Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Москва: мигранттарды кармоо токтой элек


Москвадагы "Садовод" базары.
Москвадагы "Садовод" базары.

Москвадагы ири соода борборлорунун бири - “Садовод” базарында иштеген мигранттарды текшерүүдө миңге жакын адам кармалган. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар.

28-октябрь күнү Москвадагы ири соода очогу болгон “Садовод” базарын укук коргоо органдары күтүүсүздөн текшерүүгө алды. Орус ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын кызматкери Марат Бугуловдун журналисттерге билдиргенине караганда, анда документтери туура эмес Борбор Азия мамлекеттеринин миңге жакын жараны кармалган жана мыйзам бузуулар аныкталган.

- Денеге жаракат келтирүүчү курал-жарактар табылды. Ошондой эле бычак сыяктуу куралдар да алынды.

“Садовод” базарында кармалгандардын арасында 16 кыргызстандык болгондугун Орусиядагы элчиликтин 2-катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, тиешелүү текшерүүлөрдөн соң 29-октябрь күнү алардын баары толугу менен бошотулду.

Ал эми Москвадагы “Этмос” уюмунун төрагасы, тажикстандык Каримжан Еров өзү текшерүү учурунда аталган базарда болгон экен. Анын маалымдашынча, документтери жайында болгон адамдарды да укук коргоо органдары кармап кеткен. Ал муну “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди:

- Рейд учурунда мен ошол жерде болдум. Укук коргоо органдарынын операциясын өз көзүм менен көрдүм. Чындыгында миңдей, андан да көп адам кармалды. Менин жакын тууганымды да кармашты. Бирок ал жакында эле Украинадан келип, документтери жайында болчу. Кармалгандардын баарын Москвадагы милиция бөлүмдөрүнө алып кетишти.

Жалпы аянты 40 гектарды ээлеген “Садовод” базарынын мааниси 2009-жылы Черкиз базары жабылгандан кийин арткан жана көптөгөн мигранттар ушул базарда соода кылууга өтүшкөн. Учурда Москва бийлиги аталган базарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн аны жабууну мерчемдеп жатат.

Эгер оңдоо иштери үчүн базар жабыл турган болсо, анын кесепети мигранттарга да тиет дейт Москвадагы кыргызстандык ишкерлер бирлигинин төрагасы Кубанычбек Кожоев:

- “Садовод” кыргыз мигранттары үчүн гана эмес, Кыргыз мамлекети үчүн эң маанилүү базар. Себеби, Кыргызстандан келген негизги товарлардын баары ушул базар аркылуу Орусиянын аймактарына тарайт. “Садоводдо” болжол менен миңге жакын кыргыз иштейт, анын ичинен жүздөн ашыгы ишкерлер.

Акыркы кездери орус бийликтери борбор азиялык мигранттарга карата катаал чараларга барууда. Алардын арасында бул мамлекеттердин жарандары үчүн виза режимин киргизүү боюнча да сунуштар бар. Ал эми маселен, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, жыл башынан бери 950 кыргызстандык Орусиядан депортацияланган.

Бирок Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаев 29-октябрь күнү Бишкектеги маалымат жыйынында “эгер кыргыз жарандары мыйзамды бузбаса, Орусияда аларга эч кандай кодулоо жок экендигин” айтты.

XS
SM
MD
LG