Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:29

Пхеньян тогузунчу ракетасын учурду


Түндүк Корея өлкөнүн чыгыш жээгинен деңизди карай кеминде бир ракетасын учурганы кабарланууда. 2-октябрь, 2019-жыл

Түндүк Корея 2-октябрда кайрадан ракета учурганы белгилүү болду. Бул - Пхеньяндын үч ай ичиндеги тогузунчу сыноосу. Өлкө август айында да беш ракетасын сыноодон өткөргөн.

Жапония Пхеньянды БУУнун резолюциясын бузду десе, Сеул сыноолорду кайталоо менен Түндүк Корея өзүнүн ракеталык технологиясын жакшыртып жатат деп эсептейт.

Түндүк Корея өлкөнүн чыгыш жээгинен деңизди карай кеминде бир ракетасын учурду.

Жапон бийлигинин маалыматына караганда, ал Жапониянын атайын экономикалык аймагын көздөй учкан.

Токио эки ракетаны байкаганын кабарлап, Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузганын билдирди.

Түштүк кореялык жоокер Пхеньяндын ракета учуруусу тууралуу телепрграмманы көрүп жатат. 2-октябрь, 2019-жыл
Түштүк кореялык жоокер Пхеньяндын ракета учуруусу тууралуу телепрграмманы көрүп жатат. 2-октябрь, 2019-жыл

Ал эми Түштүк Корея Пхеньяндын ракетасы суу алдынан жүрө турган кемеден атылышы мүмкүн деп эсептейт.

Маалыматка караганда, ракета өлкөнүн түштүк чыгышындагы Вонсан аймагына жакын жерден учурулган.

- Алынган булактардагы маалыматтарда ракета бийикке карай 910 чакырым, ал эми узакка карай 450 чакырым учкан. Бул Вонсандан 17 чакырым түндүк-чыгыштагы жерде болгон. Биз окуянын майда-баратын иликтейбиз. Анткени ракета атылган жер деңиздин аймагы, ошондой эле бул "Пукгуксонг" түрүндөгү ракета болушу мүмкүн, - деди Түштүк Кореянын коргоо министри Чон Ген Ду.

"Пукгуксонг" Түндүк Кореяда жасалган, орто аралыкка уча алган баллистикалык ракеталардын түрүнө кирет.

Бул Пхеньяндын АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 30-июнда эки Кореянын демилитаризациялык аймагында жолугушуп, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүнү жандандырууну макулдашкандан берки тогузунчу жолу ракета учурушу.

Маселен, Пхеньян август айында беш ракетасын учурган.

Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасын токтотууга багытталган сүйлөшүү февраль айында Вьетнамдагы саммит ийгиликсиз аяктагандан бери алдыга жыла элек.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдагы жолугушуусу. 28-февраль.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Вьетнамдагы жолугушуусу. 28-февраль.

Түндүк Кореянын бийлиги акыркы ракета сыноосунан бир күн мурда АКШ менен сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу билдирүүсүн жарыялаган.

Тышкы иштер министринин орун басары Чхве Сон Хинин атынан таратылган билдирүүдө Пхеньян менен Вашингтон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү 5-октябрда өткөрө турганы кабарланган. Жолугушуу кайда боло турганы айтылган эмес.

“Түндүк Кореянын делегаттары АКШ менен сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр. Мен жумушчу сүйлөшүүлөр АКШ менен Түндүк Кореянын алакасы жакшы жагынан өнүгүшүн тездетет деп үмүттөнөм” деп айтылат дипломаттын билдирүүсүндө.

Ал эми Түндүк Кореянын БУУдагы туруктуу өкүлү Ким Сонг Пхеньян жарым өзөктүк куралдан арылтууга багытталган сүйлөшүүлөр үчүн Кошмо Штаттар менен жолугууга даяр экенин айтып, буга чейинки кездешүүлөр ийгиликке жетпей калганына Вашингтондун чагымчыл аракеттери, анын ичинде Түштүк Корея менен бирге өткөргөн аскердик машыгуу себеп болгон деп эсептейт.

- Түндүк Корея менен АКШнын мамилеси олуттуу прогресске жетише алган жок жана Корей жарым аралында чыңалуу сакталып турат. Бул нерсени Түндүк Кореяга карата душмандык саясатты карманган АКШнын саясий жана аскердик чагымы менен түшүндүрсө болот, - деди Түндүк Кореянын БУУдагы өкүлү Ким Сонг.

Февралда Вьетнамда ийгиликсиз аяктаган сүйлөшүүдө Трамп Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан акырындык менен баш тартуу, анын ордуна санкцияларды азайтуу боюнча сунушун четке каккан. Америка тарап Пхеньян өзөктүк программасын толугу менен токтотушу керек деп эсептейт.

Америкалык талдоочулар Түндүк Корея бул ракета сыноону сүйлөшүүлөр учурунда Вашингтонго басым көрсөтүү үчүн жүргүзүп жасап жатат деп эсептейт.

Бул сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын өзөктүк программасын толук токтотууну, анын ордуна Пхеньянга каршы киргизилген АКШнын бардык санкцияларын алууну көздөйт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG