Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Медведев журналисттер күткөн билдирүү жасаган жок


Россия президенти Дмиртрий Медведев пресс-конференция өткөрүүдө, Москва, 18-май 2011-жыл
Россия президенти Дмиртрий Медведев пресс-конференция өткөрүүдө, Москва, 18-май 2011-жыл

Орус президенти 18-майда журналисттер менен жолугушту. Бирок анда эмки жылкы президенттик шайлоого катышаар-катышпасын ачык айткан жок.


Буга чейин президент Дмитрий Медведев федералдык ири каналдардын жетекчилеринин суроолоруна жооп берип эле чектелчү. Бүгүнкү маалымат жыйыны 2 жарым сааттан ашык убакытка созулду.

Мурда мындай чоң пресс-конференцияларды Владимир Путин президент болуп турган кезинде да, премьерликке келгенден кийин да өткөрүп, узунудугу жагынан улам бир рекорд коюп келген.

Медведев маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Кремлди эмес, Москванын четиндеги Сколково башкаруу мектебин тандап алды. Президент орус экономикасын өнүктүрүү максатында Сколковону жогорку технологиялардын борборуна айландыруу демилгесин көтөрүп, аны Медведевдин президенттик 4 жылдыгынын негизги долбоору деп атап жүрүшөт.

Пресс-конференцияга россиялык жана чет өлкөлүк 817 журналист аккредитация алган. Аларды Сириядагы абал, Россия менен НАТОнун кызматташтыгынан баштап Москвадагы жол маселеси, ветерандардын көйгөлөрү кызыктырды.

Бирок албетте, көптөрү Медведев дагы бир президенттик мөөнөт үчүн ат салышабы деген суроого жооп күтүшкөн. Президент өзү да шайлоо темасы үстөмдүк кылаарын күткөнүн жашырган жок:

- Акыр аягында бул суроону бердиңер. Пресс-конференциянын материалдары менен таанышып чыккамын. Бардыгыңар кызыктуу бир билдирүүлөрдү агылгалап турасыңар. Саясий турмуш – бул деген шоу эле эмес, бул таптакыр шоу эмес. Саясат – бул улам бир максатка жетүүнү, элдин кызыкчылыгын, алардын жашоо деңгээлин көтөрүүнү көздөгөн татаал иш. Биз саясат менен жеке пайда табуу үчүн эмес, ийгиликке алып келүү үчүн алектенебиз. Андай манилүү чечимдер башкача жагдайда кабыл алынууга жана жарыяланууга тийиш. Ар бир саясатчы андай билдирүүлөрдү өзү ыңгайлуу деп эсептеген учурда жасашы керек.

Медведев бул суроонун башы жакын арада ачылаарын да айта кетти.

Президент өкмөт башчы Путиндин көлөкөсүнөн чыгып, Кремлдеги экинчи мөөнөт үчүн күрөшүүгө белсенип жатат деген кептер соңку мезгилде көп айтыла баштады. Маселен, жакында ал премьердин Ливиядагы эл аралык кийлигишүүгө каршы позициясын сындаган.

Бирок өткөн жумада Путин тараза ташын өз тарабына оодаруу аракетин көрүп, “Бүткүл россиялык элдик фронт” түзүлгөнүн жарыялап, өзү анын координациялык кеңешинин төрагасы болуп калды. Аналитиктер премьер муну менен президенттикке кайтып келүү мүдөөсүн ишке ашырууга даярдап жатат деп чечмелешти.

Медведев болсо Путин менен пикир келишпестиктер жөнүндөгү айың-кептерди четке какты:

- Коллегам жана саясий шеригим Путин менен мамилем жөнөкөй тандем эмес. Биз бири-бирибизди 20 жылдан ашуун убакыттан бери жакшы билебиз жана түшүнөбүз.

Эки саясатчы тең масилеттешип туруп, президенттикке ким ат салышаарын чечишеерин айтып келатышат. Путин бийлик тизгини кимдин колуна тийээри азыртадан эле жарыяланса, өлкөдөгү саясий атаандаштык күчөйт деп айтканы бар. Ансыз да шайлоого 11 ай калган учурда саясий күрөштүн белгилери даана байкала баштады.

XS
SM
MD
LG