Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 08:18

Мигранттын ден соолугу, дарыгердин бизнеси


Москвадагы кыргыз клиникаларынын бири.

Москвада мигранттардын саламаттыгын караган клиникалар бар. Бирок алардын баары эле мыйзамдуу иштейт деп айтууга болбойт.

Айсулуу Шералиева Москвадагы кыргыздар ачкан клиникага биринчи жолу февралдын башында кайрылган. Ал оң кулагынын жаргакчасында катып калган кулкуну суу менен тазалаган догдур тарсылдагын жарып салганына арызданууда.

- Буга чейин кыргыз клиникасында тишимди дарылатып, анын азабын тарткам. Бул жолу да чочулап, алдын ала телефон чалып келгем. Догдур «баары жакшы, бир гана кулку катып калыптыр» деп тазалаган. Башында медайым тазалап жатса, башкы врач «андай эмес, мындай кылыш керек» деп өзү алган. Кулагым чыдатпай ооруганына, процедура жакпай жатканына даттансам, «ушундай болот» дешти. Эртеси суу агып калыптыр.

​Айсулуу андан кийин клиникага бир нече жолу келген. Ал улам бир догдур кабыл алып, кайдыгер мамиле жасашканына нааразы.

- Башкы догдур «бир жума дарылан, акчасын ойлонбо» деп сооротту. Ошол күнү мага капельница коюшту. Кийин билсем, глюкоза эле экен. Ошондо да кеткенге шашып, жазып берген дарыларды толук бербей, көчөгө чыгарып коюшту. Үйгө барганда өзүмдү начар сезип, кулап калдым. Дагы келсем, башка догдур отуруптур. «Кулагыңды тешип салган турбайбы» деп ал такыр башка дарыны жазып берди. Ага да айыккан жок. Аргам кеткенде москвалык клиникага кайрылдым. Ошондо кулакты тазалоо үчүн башка аппараттар колдонуларын билдим. Мени кабыл алган догдур терапевт-хирург экен, эмнеге лормун деп айтканына түшүнбөйм. Ал башка кыз-келиндерди гинеколог катары кабыл алып, кеңеш берип жатканын өз көзүм менен көрдүм.

Башкы дарыгер Таалай Мамбеталиев бейтап менен.
Башкы дарыгер Таалай Мамбеталиев бейтап менен.

Москванын «Улица 1905» метростанциясында жайгашкан «Флористмед» клиникасында Айсулууну башкы догдур, клиниканын ээси Таалай Мамбеталиев кабыл алган.

Кесиби боюнча хирург дарыгер келинден атайын экспертизадан өтүп, кулагынын тарсылдагы жарылганын тастыктоосун талап кылууда.

- Менин эч кандай күнөөм жок. Атайын медициналык экспертизадан өтүп, катачылыгымдын айынан тарсылдагы жарылганын далилдеп бергиле. Росздравнадзор деген мекемеге арыз жазсаңар болот же дагы билген жериңерге баргыла. Бардык оорудан кийин сезгенүү болот.

«Флорист мед» клиникасы.
«Флорист мед» клиникасы.

Москвада кыргыздардын бери дегенде отуздай медициналык чакан борбору бар. Жердеш.ру, бирге.ру деген сайттарда медборборлордон тышкары ондогон жеке дарыгерлердин жарнамаларын көрүүгө болот.

Мындай жайлар Москвада иштеген мигранттарга ылайыкталган. Алардын айрымдары жергиликтүү органдардан иштөөгө уруксат кагазын албай, кызматкерлердин билимин тастыктаган документтери же эл дарылаганга шарты жок эле мыйзамсыз иштеп жатканын көрүүгө болот.

Былтыр августта мындай клиникалардын биринде 41 жаштагы кыргызстандык аял жатынга жасалган операциядан кийин эсине келбей каза тапкан.

Ушундан кийин Москвадагы сот«Асклепий мед» клиникасынын ээси Сагындык Кудайбердиевди 22-февралда 1,5 жылга абакка кести.

Тергөө ал клиникада «догдурлардын тийиштүү квалификациясы, адамдарды дарылоого шарттары болгон эмес» жана «жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен, уруксат берилбеген дарылар колдонулган» деп аныктаган.

Кыргыз клиникаларда чоң мөөнөткө карабай бойдон алган операциялар жасалары мурдатан айтылып келет. Анткен менен жабыр тарткан мигранттардын үнү угулбай, жердештер арасында маселе жең ичинен чечилип калат.

15 жылдык тажрыйбасы бар акушер-гинеколог Жамиля Москвада кыргыздардын клиникасында иштеп жүрүп, көргөн-билгенин айтып берди.

- Кыргызча кылып жатпайбызбы баарын. Клиникалардын көбүнүн лицензиясы, догдурлардын сертификаттары жок. Мисалы, адамдарды УЗИге тартууну да окуш керек. Биздикилер эч коркпой эле аппаратты коюп алып, анализдин жыйынтыгын жазып жатышат. Жакында эле мага кош бойлуу келин келди. Авиамоторная метросундагы бир клиникада УЗИге түшүптүр. Ал жакта бырышкан кагазга эле кош бойлуулуктун мөөнөтүн жазып берип коюшуптур. Андай анализдин өзүнчө формасы болот, ичтеги баланын абалы толук жазылышы керек. Келин кечинде ичи ооруп Тез жардам чакырса, алар аны урушуп, анализдерин кабыл албай коюшуптур. Бул бир эле мисал.

​Москвада кыргызстандыктар мигранттарга ылайыктап ачкан клиникаларда кызмат акысы арзан. Мисалы, кыргыз клиникасында догдурдун биринчи кабыл алганы 500 рублдин тегерегинде болсо, москвалык клиникаларда бул кызмат эки-үч эсе кымбат. Анткен менен дарылоонун сапатына эмес, кардарлардын санына басымдуулук кылган мындай борборлор айына орточо эсеп менен 1,5 -3 миңдей бейтапты кабыл алат.

Жамилянын айтымында, кардарлардын көптүгүнөн Москвадагы моралдык–этикалык принциптерди унутуп, мигранттардын ден соолугунан бизнес кылып жаткан дарыгерлер да жок эмес.

- Бул бизнес эле болуп калды. Москвада бир үйүлөнүн үч-төрт клиникасы бар. Аялына, баласына, атасына жаздырган дегендей. Мейли, элге жардам берип жатышат дейли. Бирок баарын таза, так, мыйзамдуу кылуу керек да. Мындай клиникалардын ээлери догдурлардын эсебинен да акча жасап жатышат. Кыргызстандан иш издеп келген медиктерге айлык төлөбөй эле процентке отургузуп коюшат. Анан, албетте, алар көбүрөөк бейтапты кабыл алууга кызыкдар. Бизнес ушундан башталып жатпайбы.

Мындан тышкары кыргыз клиникаларында адатта ашкана, билим берүүчү жай жана башка кээ тармактарда иштеген мигранттардан талап кылынган медициналык китепчелерди акчага жасап бергендер бар.

Эч кандай анализ тапшырбастан эле орточо 3 миң рублга эки-үч күндө китепчени колго алса болот. Мындай кызмат мигранттардын сайттары менен социалдык тармактарындагы топтордо ачык эле жарыяланат.

Орусияда чет элдик жаран кургак учук, ВИЧ, сифилис сыяктуу жугуштуу ооруларды алып жүргөнү аныкталса, ал депортация болуп, өлкөгө кайра кирүү укугунан ажырайт.

2017-жылы ушундай негизде 17,5 миңдей КМШ мигранттары «кара тизмеге» кирип, Орусиядан биротоло чыгарылган. Мындан качып, анализдерди ооруканага тапшырбай, жеке ортомчулар аркылуу медкитепче жасатып алып жүргөндөр да жок эмес.

Кубанычбек Алибеков
Кубанычбек Алибеков

Ал эми Москвадагы «Ваш доктор А» клиникасынын ээси, өзү хирург Кубанычбек Алибеков кыргызстандык мигранттарга кызмат көрсөткөн медборборлордун баарын бир тараптуу жамандоого болбостугун белгиледи. Ошол эле маалда медициналык жардамга кайрылгандарга алгач клиниканын лицензиясын, догдурдун сертификатын сөзсүз сурап, текшерип алууга кеңеш берди:

- Дарылоодон кийин бейтаптын оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Андай көрүнүш бардык ооруканаларда кездешет. Бир гана нерсе, клиникага барган адам лицензияга, догдурлардын сертификаттарына көңүл бурушу керек. Клиниканын лицензиясы дубалда ачык жерде эле илинип турушу абзел. Каалаган адам Москванын Саламаттык сактоо департаментинин сайтына кирип, номуру боюнча аны текшере алат. Менин билишимче, Москвадагы кыргыз клиникаларынын ону гана расмий документтер менен иштейт. Атайын текшерүүлөрдөн өтүп, лицензия албай эле башка бирөөнүн документтерин колдонуп жүргөндөр да бар. Догдурлардын сертификаты болушу керек. Кыргызстандан бүтүп келген медкызматкер болсо, бул жакта тийиштүү процедуралардан өтүп, дипломун тастыктап, иштөөгө кошумча сертификат алышы зарыл. Мындай талаптарды билсе деле билмексен болуп иштеп жүргөндөр бар. Негизи расмий иштеген мекеме эле бардык талаптарды аткарып, бейтаптарды дарылоо сапатын жакшыртууга аракет кылат.

​Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине быйыл төртүнчү жыл толду. Бул биримдиктин алкагында Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга медициналык камсыздандыруу каралган. Ал боюнча Орусияда жумушка расмий кабыл алынып, тийиштүү салыктарды төлөп, миграциялык документтери жайында болгон келгиндер федералдык ооруканаларда бир катар жеңилдиктер менен дарылана алат.

Аниса Джеенбекова
Аниса Джеенбекова

«Кыргыз биримдиги» коомдук уюмунун өкүлү Аниса Жээнбекова мигранттар бул мүмкүнчүлүктү колдоно албай, кайрадан эле жеке клиникаларга кайрылып жатканын төмөнкүчө түшүндүрдү:​

- Биринчиден, мекендештер жумуш берүүчү менен келишим түзүп, расмий иштеши керек. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бир гана расмий иштеп, тиешелүү салыктарды төлөгөн жарандарга берилет. Ишке орношкондон кийин мындай полисти алууга документ тапшыруу зарыл. Органдар тарабынан баары текшерилгенде гана полис берилет. Тилекке каршы, минтип эмгек келишимдин негизинде, бардык салыктарды төлөп, расмий иштегендер аз. Экинчиден, бул полисти алуу боюнча элге маалымат жетпей жатат. Төрт жылдан бери полисти кыргыз жарандары кантип аларын, кандай медициналык жардам көрсөтүлөрүн билбей иштеп жүргөн жарандарыбыз бар. Бул жагынан түшүндүрүү иштери толук жүргүзүлбөдү.

Жээнбекованын белгилешинче, чет жердеги мигранттардын саламаттыгын коргоо үчүн жергиликтүү ооруканаларда жеңилдиктер менен дарылануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы медициналык камсыздандыруу боюнча толук кандуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Орусияда расмий 650 миңден ашуун кыргызстандык иштери маалымдалып келет. Былтыр 350 миңдей жаран орусиялык органдарга өздөрүнүн расмий иштегендигин далилдеген эмгек келишимдин көчүрмөсүн жөнөтүп, миграциялык каттоого турган. Бирок кыргызстандык мигранттардын канча пайызы Орусияда медициналык камсыздандырууга ээ экенин айтууга мүмкүн эмес.

"Азаттыктын" архиви: Мигранттар ден соолукту да унутпаса.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG