Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Аскар Акаев: Алфёров - санариптин атасы


Жорес Алфёров
Жорес Алфёров

5-мартта Санкт-Петербургда Орусиядагы физика илими боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, 88 жашында дүйнө салган Жорес Алфёровду акыркы сапарга узатышты.

Академик Жорес Алфёровдун илимий ачылыштарынын негизинде бүгүнкү күндө смартфон, компьютердик технология, күн энергиясын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кыргызстандын туңгуч президенти, физик окумуштуу Аскар Акаев “Азаттык” менен болгон маегинде Алфёровдун дүйнөлүк илимге кошкон салымына токтолду.

"Азаттык": “Азыркы электрониканын атасы” атыккан даркан окумуштуу менен сиз дагы узак жыл бою үзөңгүлөш болуп жүрдүңүз. Ленинградда Алфёров менен кандайча таанышканыңыздан сөзүбүздү баштайлы.

Аскар Акаев: 1972-жылы Ленинградга Так механика, оптика жана эсептөө техникасы институтуна докторантурага өттүм. Менин диссертациямдын темасы оптоэлектроника боюнча эле. Жарым өткөргүчтүү лазерлерди кантип эсептөө машинесине колдонсо болорун изилдей баштагам. Ал кезде эсептөө машинелери лампа элементтеринен микроэлектроникага өтүп жаткан. Менин диссертациям лазер диоддорун эсептөө машинелерине колдонсо болот дегенди далилдөө эле. Алардын түзүлүшү, архитектурасына изилдөө жүргүзө баштагам.

Ошол кезде Советтер Союзундагы жарым өткөргүчтүү лазерлер боюнча эң кадыр-барктуу окумуштуу Жорес Иванович Алфёров болчу. Ал киши Бонч-Бруевич атындагы электротехникалык институтта Оптоэлектроника кафедрасын жетектеп турган. 42 жашка жаңы чыгып, атак-даңк келип турган кези эле. Биз бир көчөдө кошуна жайгашкан институттарда иштечүбүз. Мен ал кишиге көп барып, кеп-кеңешин укчумун. Андыктан Алфёровду окутуучум, устатым катары санайм.

Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

"Азаттык": Алфёров жетектеген топтун илимий табылгалары болбосо азыркы мобилдик телефонду, лазердик дисктердин, заманбап компьютердик технологиянын бүгүнкү жетишкендиктерин элестетүү мүмкүн эмес го? Академик өзү дүйнө жүзүн ушунча өзгөртөрүн сезди беле?

Аскар Акаев: Абдан көрөгөч адам эле. 1972-1978-жылдарда көп жолугуп, жакын болуп жүрдүк. "Дүйнө өзгөрөт, маалымат доору" келет деп айтып калчу. Мына бүгүн санариптик экономика деп атабыз. Өсүп-өнүккөн мамлекеттер санариптик экономика курабыз деп жатышат. Ошонун негизи болгон микроэлектроника революциясынын элементтеринин бирин Алфёров түзгөн. Дүйнө азыр жарым өткөргүчтүү гетероструктуралык элементтерди, лазерди, жарык диодун колдонуп, санариптик технологияга, ошондой эле күн нурунун энергиясына өтүп жатат.

Бул жагынан Кыргыз Республикасынын чыгыштагы кошунасы Кытай алдыга чыкты. Биз дагы Алфёров баштаган жарым өткөргүчтөрдүн революциясынын жемишин колдонушубуз керек.

"Азаттык": Жорес Алфёров "Орусияда илимий ачылыштар жасалат, бирок анын эч кимге кереги жок" деп айтканын билебиз. Илимпоз жарандык позициясын канчалык ачык айтчу эле?

Биз дагы Алфёров баштаган жарым өткөргүчтөрдүн ыңкылабынын жемишин колдонушубуз керек.

Аскар Акаев: XX кылымда бийликтин көзүнө тике карап, өз оюн так айта алган эки гана академик болду. Алардын бири Нобель сыйлыгынын лауреаты Пётр Леонидович Капица. Ал киши Иосиф Виссарионович Сталинге илим жана анын таасири жөнүндө өз оюн тайманбай айта алган. Сталин дагы ал кишинин каттарын окуп, көңүл бурган. Мына ошондуктан Советтер Союзу атом бомбасын кечиктирбей жасаганга жетише алды. Аны менен катар эле Капица Сталинди көп ката кетирүүдөн сактап калган.

Кийинки доордо меним оюм боюнча Алфёровдон башка бийликке сын айткан окумуштуу жок. Ал дагы бийликтин дарегине ачуу сөздөрүн айтып келди. "Илимге туура эмес мамиле болуп жатат" деп, акыркы реформанын "илимге эч кандай пайдасы жок", тескерисинче "зыяны зор экенин" ачык эле айтып жүрдү. Ошондуктан ал кишини жаңы заманда саясий жетекчилик көп жакшы көргөн жок. Мына Орусияда президенттин алдында Илим жана жаңы технологиялар деген атайын кеңеш бар. Ошол кеңеште Алфёров жок. Орусиядагы физика боюнча Нобель сыйлыгынын жалгыз лауреаты.

"Азаттык": Физика илиминде бурулуш жасаган окумуштууну Орусияда эмне кармап турчу эле? Анын мекенчилдигиби же өзү түптөгөн илимий мектебиби же сиздей кесиптештериби? Сиз айткандай, Кремль менен мамилеси деле анча жакшы болбоптур.

Аскар Акаев: Жорес Алфёров накта патриот адам эле. Ал өз принциптерин эч бир өзгөртпөй, коммунист бойдон калды. Акыркы 30-40 жылда канча өзгөрүүлөр болуп жатат, бирок ага карабай ал өз баалуулуктарынан танган жок. Ал патриот катары өзүнүн өлкөсүнө, туулган жерине кызмат кылды. Ал киши ойлоп тапкан жарым өткөргүч лазерлердин, диоддордун негизинде бүгүнкү замандагы смартфондор, гаджеттер, компьютерлер куралды да. Чет өлкөгө барса, ал киши миллиардер болуп жашамак.

"Азаттык": Адатта, Нобель сыйлыгын алган атактуу окумуштуулар дүйнөнүн каалаган жерине барып, эмгектене алат эмеспи. Алфёровго ошол эле Европанын, Американын, Жапониянын алдыңкы илимий - техникалык институттарынан сунуш түштү беле?

Ал киши ойлоп тапкан жарым өткөргүч лазерлердин, диоддордун негизинде бүгүнкү замандагы смартфондор, гаджеттер, компьютерлер куралды да. Чет өлкөгө барса, ал киши миллиардер болуп жашамак.

Аскар Акаев: Сөзсүз. 1970-жылдары докторлук диссертация жазып, ал кишиден консультация алып жүргөн кезде Алфёровго Америкадан абдан көп сунуш түшкөн.

Дүйнөдөгү эң кубаттуу IBM компаниясы баштагандар ишке чакырган. Миллиондогон доллар жылдык акы төлөйбүз деп кызыктырышкан.

Бирок ал киши эч качан материалдык, финансылык артыкчылыкка кызыккан эмес. Мына азыр Орусия капиталисттик өлкө. Бирок ал киши коммунист бойдон калды, Орусия социалисттик мамлекет болсо деп күрөшүп, депутат болуп шайланып жүрбөдүбү.

"Азаттык": Дүйнөлүк илимде бурулуш жасаган окумуштуу көзүнүн тирүүсүндө өзүнүн илимий капиталын толук пайдалана алдыбы? Ага шарт түзүлдүбү?

Аскар Акаев: Менин көз карашымда Жорес Алфёров өзүнүн потенциалын абдан жакшы пайдаланды. 2000-жылы Нобель сыйлыгын алгандан кийин президент Путин окумуштууга Санкт-Петербургда Академиялык физика-техникалык университет куруп берди. Ошол жерде физика-техникалык лицей дагы бар. Мектептен баштап окумуштуулук даражага чейин жеткире турган илимий борбор ачып, азыркы Орусия үчүн көптөгөн кадрларды даярдады. Санариптик экономика, төртүнчү өнөр-жай революциясын алдыңкы мамлекеттер азыр өздөштүрүп жатат. Ошол багыттардын баары Алфёровдун жаңы институтунда бар, студенттер окуп, адистер даярдалып жатат. Мына ошолор Орусияны XXI кылымда алдыга сүйрөп чыгып, күчтүү өлкөгө айлантат.

"Азаттык": Орусияда дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуунун мурасы канчалык баркталып, бааланат? Бул багытта Кыргызстанда эмне иш жасалса болот деп ойлойсуз?

Күн энергиясын алуу дагы Алфёровдун эмгегинин үзүрү. Кыргызстанда энергетиканын бул булагын кеңири колдонушубуз зарыл. Кыргызстан үчүн залкар окумуштуунун илимий эмгектеринин ролу өтө чоң.

Аскар Акаев: Алфёровдун илимий мурасы 30-40 жылдан бери колдонулуп келет. Мындан ары дагы улана берет. Мына ошонун баары санариптик экономиканы түзүүгө, төртүнчү өнөр-жай революциясынын ишке ашканына чоң түрткү болоруна терең ишенем.

Кыргызстанда дагы санариптик экономиканы жакшылап пайдалансак. “Кыргызстан в эпоху цифровой экономики на Новом Шелковом пути" («Жаңы Жибек жолундагы Кыргызстан санарип экономиканын доорунда” - ред.) деген аталыштагы китепти кызым экөөбүз быйыл чыгардык, төрт жыл мурда электрондук варианты жарыяланды эле.

Мына Кытай XXI кылымда Жаңы Жибек жолун түзүп жатат. IX-X кылымдарда Орто Азияда кыргыздар Жибек жолун көзөмөлдөгөнбүз. Анан эмне үчүн XXI кылымда кыргыздар санариптик технологиянын жардамы менне Жаңы Жибек жолун көзөмөлдөй албайт – деген ойдун негизинде китеп жазылды. Кыргыз жаштары окуп, ушуну кантип ишке ашырсак деген сыяктуу суроолор менен мага жазып жатышат.

Жорес Алфёровдун жарык диоддорун колдонуп, анын эмгеги менен компьютер, смартфон, жасалма интеллекттин баары чыкты. Кыргызстанда аларды сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Ошондой эле күн энергиясын алуу дагы Алфёровдун эмгегинин үзүрү. Кыргызстанда энергетиканын бул булагын кеңири колдонушубуз зарыл. Кыргызстан үчүн залкар окумуштуунун илимий эмгектеринин ролу өтө чоң.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG