Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Универге жетүү - тозок иш!..


«Эми артка кеттик, саатым!» (Кимбайкенин азил сүрөтү). 2-июнь, 2011-жыл.
«Эми артка кеттик, саатым!» (Кимбайкенин азил сүрөтү). 2-июнь, 2011-жыл.

«Күлкү кербендин» кезектеги чыгарылышы ар кыл булактардан топтолгон абитуриенттик азилдерге арналды.

* * *

- Башым маң болуп жатат, - деп бир абитуриент өз курбусуна айтып калды. - Үч башка окууга бүжөттүк орунга өтүпмүн, бирок кайсынысын тандарымды чече албай жатам.

- Дүйнө опаасыз деген ушул! - деп эч окууга өтө албай калган курбусу жооп кайырыптыр. - Жок дегенде ошол үч варианттын бирин сатууга сага мүмкүнчүлүк беришсе, анда экөөбүзгө тең сонун болмок да.

* * * * *

Математика боюнча кирүү сынагында.

Биринчи абитуриенттен сурашты:

- Эки жерде эки канча болот?

- Үч!

- Жок.

- Анда беш!

- Жок... Бул бир аңкоо неме экен, бирок изденген аракети бар тура, матфакка окууга кабыл алалык.

Жүзүнчү абитуриенттен сурашты:

- Эки жерде эки канча болот?

- Үч!

- Жок.

- Анда.. үч!

- Жок... Бул деле бир макоо неме тура, бирок тырышып, деле көгөргөн неме экен, окууга ала берелик. Былтыркыдай бүжөттүк орун күйүп кетпесин!..

Анан миңинчи абитуриентке кезек келди.

- Эки жерде эки канча болот?

- Төрт!

- Кайра ойлонуп көрчү?

- Төрт дедим го! Ишенбесеңиз, окуу китебиңизден текшериңиз!

- Баракелде! Абдан жакшы даярданган экенсиң, бирок орун толуп калбадыбы, ка-ап!..

* * * * *

Бир айылдык улан борборго келип, өлкөнүн башкы университетин таппай адашып калат. Чындыгында ал өзү каалаган университеттин имаратынын эле жанында турган.

Анан ал жанынан өтүп бараткан, колтугундагы китептерден улам илимпоздугу айгинеленген бир көз айнекчен, арык чырай келген карыя профессорго кайрылат:

- Саламатсызбы! Айтыңызчы, Башкы университетке жетүү оңойбу?

- А? - деди тиги чала угуп.

- Башкы университетке, Баш-кы универ-си-тетке жетүү... оңойбу?

- Өтө кыйын, уулум, өтө кыйын!

- А сиз ошол жакта иштейт окшойсуз?

- Ооба, уулум, ошол жакта иштейм, ошол жакта!..

- Анан кантип сиз ал жакка жол таап бардыңыз?

- Окуй эле бердим, уулум, окуй эле бердим, анан оюмдагыга жеттим!

* * * * *

(TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG