Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Азык-түлүккө санкция жарыялоонун азабы


Барнаулдагы советтик үлгүдөгү дүкөн.
Барнаулдагы советтик үлгүдөгү дүкөн.

Орусия төрт айлампа менен киргизилген санкцияларга жооп катары Батыш өлкөлөрүнөн азык-түлүк импорттоого тыюу салды. Мындай чечим москвалыктардын баарына эле жага берген жок.

Орусиялыктардын айрымдары мындай чечимди мекенчилдик сезимден улам туура дешсе, башкалары бир жыл европалык азык-түлүксүз жашоосун элестетип алып капа болушууда.

Орусия жыл сайын кеминде 30 миллиард долларга сырттан азык-түлүк импорттойт. Алардын көбү Батыш өлкөлөрүнөн ташылат.

Өткөн жуманын бейшемби күнү Кремл Орусияга каршы киргизген Батыштын санкциясына жооп катары тыюу салынган тамак-аштын узун тизмесин жарыялады.

АКШ, Европа биримдиги, Австралия, Канада жана Норвегиядан импорттолчу тамак-аштын көпчүлүк түрүнө эмбарго киргизилди. Уйдун, чочконун, канаттуулардын эти, балык, сыр, сүт жана сүт азыктары, мөмө-чөмө менен жашылча-жемиштерди сатып алууга тыюу салуу Москванын Батышка берген жообу болду.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул чектөөлөр өз жарандарына көп залака тийгизбейт деп ишендирди. Президенттин айтканына карабай, мындай саясий чечим чет элдик тамак-ашка көнгөн орусиялыктардын нааразылыгын жаратты.

Маселен, бейшемби күнү Москвадагы эл көп барган "Даамдар алиппеси” деп аталган супермаркетте кардарлардын пикири эки ача болду.

77 жаштагы ардагер Светлана «алар бизге санкция киргизди. Биз карап тура беришибиз керекпи?», - деп, президент Путиндин чечимин мактоого арзырлык кадам катары санайт.

23 жаштагы Александра Акимова жарнама боюнча агент. Ал:

«Бул чечим биздин ата мекендик өндүрүшкө жакшы таасирин тийгизет деп ойлойм. Алар бизди жазалап жаткандан кийин жооп кылганыбыз туура эле го», - дегени менен өз кардарына белек кылуу үчүн чет элдик ичимдик алганы дүкөнгө келген.

22 жаштагы Илья буга чейин дүкөндөгү азык-түлүктүн кайсы өлкөлөрдөн алынып келинерине көңүл бурчу деле эмес экен.

«Бул айрымдар үчүн жакшы эмес деп ойлойм. Мындай көрүнүш азыркы заманда кантип болсун? Бул Советтер Союзунун көлөкөсүнө окшошуп кетип атат»,- деген Илья жакшы көргөн тамак-ашын жакында дүкөндөн таппай каламбы деп сарсанаа.

Тамак-ашка толгон оор баштыктарын көтөрүнүп дүкөндөн чыгып бараткан Майя эми италиялык тамак-ашты кайдан алам деп чочулап турганын айтат:

- Мен италиянын чий кесмесин, француздардын шарабы менен сырларын жакшы көрүп сатып алам. Аларды чектеп салса кайдан табам?

6-августта Кошмо Штаттар Кремлдин тамак-ашты импорттоого тыюу салуусу Орусиянын эл аралык коомчулуктан обочолонуусун дагы тереңдетет деп эскертти.

Буга чейин Батыш Москванын Украинадагы саясатына байланыштуу Орусияга каршы бир катар санкцияларды киргизген болчу.

Ал ортодо Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Батыш авиакомпанияларынын Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу учуусуна тыюу салуу жагы да каралып жатканын эскертти. Европадан Азияга учкан авиакаттамдардын көбү «Транссибирь» аба жолу аркылуу өтөт. Эгер Кремл европалык учактарды өз аба мейкиндигине киргизбесе, авиабилеттердин баасы кымбаттап, учуу убактысы кыйла узарат.

XS
SM
MD
LG