Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Орусия: футбол стадиону жарактан чыгууда


Волгоград стадиону жаандан кийин
Волгоград стадиону жаандан кийин

Орусияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка курулган айрым имараттар эмитеден эле жарактан чыгууда.

Волга дарыясынын жээгине салынган "Волгоград Арена" стадиону 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган. 15-июлда Волгоград шаарында катуу жаан жаап, бир нече соода түйүнүн, борбордук көчөлөр менен бирге башкы транспорттук магистралды кыян алып кетти.

Интернетке тараган видеолордо жаңы "Волгоград Арена" стадионунун бир капталын суу жеп кеткени, айланасында ылай көлчүктөр пайда болуп, тонналаган чопо менен кум төмөн жактагы көчөлөрдү каптап турганы көрүнөт. Азыркы кезде жөө кишилер жүрүүчү жаңы курулган жол да урап жатканы кабарланууда. Волгоград шаарынын бийлиги чукул кырдаал режимин жарыялаган.

Орусиялык блогер Илья Варламов муну табигый кырсык эмес, коррупция менен түшүндүрөт.

"Бул - чукул кырдаал эмес, бул - коррупция жана уурулук. Технологиялардын эрежесин сактабай куруп, шашып, уурдаса, ойлонбосо ушундай болот. Жанында белгилүү Мамаев Кургандын комплекси турат, ал ондогон жылдардан бери козголгон эмес. Жүз жыл мурун курулган үйлөр дагы ордунда" деп жазган Варламов.

"Волгоград Арена" 16,5 млрд. рублга курулган объект. Чемпионат маалында анда төрт оюн өттү. Кийин аренада Улуттук футбол лигасынын "Ротор" клубу машыгары пландалган.

Жаңы курулган арена
Жаңы курулган арена

​Мурдарак Нижний Новгороддо да чемпионатка карата курулган Волга дарыясынын жээгиндеги жолду жаан алып, асфальттын астындагы топуракты жеп кеткени кабарланган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жолдун курулуш иштерине 786 миллион рубль коротулганын маалымдашат.

Нижний Новгород кыяндан кийин
Нижний Новгород кыяндан кийин

Бул кырдаалга көңүл бурган Мамлекеттик думанын депутаты Александр Курдюмов "Фейсбуктагы" баракчасына курулуш иштерин текшертүү үчүн Нижний Новгороддун прокуратурасына жана тергөө комитетине арыз менен кайрыларын жазган болчу:

- Бир айда баары урап калгыдай, кантип ушунча шашып, курулуш эрежелерин сактабай коюу мүмкүн эле?! Мен бул иштер ондогон миллион суммага жүргүзүлгөнүн билем. Ошондуктан тийиштүү органдар тыкыр текшерип, бул объекттерди кабыл алгандарды жоопко тартышы керек.

Ал эми жергиликтүү жашоочулар бир жаанга туруштук бере албаган спорттук объектилер менен жолдордун себебин курулуш эрежелеринин сакталбаганы, көзөмөлдүн жоктугу менен түшүндүрүшөт.

Шаарда жол менен бирге жаңы стадион жана метро станциясын курган "Управление строительством-620" компаниясы эмдигиче курулуш иштерин аткарган тараптарга акы төлөбөй жатканына арыздангандар бар. Былтыр сентябрда Нижний Новгороддун облустук тергөө комитети жумушчуларга айлык акы төлөнбөгөндүгү боюнча кылмыш ишин козгосо, октябрда компания алдамчылыкка айыпталган.

Орус өкмөтү Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка расмий 679 миллиард рубль, азыркы курс боюнча 11 миллиард доллар коротконун маалымдаган. Ал эми көз карандысыз серепчилердин баамында, чемпионатка кеткен чыгашалар 18 миллиард доллардын тегерегинде. Чыгымдардын көбү стадиондорду курууга, аэропорт жана транспорт инфраструктурасын жакшыртууга жумшалган. Чемпионатка карата Орусияда жети спорт стадиону жана Ростовдо жаңы аэропорт курулган.

Ал эми чемпионатка билет жана телеканалдарга трансляция лицензиясын сатуудан ФИФА жалпысынан 6 миллиард доллар киреше тапканы болжолдонууда. Ал эми Орусиянын кирешеси McKinsey америкалык агенттигинин эсеби боюнча 184 миллиард рублды түзсө, швейцариялык Swiss Appraisal агенттиги Орусия чыгымдарынын 10 пайызын да кайтара албай калды деп бүтүм чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG