Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:08

Үркүн тууралуу реквием


Сталбек Бактыгулов. Сүрөт журналист Кылычбек Мурзалиевдин Ютубдагы баракчасынан алынды.

Белгилүү композитор Сталбек Бактыгуловдун “Үркүн” симфониялык поэмасы 2016-жылы абройлуу конкурста чоң байгеге ээ болгон. Композитор кыргыз элинин тарыхый жолундагы кайгылуу, оор учурга – 1916-жылкы Үркүн темасына кайрылган.

Калк кайгысы

Чыгарма тынч жашаган калктын кантип бүлүк түшүп, оңунан чыкпай калган көтөрүлүштөн соң жабыла Кытайга качканы, көргөн азап-тозоктору, калк башына түшкөн трагедия музыка тилинде баяндалган.

Үркүн темасын музыка тилине көчүрүү аракети социализм заманында эле башталган. Анын хрестоматиялык чындыкка айланып кеткен көркөм мисалы катары улуу акын Жусуп Турусбековдун айтылуу “Ажал ордуна” музыкалуу драмасын эске алсак болот. Бирок мына ушул олуттуу тема ал заманда саясий конъюнктуранын, "улуттар достугу" деген түшүнүк алдында өзүнөн өзү басылып, айтылбай деле калган.

"Үркүн" фильминен үзүндү.
"Үркүн" фильминен үзүндү.

Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин кыргыз элинин башына түшкөн чоң алаамат кайра козголуп, азапка малынган элдин тарыхын эске салган эстеликтер тургузулуп, чыгармалар жазыла баштаган. Ушул ыңгайда былтыр Маданият жана туризм министрлиги тарабынан Үркүндүн жүз жылдыгына карата кыргыз композиторлорунун арасында уюшулган конкурстун маани-мазмуну өзгөчө.

Бир караган адамга кыргыз композиторлору ири жанрларга кайрылбай, жазгандарын өздөрү гана угуп, ири музыкалык окуяны баштагыдай баалоо, маани-жайын чечмелеп берүү жагы унутта калгандай сезилери бышык. Бирок да 1916-жылкы Улуу Үркүндүн жүз жылдыгына карата 2016-жылы өткөрүлгөн конкурска болжолдогондон көп чыгармалар келип түшкөнү жюри мүчөлөрүн эле таңдандырбай, музыка коомчулугу үчүн да жагымдуу жаңылык болду.

Калыстар тобунун мүчөсү, белгилүү музыка таануучу Тимур Саламатовдун айтуусунда, конкурска улуу-кичүү музыка чеберлеринин отуздан ашуун чыгармалары келип түшкөн.

Тимур Саламатов.
Тимур Саламатов.

- Бул абдан чоң жумуш. Алардын арасынан композитор Сатылган Осмоновдун симфониясы, Сталбек Бактыгуловдун симфониялык поэмасы – бул да ири оркестрдик чыгарма экен. Чынын айтканда, калыстар тобу бир топ кыйынчылыкка дуушар болду, анткени мынчалык көп чыгарма келерин күтүшкөн эмес. Талашып-тартышып отуруп бир топ конкурстук орундарды бөлүүгө туура келди. Анткени чыгармалар да көп, катышуучулар да көп болду. Конкурска сунуш кылынгандардын көбү алкоого арзычу чыгармалар.

Мына ошолордун ичинде Сталбек Бактыгуловдун “Үркүн” аттуу симфониялык поэмасы да бар. Үркүн - өтө жооптуу тема, ага кайрылуунун өзү абдан чоң жоопкерчилик. Чыгарманы жазып жатканда композитордо "Кандай деңгээлде ошол теманы көтөрө алам?" деген суроо туруш керек. Мына ушул ыңгайдан алганда, Сталбек Бактыгуловдун “Үркүн” поэмасы - олуттуу теманы ачып бере алган чыгарма десек болот. Композитордун жекече чыгармачылыгынын жаңы деңгээлге көтөрүлүшү катары баалоого жарай турган поэма.

Удургуган эл, жазыксыз кырылган карапайым калк

Үркүн - кыргыз элинин өткөн кылымдын башында туш келген кайгылуу трагедиясы. Андан карапайым калк өзгөчө жабыр тарткан. Айрым тарыхый маалыматтарга караганда, бу кандуу калабадан Кыргызстандын Чүй боорунда, Көл кылаасында, Нарындын бир топ аймактарында жашаган кыргыздардын теңине жакыны жазалоочу отряддын огунан, оор жолдогу кыйынчылыктардан, Кытай жериндеги ачкалыктан, оору-сыркоодон набыт болгон. Падышалык Орусиянын ошол канабайрамынан аман калгандардын кыйласын кийинки сталиндик репрессия менен Улуу Ата Мекендик согуш жайпап, калктын саны кескин азайып кеткен.

Композитор Сталбек Бактыгуловдун Үркүнгө арналган симфониялык поэмасы мына ушул тарыхый татаал темага арналган. Анда жай турмуш ырааты, капыс келген Үркүндөн эси оогон карапайым адамдардын санааркоосу менен кабатырлыгы, алааматтан өзүн жоготкон кайгы-муңу, эңгезер күч алдында эмне кыларын билбей, бейкүнөө калкты кыргынга учураткан душманга карата каргышы, оор кезеңдеги адам баласынын ар кыл сезим-туюмдары баяндалат.

Композитор бул чыгармасын бир топ жылдар ойлонуп, кийин сааты келгенде нотага түшүргөнүн, кийинки кездери музыка жаратмандары жазгандарын өздөрү гана угуп, симфониялык музыка ушундай абалга түшүп калган чакта да чыгармачылыгын арасат калтырбай жаратмандык ишин токтопой келатканын белгилейт.

- Биздин Маданият министрлигибиз конкурс уюштуруп, ошондо биз кадимкидей демденип, шыктанып калдык. Замандын оош-кыйышы жүрөгүңдөн өтөт экен, баары бир таасир этет экен. Турмуштун шарданында жүрүп нары жакка, бери жакка урунат экенсиң. Жан дүйнөңдү чачып алган бир учуруң болот экен.

Жан-дүйнөнү “чачып алган” ошондой бир учур композитордун мына ушул симфониялык поэмасында чагылдырылган. Сталбек Бактыгуловдун чыгармачылык диапазону кенен. Ал обондуу ырлардан, кыскача этюд, чакан жанрлардан тартып ири симфониялык, аспаптык чыгармаларга, балет сындуу музыканын татаал формаларына кайрылып, алардын бир тобу чет элдик оркестрлерде ойнолуп, кыргыз музыкасынын атын чыгарып келатат.

“Үркүн” симфониялык поэмасы анын чыгармачылык баралына келип, кыргыз элинин тарыхындагы оор учурду музыкага оодарып, ал аркылуу угармандарды өткөндү унутпоого чакырып, калк трагедиясына кайрылат. Композитор Сталбек Бактыгуловдун “Үркүн” симфониялык поэмасынан үзүндүнү чогуу угуп көрөлү.

Үркүнгө реквием
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:03 0:00
Түз линк

Буга кошумчалай кетчү дагы бир маалымат. Композитор Сталбек Бактыгуловдун №2 симфониясы америкалык дирижёр Чарльз Ансбахер жетектеген академиялык оркестрдин репертуарына кирип, дүйнөлүк музыка сүйүүчүлөргө тартууланып келатат. Анын "Күмүш камчы" аттуу бир актылуу балети, "Курманжан датка" балети, отузга жакын симфониялык, вокалдык-симфониялык, камердик-аспаптык, драмалык спектаклдерге жазган музыкасы, киномузыкасы, вокалдык чыгармалары, обондуу ырлары угармандарга белгилүү. Сталбек Бактыгулов окурмандарга жазуучу катары да таанымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG