Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:26

Буковскийдин аткарылбай калган мүдөөсү


Владимир Буковский.

27-октябрда Британияда советтик диссидент Владимир Буковский 77 жашында дүйнө салды.

Бир топ жылдан бери Британияда жашаган жазуучу, укук коргоочу жана коомдук ишмер Владимир Буковскийдин жүрөгү Кембриж шаарындагы ооруканада токтоп калган.

Буковский 1960-1970-жылдары Советтер Союзундагы диссиденттик кыймылдын көрүнүктүү өкүлү болгон. Москва мамлекеттик университетинде окуп жүргөн кезинде каршылык митингдерин уюштуруп, тыюу салынган адабияттарды таркатканы үчүн бир нече ирет камакка алынып, психиатриялык ооруканага жатып чыккан.

1972-жылы «антисоветтик пропагандага» айыпталып, эки жылга түрмөгө отурган жана беш жыл сүргүнгө кесилген. Жалпысынан абакта 12 жылдык өмүрү өткөн.

Батышта Буковскийди коргоо кампаниясы башталгандан кийин 1966-жылы бошотулуп, бир жылдан кийинки эл аралык өнөктүктүн натыйжасында советтик бийлик аны Чилинин Коммунисттик партиясынын лидери Луис Корваланга алмаштырган. Андан кийин Буковский Британиядагы Кембриж шаарында жашап, укук коргоочулук ишмердигин уланткан.

38 жашында Кембриж университетине окууга тапшырып, кийин АКШдагы Стэнфорд университетинде нейрофизиология боюнча диссертациясын жактаган. Кембрижде сабак берген.

Белгилүү советтик диссиденттин «Азаттыктын» орус кызматынын архивинде сакталган 1999-жылы 27-майдагы маегинен үзүндү келтиребиз.

Владимир Буковский жана дагы бир советтик диссидент Вадим Делоне.
Владимир Буковский жана дагы бир советтик диссидент Вадим Делоне.

Анда Буковский «өзүңүздүн жашооңузду кандай баалайсыз, төңкөрүшчүнүн өмүрү кандай?» деген суроо узатылганда өз дарегине айтылган «төңкөрүшчү» деген сөздү жактырбай, совет мезгилинде адам укуктары, эркиндиги үчүн күрөшкөнүн, улуу максатты көздөп иштегенин баса белгилеген. ​

- Мен эч качан эч кандай төңкөрүштү каалаган эмесмин. Бардыгы жеке адамдын коргонуу сезиминен, ушул философиядан башталган. Биз системаны өзгөртүп жакшыртууну же алсыздатып, талкалоого аракет кылган эмеспиз. Биз «силер коммунизм курууну каалайсыңарбы? кургула, бирок, биз каалабайбыз, бизди тынч койгула» дегенбиз. «Силер коммунизм курган аймакта бизге кичинекей бөлүк бергиле, ал жакта биз аны курбайбыз» деп айткан элек. Бул төңкөрүш эмес. Мындай идеяны алар такыр кабыл албай коюшту. Тоталитардык режим нейтралдуу эч нерсени кабыл албады, сен же коммунизмдин куруучусу болосуң же душмансың деп туруп алышты. Биз бул нерсенин бөлүгү гана болууну, ага катышууну каалабадык. Кийин адамдагы күрөш сезими, логика башка нерселерди жасоого түртүп койду. Башында импульс бир гана коргоонууга түрткөн.

Советтик бийликтин идеологиясына ачык каршы чыккан Буковский кийин диссиденттик кыймылда бирге жүргөн санаалаштары-тилектештери менен жолукканда, өткөн-кеткенди эстеп, советтик режимдин кыйрашына кыймылдын таасири, өздөрүнүн аракеттери жана алардын кесепеттери тууралуу көпкө талашып-тартышарын эскерген.

Мындан 20 жыл мурдагы маегинде ал дагы деле бир чечимге келбегенин жашырган эмес. Бирок анда режимге макул болбой, баш көтөрүп чыккан жаштар бир гана советтик бийликке эмес, бүтүндөй дүйнөгө чакырык салганын белгилеген.

- Биз Орусияда эч нерсе өзгөртө албадык, бирок чет жактагыларга чоң таасир бердик. Рейган менен Тэтчерди коммунизмге каршы так позицияда турганга себепкер болгонубузду айтышат. Биз Советтер Союзун согушсуз, тынчтык жол менен талкалоого болот деген теореманы далилдедик. Ага чейин же согуш же достук деген диллема бар болчу. Биз бул эки чечимди тең бирдей жактырчу эмеспиз. Биз режим алсырап, кризисти көтөрө албай калганын, кичине басым болсо эле ал жарыларын көрсөттүк. Ошондо алар бизге ишеништи. Бул эки адам Батыш менен Чыгыштын мамилесинде чоң роль ойноп, аскерий куралдануу боюнча атаандаштыкты жаратып, Советтер Союзун кыйроого алып барышты. Мындай нерсе биздин ойго да келген эмес.

Буковский Советтер Союзу тарагандан кийин люстрация жараянын жүргүзүп, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын ишмердүүлүгүн сотто карап чыгууну сунуштаган. Бирок мындай демилге андагы бийликтен колдоо тапкан эмес.

- Мен «баштаган ишти акырына жеткиришибиз керек» деп ойлочумун. Бул менин жашоомдогу башкы милдет болчу. Ал оңунан чыкпай, мен капалангам. Айыптуулардын баарын эмес, ошол 1991-жылдын августунда Советтер Союзун кайра тирилтмекчи болуп, «путч» уюштурган он төрт адамды жазага тартуу керектигин түшүндүргөм. Аларды сот жообуна тартуу менен КПССти соттомокпуз. Архивдер, документтер менен кошо Коммунисттик партиянын кылмышка барганы ачылмак. Мен кан төгүнүү күтпөгөнүмдү айткам. Ал адамдарды эки-үч жылдан кийин бошотуп коюуга да мүмкүн эле. Бул жерде ошол системаны соттоп, аны биротоло талкалап, өкүнүү, чындыкты кабылуу процесси жүрүп, коом тазаланмак. Ушул нерсе маанилүү болчу.

Владимир Буковский жана оппозициядагы саясатчы, маркум Борис Немцов. 2007-жыл.
Владимир Буковский жана оппозициядагы саясатчы, маркум Борис Немцов. 2007-жыл.

Бирок Ельцин аны каалабады. Мен дал ошол нерселер жасалбаганы үчүн Орусияда баары теңирден тескери кетти деп эсептейм. Мен үчүн ал маанилүү учур эле. Андан соң өзүмдү Орусияда көрбөй калдым. Мен ал жакта жашап, иштей алмак эмесмин. Бул өлкө саясий режим кылмыштары үчүн соттолбосо, мен ал жакта калууну каалабадым.

2008-жылы оппозиция Орусиянын президенттигине Владимир Буковскийдин талапкерлигин көрсөткөн. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алган эмес. 2014-жылы Москва ага өлкөгө кирүүгө жаңы паспорт берүүдөн баш тарткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG