорлор белгилегендей, Сечин ага макул болуп, 2016-жылдын 16-ноябрында айтылган сумманы Улюкаевге берген. Мурдагы министр акчаны машинесине салары менен ФСБ тарабынан кармалган. Эртеси эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин аны "ишенимдин кеткенине байланыштуу" кызматтан алган.

61 жаштагы экс-министр башынан эле өзүнө коюлган айыптарды мойнуна алган эмес. Ал акча салынган чемоданды тапшырууну ФСБ кызматкерлери алдын ала атайылап уюштурганын, Сечин мурдатан пара берүүнү пландаганын, бирок көздөгөнү ишке ашпай калганда, телефон чалып аны өз кеңсесине чакырганын кошумчалаган.

Бул иш боюнча соттук жыйындар быйыл августта башталды. Төрт жарым ай ичинде айыптоочулар ондогон күбөлөрдү, анын ичинде ФСБнын мурдагы генералы, "Роснефтинин" коопсуздук кызматынын башчысы Олег Феоктистовду да сурашты. Ошондой эле сотто Улюкаев менен Сечиндин ортосунда болгон телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиотасмалары да жарыяланды.

Бул иш боюнча башкы күбө катары саналган Игорь Сечин үч жолу чакырылганына карабастан, бир да сот процессине катышкан жок. Үчүнчү ирет анын адвокаттары сотко кат жолдошуп, Сечиндин иш жадыбалы жыл аягына чейин тыгыз түзүлгөндүктөн ал сотко келе албастыгын билдиришкен.

Ал эми Путин 14-декабрда өткөн жылдык маалымат жыйынында "Игорь Сечин соттук жыйындарга барса туура болмок" деген пикирин билдирип, ошентсе да ал эч кандай мыйзам бузбаганын айтты:

- Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Тергөөдөн маалым болгондой, материалдар жетиштүү топтолгон, анын ичинде Сечиндин да көрсөтмөлөрү. Бирок Сечин сотко барып койсо болмок, бул жерде эч нерсе жок. Тергөө маалында берген көрсөтмөлөрүн дагы бир ирет кайталап койсо болмок.

"Роснефть" мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечин.
"Роснефть" мамлекеттик мунай компаниясынын башчысы Игорь Сечин.

Игорь Сечин президент Путиндин жакын санаалаштарынын бири болуп саналат жана Орусиядагы эң таасирлүү адамдардын тизмесине кирет.

Улюкаев 2000-2004-жылдары каржы министринин (Кудриндин), 2004-2013-жылдары Борбордук банктын төрагасынын биринчи орун басары, 2013-жылдан тартып камалганга чейин экономика министри болуп эмгектенген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG