Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:29

Темгилдин пайдасы, роботтордун ашары


«Сары уй», 1911-жыл. Немис сүрөткери Франц Марк. Соломон Геггенхейм музейи. Нью-Йорк.

Космосто чарчабай иштечү роботтор. Жыгачты бекем кылуунун сыры табылганы калды. Зебранын темгили же уйлардын каталыгын азайтуунун жолу. Тыюу салынган баңгизаттарды колдонуу көбөйүп баратканы аныкталды.

«Зебранын терисиндеги ак-кара темгил эмне үчүн керек?» деген суроо окумуштууларды эбактан бери кызыктырат. Эволюция теориясынын негиздөөчүсү Чарльз Дарвин ак-кара темгил зебрага маскировка үчүн керек деп боолгологон. Дарвиндин пикири башка окумуштуулар тарабынан колдоо тапкан.

Мындай жоромолдор чындыкка коошпосун жапон аалымдарынын изилдөөлөрү көрсөттү. Алар алты кара уйдун экөөнүн оң капталын жана буттарын жол-жол кылып, ак боёк менен боёп, кадимки зебрага окшоштурушкан. Эки уйдун оң капталы кара темгил кылып боёлгон. Ал эми эки уй жөн калтырылган. Анан уйлардын капталын фотосүрөткө түшүрүп, cайгак, көгөн сыяктуу курт-кумурскалар кантип жана канча жолу чакканын эсептеп, ошондой эле алар чакканда кандай реакция кылганына байкоо жүргүзүшкөн.

Ошондо териси боёлбогон жана ак темгил кылып боёлгон уйларды 30 мүнөт арасында көгөн менен ийнеликтер 110 жолудан көп чаккан. Ал эми ала каптал уйларга мынча «ийне» 60 мүнөттө сайылган же алар мындай чабуулдан эки эсе аз жабыркаган.

Ушундан келип, окумуштуулар зебралардын терисиндеги темгили аларга кооздук үчүн кызмат кылгандан тышкары кан ичкич чымын-чиркейлерден коргойт деп бүтүм чыгарышат.

Чымындар карала малдын жонуна жана дубалдын кара ала жана ак бетине салыштырганда аз конушканын буга чейинки изилдөөлөр тастыктаган. Себеби, заттын карала өңдөрү бөлгөн жарыктын айырмасынан улам чымындардын көзү начар көрүп, жакшы коно албай калышат.

2019-жылкы изилдөөлөр да карала темгил жаныбарларды чымын-чиркейлердин чакканынан коргойт деген пикирлерди бышыктады. Окумуштуулар жети аттын тулкусун ак жана кара темгилдүү жука кездеме менен жаап коюшканда көгөндөр көбүн эсе аттардын кездеме жабылбаган баш жагына жана жапкычы жок аттарга конушкан.

(Булагы: https://buzzon.live, https://journals.plos.org, https://edition.cnn.com)

Жыгачты бекем кылуунун амалы табылдыбы?

Жыгач курулуш үчүн абдан ыңгайлуу материал болгонуна карабай, көп кабаттуу турак жай салуунун бүгүнкү стандартына толук жооп бербейт. Анын себептеринин бири - окумуштуулар жыгачтын түзүмүн акыр аягына чейин түшүнө элек.

Бул маселенин үстүнөн Кембриж университетинин биохимия кафедрасынын аалымдар тобу иштеп жатат.

«Жыгачтын бекемдиги анын молекулярдык архитектурасына байланыштуу болот. Биз эмгиче анын цилиндр өңдүү түзүлүшү - макрофибрилли кандай жайланышканын так билбей жатканбыз. Биз иштеп чыккан ыкма макрофибриллдердин түзүлүшүн жана дарактар (өсүмдүктөр) молекулярдык түзүлүшү жагынан кандай айырмаланганын көргөнгө мүмкүндүк берди. Бул жыгачтын тыгыздыгына жана бекемдигине кантип таасир этүүнү билгенге көмөктөшөт», - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири, д-р Ян Лычаковский (Jan J. Lyczakowski, University of Cambridge).

Британ окумуштуулары минус 200 градуска чейин тоңдурулган жыгачтын үлгүсүн карап көрүш үчүн төмөнкү температурада сканерлөөчү электрондук микроскопия (Cryo-SEM) техникасын колдонушту. Бул техника дарак сыяктуу клеткалардын чел кабыгынын (англис тилинде cell wall, орус тилинде клеточные стенки) түзүлүшүн нанодеңгээлде көрүп, жыгачтын булаларын түзгөн клеткалар кишинин чачынан миң эсе ичке абалында кандай жайгашканын көргөзөт.

Ошондой эле илимпоздор клеткалардын кийинки чел кабыгынын (латынча Arabidopsis thaliana деп аталат) макрофибриллинин түзүлүшүн изилдешкен.

Алардын айтымында, бул эки табылга жыгачтын архитектурасын дагы терең үйрөнүш үчүн модел болот.

«Arabidopsis thaliana бизге целлюлоза, ксилан жана лигнин сыяктуу түрдүү молекулалар макрофибриллдердин калыптануусуна жана жетилишине кандай салым кошконун билүүгө мүмкүндүк берди», - деди доктор Матье Бурдон (Matthieu Bourdon).

Профессор Пол Дюпринин (Paul Dupree) айтымында, дарактын молекулярдык архитектурасын түзүү (визуализация) анын ичиндеги полимерлердин жайгашуусун өзгөртүү анын бышыктыгына кандай таасир эткенин билүүгө жол ачат. Жыгачтын компоненттери кандай жол менен бириккенин түшүнүү өтө бекем конструкцияларды куруу, дарак кантип жетилгенин билүү жана жаңы материалдарды долбоорлоо үчүн маанилүү.

Эгер жыгачтардын өз формасын өзгөртүүгө каршылык көрсөтүүсүн жогорулата алсак, келечекте көк тиреген көп кабаттуу имараттарды курууга жол ачат.

Бүгүн дүйнө жүзүндө жыгачты жеңил жана экологияга зыянсыз курулуш материалы катары пайдаланууга болгон кызыгуу чоң. Ошон үчүн, проф. Дюпринин айтымында, «жыгачты азыркыдан алда канча бекем кыла алсак, бетондон акырындап жыгачка өткөн жана азыркыдан алда канча чоң конструкцияларды» курууга жол ачылмак.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.sciencedaily.com)

Кокаин, амфетамин, метамфетамин, экстази баңгилер көбөйдү

Баңгилер көбөйүп баратканын 41 эл аралык институттун изилдөөсү айкындады. Алар 2011- 2017- жылдар арасында 37 өлкөдө баңгизаттарды мыйзамсыз колдонуунун масштабын талдап, 2017-жылы Европада кокаин баңгилери кескин көбөйгөнүн, Австралияда метамфетамин чоң мүшкүлгө айланганын көрүшкөн.

60 миллион адам жашаган 120 шаардагы агынды суулардын үлгүлөрүн талдап көргөн соң ушундай тыянак чыккан.

Наркомониторинг алгачкы үч жылда Европанын шаарларында, кийин АКШда, Канадада, Колумбияда, Израилде, Мартиникада, Түштүк Кореяда, Австралияда, Жаңы Зеландияда чогуу жүргүзүлгөн.

Аталган өлкөлөрдөгү 143 суу тазалоочу станцияга (СТС) келген агындылардын үлгүлөрү март же апрель айларында жумасына кеминде бир жолу текшерилген. Европанын 14 өлкөсүндөгү 19 миллиондон ашык калк жашаган 26 шаардагы 29 СТС агындылардын үлгүлөрүн беш жана андан көп жылдар үчүн берген. Бул маалыматтардын негизинде убактылуу өзгөрүүлөрдү баалоонун усулу иштелип чыккан. Австралиянын Канберра жана Тувумбе шаарларында үч жылда метамфетаминди колдонуу 170% күчөгөн же 1000 адам/күнгө эсептегенде 271 миллиграммдан 331 миллиграммга, Аделаидде мурда 507 мг болсо, кийин 659 мг чыккан.

Метамфетаминчи баңгинин колдору. АКШ.
Метамфетаминчи баңгинин колдору. АКШ.

АКШнын Сиетл шаарында 1000 адам/күнгө 230 мг, ал эми Чыгыш Европа өлкөлөрүндө 150 мг туура келет.

Кокаин керектөө орточо 13% көбөйгөн. Лондон, Бристол, Амстердам, Цюрих, Женева, Санкт-Галлен, Антверпен шаарларында миң адамга алганда кокаинди күндүк керектөө 600-900 мг тете.

Амфетаминчилер Белгияда, Нидерландыда, Швецияда, Исландияда арбыган.

Экстази эң популярдуу өлкө - Нидерланд. Бул зат Хелсинкиде, Ослодо, Брюсселде, Барселонада да көп колдонулчу болгон.

Европада баңгизаттарды колдонуунун деңгээли боюнча көч башында Антверпен, Амстердам, Цюрих, Лондон, Барселона шаарлары, эң артта Грекиянын, Португалиянын, Финляндиянын, Польшанын, Швециянын шаарлары турат.

«Мыйзамсыз баңгизаттардын рыногунун масштабын аныктоо, өкмөттөргө көлөмү 100 миллиард доллардан чоң индустрия менен күрөшүүнүн оптималдуу жолун табуу үчүн маанилүү. Бул индустрия оорулардын дүйнөлүк машакатын көбөйтүп, көптөгөн өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө таасир этет», - дейт Түштүк Австралия университетинин химик-аналитиги, доктор Ричард Бэйд (Richard Bade, UniSA).

Илимпоздун айтымында, метамфетаминди колдонуу бир нече ооруга, анын ичинде психиканын бузулушуна, жүрөктүн кагыш ыргагынын тездешине жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка алып келет.

(Булагы: https://onlinelibrary.wiley.com, https://www.sciencedaily.com)​

Топ-топко биригип жумуш бүткөрчү роботтор

Бүгүнкү чоң авиалайнерлердин канаттары бир ишканада, фюзеляждары экинчи, куйрук бөлүгү үчүнчү заводдо жасалып, акыр аягында борбордук ишканада авиалайнер толук кураштырылат.

Эгер авиалайнердин бардык бөлүктөрүн бир ишканада чогултуп, бул жумуштун баарын роботтор аткарсачы? Мындай идеяны кантип ишке ашыруу - Массачусетс технологиялык институтунун Биттер жана атомдор борборунун (MIT’s Center for Bits and Atoms) аспиранты Бенжамин Женнеттин докторлук диссертациясынын темасы. Проф. Нейл Гершенфильддин аспиранты өз изилдөөсүндө BILL-E (Bipedal Isotropic Lattice Locomoting Explorer) деп аталган кенедей роботтор майда түзмөктөрдү гана эмес, чоң түзүмдөрдү да баштан-аяк кураштырган чекке жетти. V тамгасы же саржан формасындагы бул роботтор килейген же чоң өлчөмдөгү түзүмдөр тургузулчу үч өлчөмдөгү блокторду, вокселдерди төрт аягы менен тең кармап, буйруган жайыңызга алып барып, бири-бирине кынаштырып коюшат.

Алар мейкиндиктеги ордун жанындагы блокторго карап аныктай алгандыктан, навигациялык системасыз эле жумушун аткара беришет.

BILL-E роботтору, проф. Гершенфелдин айтымында, робототехниканын жаңы түрүнүн негизинде жасалган. Азыр робототехника эки категорияга бөлүнөт. Бири кымбат компоненттерден жасалып, конкреттүү жумуштарды аткарууга ыңгайлашса, экинчилери кымбат эмес сериялуу өндүрүлгөн модулдардан жасалып, эмгек өндүрүмдүүлүгү анча жогору эмес. Ал эми жаңы роботтор жогоруда сүрөттөлгөн эки роботко тең альтернативалуу. Себеби, биринчи типтегилерге караганда бир кыйла жөнөкөй, бирок экинчилерине караганда алда канча натыйжалуу болгондуктан, учактардан тартып көпүрөлөр менен имараттарга чейин курууда революциялык секирикке жол берет.

Тийиштүү программа менен камсыздалган жаңы роботтор иштин көлөмүнө жараша майда же чоң топко биригип, чоң объектилерди ыкчам жана оптималдуу жол менен куруп бүткөрүшөт. Аларды имараттарды реконструкциялоо, жараксыз бөлүгүн алып салып, жаңы бөлүгүн куруу үчүн да пайдаланса болот.

BILL-E роботторун НАСАнын ARMADAS долбоорунда каралган Айдагы космостук базаны курууда жана космостук станцияларды туруктуу тейлөө үчүн пайдаланса болот.

«Мындай өтө жеңил санариптик материалдар натыйжалуу, ири масштабдагы татаал конструкцияларды курууда укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Андай конструкциялар аэрокомос тармагы үчүн өтө маанилүү, - дейт Германиянын Брауншвейг техникалык университетинин Операциялык системалар жана компьютердик желелер институтунун мүдүрү Шандор Фекете (Sandor Fekete). - Бул тармакта кичинекей жана жөнөкөй роботторду пайдалануу кйиинки секирикке негиз болот. Роботтор чарчашпайт да, зеригишпейт да… Б. Женнет менен шериктеринин өтө оригиналдуу иши менен учактардын динамикалуу жөндөлүп турчу канаттарын, килейген күн парустарын же максатка ылайык функциясы өзгөртүлмө космостук станцияларды куруу багытында эбегейсиз секирик жасалууда».

(Булагы: http://news.mit.edu, https://www.popularmechanics.com)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG