Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Саудия мунай кымбаттай турганын эскертти


Мухаммед ибн Салман.
Мухаммед ибн Салман.

Мухаммед ибн Салман эл аралык коомчулукту Иранды ооздуктоого чакырды.

Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед ибн Салман эгер эл аралык коомчулук Иранды ооздукташ үчүн катуулугун жана чечкиндүүлүгүн көрсөтпөсө, мунайдын дүйнөлүк баасы болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, чыңалуу дагы күчөй турганын эскертти.

- Эгер дүйнө Иранды ооздуктоо боюнча катуу жана чечкиндүү чара көрбөсө, биз дүйнөлүк кызыкчылыкка коркунуч жараткан чыңалуу дагы күчөй турганына күбө болобуз. Мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурап, анын баасы биз буга чейин турмушта көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүлөт, - деди Сауд Арабиясынын ханзаадасы.

Салман 29-сентябрда көрсөтүлгөн америкалык CBS телеканалынын «60 мүнөт» программасындагы маегинде «Иран маселесин аскердик эмес, саясий жана тынч жол менен чечүү жакшыраак» деди. Анын айтымында, Сауд Арабиясы менен Ирандын ортосунда согуш чыга турган болсо, бул дүйнөлүк экономиканы ойрон кылат.

Бул интервью Сауд Арабиясынын эки мунай заводуна 14-сентябрда дрондон чабуул коюлуп, өлкөнүн кара май өндүрүшүнүн 50 пайызга кемишине, ал эми дүйнөлүк мунай базарында кара майдын 5 пайызга азайышына алып келген чабуулдан кийин жарык көрдү.

14-сентябрда чабуулга кабылган Саудиянын «Хураис» мунай заводу. 20-сентябрь, 2019-жыл.
14-сентябрда чабуулга кабылган Саудиянын «Хураис» мунай заводу. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Заводдорго коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга ыктаган Йемендеги хусит козголоңчулары алган. Бирок Вашингтон да, Эр-Рияд да «ал кол салуунун артында Иран турат» деп жатышат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео мунай заводдоруна коюлган чабуулду «согуштук акт» деп мүнөздөгөн жана ал үчүн Сауд Арабиясынын аймактагы атаандашы Иранды айыптаган. Франция, Германия жана Улуу Британия да ушундай эле кине коюшкан болчу.

Тегеран болсо дооматтардын баарын четке кагып келет. Ирандын президенти Хасан Роухани БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүнөн бир күндөн кийин, Нью-Йоркто журналисттерге жооп берип жатып, Тегеранды айыптагандарга далил келтиришин талап кылды:

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

- Йемендеги аскердик күчтөрдүн колунда узак аралыктагы ракеталар жана учкучу жок уча турган аппараттары бар экенин, алар Саудиянын башка аймактарына мурда да сокку урганын дүйнөнүн баары билет. Башкаларды күнөөлөгөндөр ал дооматтарын тастыктаган далилдерди көрсөтүшү керек.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден былтыр АКШ чыгып кеткенден бери курчуп келе жатат.

Өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп Иран өкмөтүнүн аракеттери Жакынкы Чыгышка, анын айланасына жана дүйнөгө коркунуч келтирип жатканын белгилеген.

Йеменде төрт жылдан бери Иранга ыктаган хусит козголоңчулары өкмөткө жана Сауд Арабиясы баштаган коалицияга каршы согушуп келатат. 2015-жылы шиит агымынын бир бутагын карманган хуситтер өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн басып алып, президент Абд-Раббу Мансурду өлкөдөн качып кетүүгө мажбур кылышкан.

29-сентябрда хусит козголоңчулары Сауд Арабиясынын ири чабуулун токтотуп калганын, андан тышкары саудиялык жоокерлерди колго түшүрүп, аскердик техника каражаттарын тартып алганын жарыялашты.

- Бул операция биздин өлкөнүн күчтөрү татыктуу каршылык көрсөтө аларын билдирет. Ал биздин өлкөгө каршы агрессияга жооп берүүнүн бирден бир жолу, - деп билдирди хуситтердин өкүлү Яхья Сари.

Йемен.
Йемен.

Сауд Арабиясы алардын жоокерлери колго түшкөнүн ырастаган жок. Жергиликтүү шиит жамааты жана «Иран колдойт» деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы, ошондой эле Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турат. Аларга абадан сокку уруп жаткан Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары баштаган аскердик коалицияны Батыш мамлекеттери жана АКШ да колдогон.

Йемендеги төрт жыл ичиндеги жарандык согушта он миңден ашык адам өлүп, 500 миңдей киши жер которууга аргасыз болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG