Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Москва орус тилдүүлөрдү бооруна тартат


Москва/
Москва/

Орусия 2019-жылдан тарта миграциялык саясатын жаңылайт. Анын арты менен оболу орус улутундагыларды же кандаштарын өзүнө тартууну көздөп жатышат. Бул үчүн жарандык берүү жеңилдетилери убада кылынды. Ал эми башка элдин өкүлдөрүнө, мигранттарга мамиле кандай болот?

Москвада ушу тушта “Мекендештер конгресси” өтүп жатат. Ага 100гө чамалуу өлкөдөн өзүн орус элине кандаш, Орусияны түпкү мекени эсептеген өкүлдөр катышууда.

Конгресстин ачылышында президент Владимир Путин 2025-жылга чейинки миграциялык саясатын жаңылаганын жарыялады.

Бул документ ириде орус улутундагыларга өлкөгө кирүү, жарандык алуу сыяктуу процесстерди жеңилдетүүнү, бюрократияны жоюу же азайтууну көздөйт:

- Ал чет өлкөдөгү журтташтарыбыздын Орусияда туруктуу жашаганга көчүп келүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.Ошондой эле кирүү жана жашоо, иштөө, орус жарандыгын алуу боюнча так эрежелерди түзүүгө багытталган, - деди Путин.

Орусиянын миграциялык саясатын түздөгөн документ 2012-жылы жазылган, 2025-жылга чейин иштеши керек болчу.

Бирок чукул жаңыртууга “геосаясий реалдуулуктун өзгөрүүсү” себеп болгонун “Коммерсантъ” гезитине бийликтеги булактары билдирген.

Украина-Словакия чек арасындагы символикалуу эшикти ачуу аземи. Украиндер Европага ык тарткандан тарта Орусия менен мамилеси бузулган.
Украина-Словакия чек арасындагы символикалуу эшикти ачуу аземи. Украиндер Европага ык тарткандан тарта Орусия менен мамилеси бузулган.

Акыркы жылдары Москванын Украина, андан ары Батыш менен мамилеси начарлаганы белгилүү. "Кесепети болуп жатат" деп өз жүйөсүн айтты Путин:

- Жашырганда эмне, Украинада, Балтика өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде тарых кайрадан жазылып жатат. Эстеликтерге, орус тилине каршы күрөш жүрүп жатат. Адамдарды коркутуп, террор кылышууда. Биз силердин укугуңарды жана кызыкчылыгыңарды чечкиндүү коргойбуз. Бул үчүн бардык эки тараптуу жана эл аралык механизмдерди колдонобуз.

Расмий маалыматка ылайык, 2012-2017-жылдары миллиондон ашуун киши орус жарандыгын алган. Алардын 525 миңи ыктыярдуу көчүп барган мекендештери.

“Коммерсантка” маек берген аткаминерлер миграциялык жаңы саясат “миллиондогон адамды” тартууга шарт түзөт дешет. Мунун натыйжасында орус бийлиги демографиялык маселени чечүүнү, тактап айтканда калктын санын көбөйтүүнү да көздөйт.

Славян эместерге, кыргызстандыктарга мамиле кандай болот?

Орус улутундагылардан кийин башка славян тектүүлөргө артыкчылык берилет. Андан соң орус тилин жакшы билген, өлкөнүн экономика, илим, маданият сыяктуу тармактарына салым кошууга жөндөмдүү башка улут өкүлдөрүнө жол ачылат делет.

Курулуш материалдарын түшүрүп жаткан мигранттар.
Курулуш материалдарын түшүрүп жаткан мигранттар.

Өзүнүн же балдарынын келечегин Орусия менен байланыштырбаган, орус коомуна толук аралашууга кызыкдар болбогон, бирок Орусияны өз кызыкчылыктары үчүн ыңгайлуу санаган чет өлкөлүктөр үчүн "ачыктыкты сактоо маанилүү" деп турат.

Бул жерде кеп эмгек мигранттары, анын ичинде кыргызстандыктар тууралуу экенин түшүнүүгө болот.

Ошол эле маалда алар үчүн мамиле да өзгөрө турганы күтүлүп жатат. Документте миграция мыйзамын бузгандарды, бул тармактагы коррупцияны аныктоо иштери жасалып келгени, мындан ары андай чаралар күчөтүлөрү белгиленет.

"Этникалык анклавдардын түзүлүшүнө бөгөт болчу чаралар" деген түшүнүк бар. Маселен, Москвада тийиштүү улуттун өкүлдөрү үчүн ачылган, бир аймакта жайгашкан клиника, базар, кафе-ресторандар бар экени жашыруун эмес. Орус маалымат каражаттары кыргыздарда да ушундай түйүндөр пайда болгонун жазып келет. Кеп ушул сыяктуу бөлүнүүгө бөгөт коюу жөнүндө жүрүп жатат.

Ошондой эле мыйзамсыз миграцияга каршы, анын ичинде жасалма же башка бирөөнүн документи менен өлкөгө кирип жаткандарды аныктоону жакшыртуу керектиги белгиленет.

Концепцияда Орусияга кирүү укугу чектелгендердин ("кара тизмедегилер") кайра кирип алышына жол бербөө үчүн инфраструктураны, санариптик технологияны өнүктүрүү, жайылтуу жагы да ишке ашырылары жазылган.

Ошол эле маалда Путиндин жарлыгы сынга да кабылды. "Демократиялык тандоо" партиясынын лидерлеринин бири, саясатчы Игорь Драндин конкретүүлүк жок экенин көрсөтүүдө:

Игорь Драндин
Игорь Драндин

- Ал жерде жалпы сөздөр. Негизинен туура эле - жакшыртыш керек, оптималдаштыралы, жаңы технологияларды киргизели жана башка деп турат. Бирок концепция эмне жөнүндө экени түшүнүксүз. Мамлекеттик Дума жакын арада кандай мыйзамдарды кабыл алары белгисиз. Туура эмес кетип калбайбызбы деп корком.

Ал эми концепцияда миграциялык саясат кантип ишке ашырылат, ал үчүн кандай мыйзамдар, эрежелер, инфраструктура керек, муну тактап, план түзүү жагы өкмөткө тапшырылыптыр. Бул үчүн үч ай убакыт берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG