Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:52

1917-жылдагы Орусиядагы кош революция


“Аврора” согуш кемесинин деңизчилери Петрограддын көчөлөрүндө. 1917-жылдын 27-октябры.

Бийликти күч менен алмаштыруу, анын натыйжасы, адам укугунун сакталышы, саясий кысымга кабылгандардын чоо-жайы - "Азаттыктын" куугунтук курмандыктарына арналган радио түрмөгүндө мына ушул маселелер козголот. Түрмөктүн биринчи чыгарылышы.

Бир жылдагы эки революция, кош бийлик

Кыйла жылдар коммунисттик бийлик кайталап келген революциялык үгүт заман өзгөргөндөн кийин башкача сыпаттала баштады. Кронштадтта турган “Аврора” кемесинен белги берилип, жумушчулар менен аскерлер Кышкы аксарайга кирип барышып, бир түндүн ичинде мамлекеттик маанилүү мекемелерди басып алышканы, Орусияда бийлик алмашканы жарыя кылынган. Мына, андан бери 100 жыл өттү.

Кыргызстан эгемендиги кезинде жарык дүйнөгө келген жаңы муунга революция (ыңкылап) түшүнүгү тааныш болгону менен, 1917-жылкы Феврал ыңкылабы, андан кийинки социалисттик революция, совет бийлиги, анын жетимиш жыл ашуун алдыга сүрөгөн коммунисттик түшүнүктөрүнүн көбү унутта калып баратат.

Улуу Октябрь социалисттик революциясы 1917-жылдын 7-ноябрында ишке ашкан. Эмнеликтен анын "Октябрь революциясы" аталып калышынын себеби деле жөнөкөй. Орусия ал кезде юлий календары боюнча жашаган, ошондон улам эски жыл санактагы 25-октябрдагы бийлик алмашуусу кийинки жылы григорийлик жылсанагына көчкөн советтик Орусияда жана коммунисттик тарыхта 7-ноябрь күнү мурдагы жылсанактагыдай эле "Өктөбүр ыңкылабы күнү" катары кирген.

Большевиктик жаңы бийлик бекем орун-очок ала элек кезинде эле жыл санакты өзгөртүп, өлкөнү юлий жылсанагынан григорий календарына көчүргөн. Баарынан кызыгы - Октябрь төңкөрүшүндө большевиктер бир да ок чыгарбай, бийликтин негизги уюм-мекемелерин кан чыгарбай басып алышканы болуп атпайбы.

Орусия большевиктери жыйырма жылга чукул бийликке умтулган саясий күч катары чыкканы менен, 1917-жылы февралда (григорийлик жылсанак боюнча марттын башында) падышаны тактыдан кетирүү шыбагасы ал кездеги жигердүү либерал-демократтык (советтик термин менен алганда "буржуазиячыл") партиялардын энчисине тийген.

Үч жүз жылдан ашуун орус мамлекетин башкарып келген Романовдор сулалесинин өкүмдарларынын соңкусу - Николай Экинчинин бийлиги 1917-жылы 27-февралда кулатылып, Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Монархиялык башкаруунун ордуна келген Убактылуу өкмөт революциянын шаңы менен аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлигин өз колуна алып, Мамлекеттик дума, падыша, Мамлекеттик кеңеш, министрлер кеңешинин болгон милдет укуктарын жаңы бийликти түзүү курултайына ("Учредительное собрание") чейинки убакытка өзүнө чогултуп алган. Бул жагынан 2010-жылы Кыргызстандагы Убактылуу өкмөттүн жасаган-эткендери мындан бир кылым илгерки Орусиядагы жагдайга азыноолок окшошуп кетет.

Орусиядагы Убактылуу өкмөттүн алгачкы жарлыктары саясий камактагыларга боштондук берүү, жарандык эркиндик, полицияны “элдик милицияга” айлантуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын реформалоого багытталган. А бирок жаңы бийликтин ыкчам иштеп кетишине тоскоолдук кылчу атаандашы да артынан аялдабай чыккан; удаалаш эле Петроград кеңеши түзүлүп, Орусияда кыйла убакыт кош бийлик өкүм сүрүп калган.

Убактылуу өкмөттүн курамындагы ар кыл саясий күчтөр мунасага келе албай, аяк-башы көрүнбөгөн эңгезер империяны башкара албай, ортодо талаш-тартыш күчөп, партиялар атаандаштыгы күчөгөн.

Дүйнөлүк биринчи согушта Орусия аскерлеринин жеңиле башташы, экономикалык кризис, бийлик үчүн токтолбогон талаштар калктын жаңы бийликке карата мамилесин өзгөрткөн. Мунун баары либералдык-демократиялык көп партиялуулукка негизденген революцияга удаа социалисттик революциянын чыгышын шарттаган.

Саясий дымагы күч большевиктер партиясы "жер - дыйкандарга, завод-фабрикалар - жумушчуларга, бийлик - советтерге (кеңештерге)" ураанын жактап, азыркы тил менен айтканда, саясий-популисттик демилгени алдыга жайган. Орус коомун жаңы нукка бурган утурумдук өкмөт он ай иштебей жатып, 25-октябрда бийлигин большевиктерге тарттырып ийген.

Октябрь революциясы “улуу, социалисттик” деген кошумча аталышка жеткенге чейин “өктөбүр көтөрүлүшү, өктөбүр төңкөрүшү” катары сыпатталган. Революциянын башталышы болгону менен аякталышы жок дегендей, большевиктик жаңы бийликтин мурдагы Орусия империясынын жер-жерлеринде орнотулушу кыйынчылыктарга кептелип, анын аягы жарандык урушка, Түркстан менен Кавказдын айрым аймактарында жергиликтүү калктын айыгышкан куралдуу каршылыгына, басмачылык кыймылдын жанданышына алып келди. Анткен менен 1917-жылдын Октябрь революциясы ХХ кылымдын эң ири окуясы катары тарыхта калды.

Бул канткен күндө дагы тарых

Белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакировдун ырасташынча, Орусиядагы революциянын жаңырыгы алыскы Ала-Тоодо да сезилген. 1916-жылы тукум курут болуп кете жаздаган кыргыз элинин сакталып, өз алдынча мамлекет катары түтүн булатышында Николай Экинчи падышанын тактан кулатылып, убактылуу өкмөттүн, андан соң коммунисттердин бийликке келишинин ролу зор.

- Улуу Октябрь социалисттик революциясы деп тарыхка кирген бул окуя ХХ кылымдын башындагы эң ири окуя да. Бул дүйнөлүк өнүгүштү башка нукка салган, дүйнөнү эки системага ажыраткан чоң окуя. Бизге карата келгенде, бул Орто Азиядагы казак, кыргыз өзбек, тажик, түркмөн, анан Сибирь тараптагы аз сандуу элдерге келгенде, Октябрь революциясынын мааниси дегенге азырга чейин бир жактуу көз караш жок. Ал эми Орусиянын составында болуп калган ошол кездеги Кавказ республикалары, андан ары Молдавия, Украина, Белорусия, согуштан кийин СССР курамына кошулуп калган Балтика боюндагы республикалар, азыноолак Орусия курамында болуп калган Финляндияда, ал тургай Орусиянын өзүндө да Октябрь революциясын көбүнчө тескери баалап жүрүшөт. Эгер бул революция болбосо, биз бир калыпта өнүгүп, Европа өлкөлөрүнүн деңгээлинде болот элек, деген ичкүптүлөрү бар. Эми ошондой болот беле, же башкача болот беле – муну бир Кудай билет дегендей кеп да.

Курманбек Абакиров Орусиядагы Октябрь революциясынын кыргыз элинин тарыхындагы ролу боюнча аркыл пикирлер айтылып келерин белгилеп, анткен менен ал оң бааланат деген оюн баса белгиледи.

Илимпоздун айтуусунда, жаңы муун, жаштар өз элинин өткөнүн мыкты билиши керек.

- Революция, анан революциядан кийин Совет өкмөтү деп аталган эң улуу державанын 70 жылдан ашуун турмуш-тиричилиги, саясаты, дегеле ушул тарыхы тууралуу азыркы жаштардын дээрлик түшүнүгү жок экен. Мен муну жогорку окуу жайында сабак берген адам катары байкайм. Ленин деген ким, Советтер союзунун коммунисттик партиясы, дегеле ушул 70 жыл ичинде Совет өлкөсүндө эмнелер болгон? Анын жакшы жагы кайсы, жаман жагы кайсы? деген маселелер боюнча алардын түшүнүгү жок. Бул - өтө кейиштүү нерсе. Илим-билимдүү болом деген жаштар тарыхты жакшы билиши керек. Бул, канткен күндө дагы, тарых.

Бардык эле революция - трагедия

Орусияда 1917-жылы февраль айында кулатылган падышалык бийликтин ордун ээлеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мунасага келише албастыгы, буга кошумча Дүйнөлүк биринчи согушта орус аскерлеринин жеңиле башташы, өлкөнү туташ каптаган экономикалык оорчулук, топтошкон саясий-социалдык маселелердин чечилбей калышы көпчүлүк арасындагы нааразылык маанайды күчөтүп, анын натыйжасы күзгү козголуштарга алып келди.

Бекем тамыр жая элек Убактылуу өкмөт кулап, бийлик Орусиядагы радикалдуу саясий күчкө, бардык маселени революция – өкүмзордук аркылуу гана чечүүгө ыктаган социал-демократиялык революциячыл партияга өткөн.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Көчкүновдун пикиринде, Октябрь революциясына карата көз караш кийинки кездери кескин өзгөрдү.

- Бүгүнкү күндө революция болгон ошол Орусиянын тарых илиминде көпчүлук убакта жөн жерден чыккан, сырткы күчтөрдүн шыкагы менен болгон төңкөрүш катары карашат жана муну орус элинин тарыхындагы трагедиялуу окуя катары карайт. Негизи бардык эле революция - трагедия. Трагедиясы жок тарыхый окуялар болбойт. Чоң-чоң тарыхый окуялар өзү трагедия болот.

Бүгүнкү күндө ошол окуяны изилдеген тарыхчылардын эмгектеринде революция - Орусия тарыхындагы трагедия катары каралат, Орусияны кайсы бир денгээлде артка тарткан, Орусияны тымтыракай кылып, элин бузган, этностук негиздерин чачыраткан, элди орус, кызыл, ак деп бөлүп бири-бирине кайраштырган, ошону менен биртоп жылдар бою Орусияга тынчтык орнотпогон саясий окуя катары баалап атышат.

Бирок ошону менен катар айрым эмгектерде революция мыйзам ченемдүү болгон, себеби Орусиянын ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүү, Биринчи дүйнөлүк согуштун кесепеттери, орус элинин турмуш-тиричилик деңгээлинин төмөн деңгээлге жетиши бул окуянын чыгышын шарттаган. Кыргызда айтмакчы, “чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” болгон. 1917-жылы октябрда болбосо кийинки жылда болмок. Ошол кездеги саясий кырдаал ошондой чечкиндүү бир кадамдарды жасоого түрткөн.

1917-жылкы Орусиядагы октябрь төңкөрүшүнө карата илимий баанын антип карама-каршы чыгып калышына социализмдин 70 жылдан кийин тарыхый аренадан шыпырылып түшүп калышы себепкер болду окшойт. Горбачевдун “кайра куруу” заманында эчен жылдар жабылып-жашырылып келген “тарыхтын ак тактары” ачылды.

Макталган коммунисттик бийликтин төбө чачты тик тургузган куугун-сүргүндөрү, “эл душманы” делип атылып кеткен миллиондогон бейкүнөө адамдардын армандары коммунизм тарыхый аренадан шыпырылып түшүп баратканда жаап-жашырылбай ачыкка чыкты. Анын үстүнө кургак жердин алтыдан бир бөлүгүн ээлеп турган Совет өлкөсү экономикалык жактан атаандашына утулуп калды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG