Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Орусия: учак кырсыгынын себеби такталууда


Орус учагынын 200дөй бөлүкчөлөрү табылды.
Орус учагынын 200дөй бөлүкчөлөрү табылды.

Кара деңизге кулап түшкөн орус учагынын экинчи "кара кутусу" табылды. Кремлге ыктаган маалымат каражаттары кырсыкка учактын канатындагы мүчүлүштүк себеп болгонун жазып жатышат.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Кара деңизге кулап түшкөн Ту-154 учагынын экинчи "кара кутусу" Сочинин жээгинен алыс эмес жерде табылды. Расмийлер учактын кылт эткен кыймылын жаздырып калуучу бул жабдыктар кырсыктын жандырмагын табууга көмөктөшөт дешет.

Бир күн мурда табылган биринчи "кара куту" дале иликтенип жатат. Кырсыкты териштирген комиссиянын улук инженери Дмитрий Попов экинчи кутуга көп зыян келбегенин билдирди:

- Сыртынан караганда кутунун абалы дурус. Коргоочу бөлүгүнө бир аз зыян келген. Бирок кармагычтары ордунда болсо, абалы да жакшы деп айтууга негиз бар. Туздуу суу гана ичине кирип кетпесе, магниттик тасма сакталышы керек.

Учактын суудан чыгарылган калдыктары.
Учактын суудан чыгарылган калдыктары.

Москвадан Сирияга бараткан учак Сочиден май куюп асманга көтөрүлгөндөн бир нече мүнөттөн кийин Кара деңизге кулап түшкөн. Андагы 92 кишинин баары курман болгон. Жүргүнчүлөрдүн 60тан ашууну Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы “Александров” ансамблинин артисттери эле. Бортто тогуз тележурналист, доктор Лиза деген ысым менен белгилүү дарыгер Елизавета Глинка да болгон.

Орус бийлиги 15 кишинин сөөгү табылганын, 230дан дененин бөлүктөрү суудан чыгарылганын билдирди. Алар ДНК анализи үчүн Москвага жөнөтүлдү.

Бийлик кырсыктын так себебин жарыялай элек. Бирок “Интерфакс” агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, учактын канаттарындагы ачылып-жабылуу аркылуу ылдамдыкты өзгөрткөн бөлүгү текши иштебей калышы мүмкүн. Life.ru басылмасы учкучтардын сүйлөшүүсү делген диалогду жарыялап, анда да учактын канатында маселе болгону айтылат. Бирок Кремлге ыктаган бул басылмадагы маалыматтарды көз карандысыз булактар ырастай элек.

Орусиянын транспорт жана коопсуздук өкүлдөрү учак бомбадан же террорчул чабуулдан кыйрады деген жоромолдорду четке кагышкан. Орусиялык авиация эксперти Вадим Лукашевич бардык версияларды эске алуу керек дейт.

- Ыктымалдуулук аз болсо да, бир дагы версияны четке какпоо керек. Далилдер чыккандан кийин гана негизги себептерге көңүл бурса болот. Теракт версиясын дароо четке кагуу жакшы эмес. Бул иликтөө иши объективдүү жол менен кетпегенин көрсөтөт. Теракт версиясынын саясий кесепети оор. Андай болсо бул окуя түздөн-түз Сирия маселесине байланыштуу болуп калат.

Учак кырсыгынын курмандыктарын эскерүү.
Учак кырсыгынын курмандыктарын эскерүү.

Кара деңизге кулаган учак Орусиянын Сирия согушу менен түз же кыйыр байланышта кыйраган кеминде бешинчи учагы. Былтыр күзүндө Египетте 200дөн ашык туристти салган орус учагы кыйрап, расмий Москва дээрлик жарым айдан кийин гана бул окуяны теракт деп тааныган.

Эми Федералдык коопсуздук кызматы Ту-154 учагынын кыйрашына учкучтун катасы, техникалык маселелер, мотордогу чоочун объект же сапатсыз күйүүчү май себеп болушу мүмкүн деп жатат. Бирок экипаждын мүчүлүштүк тууралуу дароо кабар бербегени жана учак калдыктары менен адам денелеринин бөлүктөрү ири аймакка ыргып кеткени түкшүмөл суроолорду ого бетер көбөйтүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG