Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:55

Кара деңизде учактын кара кутусу табылды


Кара деңизде кыйраган ТУ-154 учагы. 2015-жылы, 15-январда тартылган сүрөт.

Орусияда Кара деңизге кулаган учактын кара кутусу табылды. Эми андагы маалыматтар 90дон ашуун кишинин өмүрүн алган кырсыктын себептерин аныктоого жардам бериши керек. Бул аралыкта Орусиянын өзүндө айрым саясатчылар жана эксперттер Сирия согушуна кыйыр байланышы бар авиакырсык боюнча тыянак чыгарууда бийлик үчүн пайдалуу гана версия тандаларына көңүл бурушууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, кыйраган ТУ-154 учагындагы үч кара кутунун негизгиси деңиз жээгинен 1600 метр аралыктан табылды жана дурус абалда.

Бул негизги кара куту ушу тапта Орусиянын аскер-аба күчтөрүнүн Борбордук илимий-изилдөө институтуна жеткирилди жана андагы маалыматтар ушул мекеменин адистери тарабынан иликтениши керек.

"Интерфакс” агенттигинин кабарына караганда, Кара деңизде издөө иштерин жүргүзүп жаткан топ учактын калган эки кутусу жаткан жерди да аныкташты. Алдыда эми аларды алып чыгуу милдети турат.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматы - ФСБ көбүнесе аскер адамдарын салган учак теракттын натыйжасында кыйрашы мүмкүн деген версияны дароо эле четке кагып, азырынча мунун эч кандай белгилери жоктугун билдирген.

Суу алдындагы издөө иштери үчүн батискафтар колдонулууда. Сочи, 26-декабрь, 2016-жыл.
Суу алдындагы издөө иштери үчүн батискафтар колдонулууда. Сочи, 26-декабрь, 2016-жыл.

Андыктан, орус бийликтери азыр кырсыктын эң ыктымал себептери катары сапатсыз күйүүчү майдан же башка себептен улам учактын кыймылдаткычынын иштебей калышы, техникалык мүчүлүштүктөрдү, ошондой эле адам факторун же учкучтардын катачылыгын карашууда.

Ал эми Кремлге көз каранды эмес саясатчылар жана эксперттик чөйрөдө бийлик үчүн кайсыл себептин ылайыктуулугу жана ылайык эместиги тууралуу да сөз болуп жатат.

Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, оппозициячыл саясатчы Геннадий Гудков “Азаттык” радиосу менен маегинде Сирия согушуна кыйыр байланышы бар бул кырсыкты иликтөөдө чындык эмес, бийликке пайдалуу гана версия тандаларына көңүл бурду:

- Албетте, бул - трагедия. Биз баарыбыз аза күтөбүз. Анткени, курман болгон адамдарын ар биринин өз тагдыры, өлкө алдындагы жетишкендиктери, үй-бүлөлөрү бар да. Менимче, теракт версиясы бийлик үчүн пайдалуу эмес. Дегеле, биз чындыкты такыр эле билбей калышыбыз толук мүмкүн. Кезинде жабык коом, жабык өлкө саналган СССРде да атүгүл өзгөчө абалдарды, чоң кырсыктардын баарын мамлекеттик комиссия иликтечү. Орусияда болсо азыр мындай окуялардын баарын өкмөттүк комиссия гана иликтейт. Ал эми мамлекеттик менен өкмөттүк комиссиялардын ортосунда чоң айырма бар. Министрликтер менен мекемелердин өкмөттүк комиссиядагы мүчөлөрү өз кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти минималдаштырууга кызыкдар жана Путин же Кремлдин дейбизби саясий эркин гана аткарышат. Азыр иликтөөгө, тергөөгө катышып жаткандардан маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө тил кат алынат. Орусияда көз карандысыз экспертиза институту жок. Андыктан, биз биле тургандар бийлик жарыялагысы келген гана тыянак болот.

Кара деңизге 25-декабрдын таңында кулаган учак Орусиянын Сирия согушу менен түз же кыйыр байланышта жоготкон кеминде бешинчи, анын ичинде эл салган экинчи учагы.

2015-жылы 31-октябрда Египеттин Синай жарым аралы үстүнөн орусиялык 224 туристти салган А-321 учагы кыйраганда Москва бул теракт болгонун расмий эки аптадан ашуун убакыттан кийин гана моюнга алган. Ага чейин жүргүнчү учактарын Египетке жөнөтүүгө убактылуу тыюу салган эле.

Москвадагы аза күтүү. 26-декабрь, 2016-жыл.
Москвадагы аза күтүү. 26-декабрь, 2016-жыл.

Орусиялык авиация эксперттери Кара деңизге кулаган учак жерге эч маалымат берүүгө үлгүрбөгөнүн анын бортундагы адаттан тыш кырдаалдын белгиси катары карашууда.

Орусиянын эмгек сиңирген учкучу Вадим Базыкин “Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде мындай дейт:

- Азырынча жооптон суроо көп болуп турат. Эмне үчүн учактын дөңгөлөгү ыргып кеткен? Демек учкучтар дөңгөлөктү коё беришип, кайра конууга даярданышкан, туура эмес бир нерсе болуп жатканын билишкенби? Ал эми кыйраган учак өз милдеттерин аткарууга жарактуу эле болчу. Күнүнө 15-17 сааттан учкан эмес, бир аптада үч ирет гана пайдаланылчу. 33 жыл мурда жасалганына карабастан жалпы учуу сааты жети миң эле саатты түзгөн. Бул жагынан жаңы эле. Болгону үчүнчү муундагы учак, төртүнчү муундагы учактардан айырмасы аларды учкучтар башкарат, жаңы муундагыларды болсо компьютер башкарууда, анын да 80% жерден жүргүзүлөт. Андыктан, үчүнчү муундагы учактардан адам факторун да жокко чыгарууга болбойт. Балким бул бир нече катанын жыйындысы болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да адам фактору тууралуу сөз кылуунун мааниси бар.

"Интерфакс” агенттиги жазганына караганда, Кара деңиздеги кырсыктан кийин Орусиянын күч түзүмдөрүндө колдонулган ТУ-154 учактарынын баарынын учуулары токтотулду.

Жүргүнчүлөрдөн сөөктөрү жана учактын сыныктары деңизде он чарчы чакырым аймактан изделип жатат. Сочи, 25-декабрь, 2016-жыл.
Жүргүнчүлөрдөн сөөктөрү жана учактын сыныктары деңизде он чарчы чакырым аймактан изделип жатат. Сочи, 25-декабрь, 2016-жыл.

25-декабрдын таңындагы кырсыктан Сирияга багыт алган учактын бортундагы 92 адамдын баарынын өмүрү кыйылган. Алардын 64ү - Орусия Коргоо министрлигинин Александров ансамблинин мүчөлөрү.

27-декабрга карата 12 адамдын сөөгү жана учактын 150дөй бөлүгү гана табылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG