Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Чөнтөк телефон акылды мокотот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Териде ооруну сезүүчү атайын организм бар экени аныкталды. Катуу жер титирөө болорун форшок алдын-ала эскертет. Смартфон мээни чарчатып, акыл жөндөмүн мокотот. Электромобил 6 мүнөттө заряддалчу болот.

Катуу жер титирөө болорун форшок кабарлайт

Түштүк Калифорнияда катталган 1,8 миллиондон көп жер титирөөнүн каталогундагы маалыматтарды изилдөө форшоктор болжол менен 4/3 жолу бир нече күндүн ичинде катуу (негизги) зилзала болору тууралуу сигнал беришкенин аныктаган.

Форшок (англис тилинде Foreshock) – күчтүү жер титирөөдөн бир нече күндөн бир нече жумага чейин мурда ошол жайда жердин силкиниши.

«Форшоктордун Түштүк Калифорниядагы жапырт активдүүлүгү» (Pervasive foreshock activity across southern California) деп аталган документке ылайык, 2008-2017-жылдары болгон күчү 4 балл жана андан көп жер титирөөлөрдүн 72 пайызынан мурда жер бир нече жолу силкинип, форшок болгон.

Түштүк Калифорнияда жана Невадада болгон күчү 6,4 баллдык жер титирөө. 4-июль, 2019-жыл.
Түштүк Калифорнияда жана Невадада болгон күчү 6,4 баллдык жер титирөө. 4-июль, 2019-жыл.

Буга чейин орто кубаттуулуктагы жер титирөөлөрдүн дээрлик 40% жана күчү 7 баллдан жогорку жер титирөөлөрдүн 70% алдында бүгүнкү шаймандар менен өлчөнгөн форшок болгону байкалган.

«Биз «жер титирөө болот» же «болбойт» деп бир жаңсыл божомолдобостон, статистикалык божомолдоо багытында баратабыз. Бул аба ырайын божомолдоонун тарыхына саал окшошуп кетет. Аба ырайын божомолдоонун бүгүнкү деңгээлине жетиш үчүн бизге жүздөгөн жылдарга созулган прогресс керек болду», - дейт АКШнын Лос-Аламосс улуттук лабораториясынын сейсмологу Даниэл Тругман (Daniel Trugman, Los Alamos National Laboratory).

Жер тектоникалык катмарлар кагылышканда жана жанар тоо атылганда титирейт.

Жаңы илимий табылга жер титирөө алсыз силкинүү учурунда энергия топтоп, анан катуу силкинет деген теория туура экенин ырастайт. Демек, жердин реалдуу убактагы сейсмикалык активдүүлүгү жөнүндөгү маалыматтарга таянып, кубаттуу жер титирөөнү алдын-ала билүүнүн ыкмасын иштеп чыгуу мүмкүн, дешет сейсмологдор.

Статистикалык маалыматтар боюнча, майда жер титирөөлөрдүн 5% гана күчтүү зилзаланы пайда кылат. Бул кубулушту билүүгө күчү 0 баллдан 1 баллга чейинки, ал түгүл минус 1 баллдан минус 2 баллга чейинки жер титирөөнү өлчөй алчу жаңы ыкма шарт түздү. Ал ыкманы Даниэл Тругман менен Калифорния технологиялык институтунун доценти Захари Росс (Zachary Ross, Caltech) иштеп чыккан. Мындай «өлүмтүк» жер титирөөнү реалдуу убакытта билүү мүмкүн эмес. Ал үчүн суперкомпьютер жана үч-төрт жума убакыт керек.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://agupubs.onlinelibrary.wiley.com)

Чөнтөк телефон адамдын акылын мокотот

Чөнтөк телефон мээни сергиткенге жардамдашпайт, тескерисинче интеллектуалдык жөндөмүн алсыратып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн азайтат.

Муну АКШнын Ратгерс университетинин (Rutgers, The State University of New Jersey) окумуштуулары 414 студент менен өткөрүлгөн эксперименттин натыйжасында аныкташты.

Төрт топко бөлүнгөн студенттерге 20 тамгадан турган анаграмма түзүүгө тапшырма берилген: 10 анаграмма танаписке чейин жана 10 анаграмма танапистен кийин түзүлүүгө тийиш болчу.

Алар, шартка ылайык, танапис учурунда дүкөндөн өз бюджеттерине жана керегине жараша үч затты сатып алышы абзел эле. Бул тапшырманы биринчи топтогулар смартфондо, экинчи топтогулар компьютерде, үчүнчү топтогулар кагаз бетинде аткарышкан. Контролдук топко танапис үчүн убакыт берилген эмес.

Танапис маалында чөнтөк телефон пайдаланган студенттер тапшырманы аткарууга башка топтогуларга караганда 19% көп убакыт кетирген жана натыйжалары башкалардан 22% төмөн болгон.

Окумуштуулар түшүндүргөндөй, смартфон кишинин оюн бир маселеге топтоо жөндөмүн начарлатат. Ал эми компьютердин мээге смартфондой тескери таасир эткени байкалган эмес.

Танапис убагында смартфонду «кучактап отургандардын» мээси катуу чарчап, берилген тапшырманы танаписи жок иштеген студенттерден анча-мынча гана дурус деңгээлде аткарышкан.

Доцент Терри Курцбергдин (Terri Kurtzberg, Rutgers Business School) айтымында, жумуш жана танапис учурунда смартфонго үңүлүп, кат-кабар жазышуу жана окуу кеңири жайылган көрүнүш. Ошондуктан бош убакта смартфонду пайдалануунун ден соолукка жана убакытты туура пайдаланууга тийгизген зыянын билүү маанилүү.

«Чөнтөк телефонго убакыт бөлүү башка танапистерден эч айырмаланбайт деп эсептейбиз. Бирок смартфонго улам-улам баш багып туруу аткаруучу жумушка бар дитиңди берип иштөөдөн алагды кылат»,- дейт Т. Курцберг. Себеби, демейде смартфондун экранына көз чаптырган кишинин башында «Эмне кабар келди экен?», «Мага ким чалышы мүмкүн эле?», «Эмне керектүү маалыматтар чыкты?» деген сыяктуу ой пайда болот.

(Булагы: https://www.eurekalert.org, https://www.sciencedaily.com)

Электромобил 6 мүнөттө дүрмөттөлөт

Электромобилдерди жана чөнтөк телефондорду тез дүрмөттөөчү аккумулятордун технологиясын Кембриж университетинде түзүлгөн стартап – «Echion Technologies» компаниясынын негиздөөчүсү Жан Де Ла Верпильер (Jean De La Verpilliere) иштеп чыкан.

«Күлмайда (орус тилинде - порошок) литий батареялардын негизги компоненти болуп эсептелет, - дейт Верпильер. - Күлмайданын жаңы түрү электромобилди 45 мүнөттө эмес, алты мүнөттө дүрмөттөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошон үчүн сиздин электромобилиңиз кадимки автокөлүктүн багын күйүүчү май менен толтургандай эле жеңил дүрмөттөлөт».

Д-р Верпильер мындай технологияда бүгүнкү литий-ион аккумуляторлордо колдонулган графиттин ордуна жаңы материал пайдаланганын айтып, жаңы материалдын атын купуя сактоодо. Бирок, маалымдалганга караганда, жаңы материал литий батареялардын (аккумулятор) инфратүзүмүнө кирет жана Верпильер аны эки жыл мурда Кембриж университетинде докторантурада окуп жүргөндө ойлоп тапкан. Ал удаа эле литий жана литий-ион негизиндеги аккумуляторлордо колдонулчу жаңы материалдарды инновациялоого адистешкен компанияны түзгөн.

Электрокөлүктү дүрмөттөчү шайман.
Электрокөлүктү дүрмөттөчү шайман.

Ушу тапта эң тез дүрмөт үчүн 45 мүнөт керек. Бензин же дизел майын жаккан автомобил багын күйүүчү май менен толтурууга мындан он эсе аз убакыт сарпталат. Эксперттердин айтымында, жаңы технология электротранспортту пайдланууда революциялык секирик жасоого жол ачат. Анткени айдоочулар электромобилди өз гаражында же жол жээгиндеги дүрмөттөөчү жайда чай же кофе ичип бүткөнчө эле дүрмөттөп алышат.

Бүгүн «Echion Technologies» күнүнө 1 кг күлмайда өндүрөт. 1 кг күлмайда бир автокөлүктүн аккумуляторун жасаганга кетет. Компания аккумулятор жасоочу белгилүү өндүрүүчүлөр менен кызматташып, «батареялардын жаңы муунун» жасоону 2020-жылдын жаз айында кеңири негизге коймокчу.

(Булагы: https://www.express.co.uk, https://www.cambridgeindependent.co.uk)

Компьютер кол жазманы 98% туура окуйт

Калемсап же калем менен жазылган тамгаларды жана символдорду компьютердин жаңылбай окуусун мүмкүн кылган жаңы ыкманы Тунистин Сфакс университетинин (University of Sfax) аалымдары иштеп чыгышты. Берегидей программа менен жабдылган компьютер латын жана араб арибинде жазылган тексттерди дээрлик 98% туура окуган.

Тунисттик аалымдар колдо жазылган текстти онлайн режимде окуунун жаңы ыкмасын иштеп чыгууда мурдагы ыкма менен катар жаңы классификаторлорду колдонушкан.

Ачылыш жөнүндө макалада компьютердин символдорду жана кол жазманы таануучу системасы кишинин мээсине окшош иштегени айтылат. Алар формасы жана аткарган функциясы жагынан сүрөттөрдү (элес) жана кишинин жүзүн таануучу, ошондой эле табигый тилди талдоочу (орус тилинде - обработка естественного языка, англис тилинде - natural language processing, NLP) нейрон желеге (тор) окшош болушат.

Киши түрдүү кол жазмаларды ажыратып тааныганды бала чагында үйрөнө баштайт. Ар бир адамдын түрдүү тексттерди түшүнүү жөндөмү конкреттүү кишилерди таануу (идентификация) жана түшүнүүсүнө жараша болот.

Макалада колдо жазылган текстти жана символдорду талдоонун эки системасы: 1) сегментация системасы жана 2) колдо жазылган текстти онлайн режимде таануу системасы сүрөттөлөт. Бул эки системада кыска мөөнөттүк ыкчам эстутум (OnHSR-LSTM) бар желе (тор) жана колдо жазылган текстти онлайн режимде таануу системасы пайдаланылат. Ал эми колдо жазылган текстти онлайн режимде таануу системасы кыска мөөнөттүк ыкчам эстутуму бар оромо (таңгакталма) желеден (OnHR-covLSTM) турат.

Биринчи cистема кишинин мээси барак бетиндеги графикалык белгилерди символдорго айлантат деген теорияга негизделген. Кыска мөөнөттүк ыкчам эстутум (OnHSR-LSTM) символдор менен тамгалардын жалпы жактарын таап, окшоштугу, айырмачылыктары боюнча иретке салып, программа окучу кодго айландырат. Ошондо колдо жазылган тамгалар да конфигурациясына жараша коддордун тизмеги болуп калат.

Кыска мөөнөттүк ыкчам эстутуму бар оромо (таңгакталма) желеден турган экинчи система символдорду жана сөздөрдү окуп айтып бергенге үйрөтүлгөн. Бул эки система араб жана латын арибинде жазылган кол жазмалардын маалымат базасын пайдаланып, колдо жазылган тексттин 98% көп бөлүгүн жаңылбай окуган.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://arxiv.org)

Тери эмне үчүн ооруну сезет?

Чор болгон таманга же алаканга ийне сайсаңыз, денеңиз оорубайт. Эмне үчүн? Көрсө, кишинин терисинде ийне сайылганын жана соккунун оорусун өтө жакшы сезчү атайын орган бар экен. Мунун Швециянын Каролинска институтунун (Karolinska Institutet) окумуштуулары табышты.

Көп кишилер механикалык таасирден улам пайда болгон оорудан катуу кыйналгандыктан анын жан сыздаткан азабынан куткаруучу дары үчүн чоң акча төлөөгө даяр. Медициналык статистика боюнча ар бир бешинчи киши сөөк сыздаткан же денени өйүгөн ооруну дамамат сезишет.

Ооруну сезүү аман калыш үчүн да керек, анткени организмдин рефлектордук реакциясы ткандар менен клеткаларды жарааттан сактайт. Мисалы, денеге курч темир тийгенде же колду ысык затка күйгүзүп алганда киши ооруну сезип, реакция кылат. Ошону менен өмүрүн коркунучтуу жарааттан сактайт.

Профессор Патрик Эрнфорстун (Patrik Ernfors) айтымында, ооруну сезүүчү клеткалар Шванн клеткалары (Schwann cells) деп аталып, формасы жагынан сегиз буттуу жандыкка бир аз окшошуп кетет.

Шванн клеткалары нервдерди айланчыктап, коргондой коргоп турушат. Алар нерв клеткаларына механикалык кысым болгонун сезип, мээге сигнал жөнөтүшөт. Мээ бул сигналды алган соң ийненин учу сайылган жерге сигнал жиберип, киши ооруну сезет.

Окумуштуулар оптогенетика ыкмасын пайдаланып, чычкандардын Шванн клеткаларын жарыкты өзүнө сиңирип алчу белоктор менен байытышкан. Жарык клеткага жеткидей сиңгенде белок Шванн клеткаларын жандандырып, чычкан буттарын улам сереңдете баштаган. Шван клеткаларын иштен чыгарып салганда чычкандар ооруну сезбей калышкан.

«Бул кыясы ысыкты жана суукту сезиш үчүн термалдуу Шванн клеткаларына караганда нервдер алда канча маанилүү экенин билдирет»,- дейт проф. Эрнфорс.

Сезүүнүн жаңы табылган органы эпидермис менен анын астындагы органдардын ортосундагы дерма (кориум, кутис) кошулган чек арада жайгашкан глиалдык клеткалардан турат. Глиалдык клеткалар денеге ийне сайылганда же денени катуу кысканда пайда болуучу механикалык дүүлүгүүнү аябай жакшы сезишет.

Бул ачылыш дененин сезүүсүнүн клеткалар деңгээлиндеги механизмин түшүнүүгө жардамдашат жана хроникалык оорунун табиятын түшүнүүдө чоң роль ойношу мүмкүн.

(Булагы: http://www.sci-news.com, https://www.livescience.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG