Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

ТАР: Зуманын "оюну бүттү"


Жейкоб Жуманын 14-февралдагы кайрылуусунан бир көрүнүш, Претория шаары.
Жейкоб Жуманын 14-февралдагы кайрылуусунан бир көрүнүш, Претория шаары.

Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) президенти Жейкоб Зума өз партиясынын басымынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болду. "Африканын улуттук конгресси" коррупция жаңжалдарында аты аталган президентти шаршембинин кечине чейин кызматтан кетүүгө чакырган.

"Оюн бүттү"... Түштүк Африкадагы "Претория-Ньюс" гезити Жейкоб Зуманын президенттик кызматтан кеткенин дал ушундай аталыш менен окурмандарына кабарлады.

2009-жылдан бери республиканы башкарып келген, артынан коррупцияга байланышкан дооматтар ээрчиген президенттин чечимин преториялыктардын көбү кубануу менен кабыл алышты.

"Ал үчүн кызматтан кетүү кыйын болду. Түштүк африкалыктар муну күтүп жатканбыз. Ал өлкөнү начар кырдаалга алып бараткан. Өлкө бир киши үчүн туңгуюкка кептелбеши керек. Кызматын тапшырганы жакшы болду. Биз майрамдашыбыз керек", - деп билдирди Преториянын тургуну Тшепо Кгобане.

Жейкоб Зума тууралуу телекабар. Кейптаун, 14-февраль, 2018-жыл.
Жейкоб Зума тууралуу телекабар. Кейптаун, 14-февраль, 2018-жыл.

Шейшембиде бийликтеги "Африканын улуттук конгресси" партиясы президент Жейкоб Зумага шаршембинин кечине чейин кызматтан кетүүгө убакыт берген. Болбосо 15-февралда парламентте ага ишеним көрсөтпөө маселеси каралмак.

Былтыр октябрь айында Түштүк Африка Республикасынын Жогорку апелляциялык соту Зума коррупция, көз боемочулук, акчанын изин жашыруу сыяктуу 18 айып боюнча жооп бериши керек деген бүтүмгө келген.

Бирок Жейкоб Зума кызматтан кетүүгө негиз берген мыйзамсыз ишке барбаганын айтса да, партиянын талабына көнүүгө аргасыз болгонун шаршембинин кечиндеги 30 мүнөттүк телекайрылуусунда жарыялады:

- Мен саясий кызматтан кетүүдөн коркпойм. Болгону өз партиямдан "орунду бошот" деген талапка негиз берген себептерди жана мыйзамсыз иштеримди түшүндүрүп берүүнү сурагам. Мен ишеним көрсөтпөө маселесинен же импичменттен коркпойм. Булар биздин президентти кызматтан кетириш үчүн ажайып кооз өлкөбүздүн элине берилген мыйзамдуу механизмдер. Ошондуктан мен президенттик кызматтан кетүү тууралуу дароо ишке кире турган чечимди кабыл алдым.

Вице-президент Сирил Рамафоса.
Вице-президент Сирил Рамафоса.

Эми 75 жаштагы Зуманын ордуна убактылуу президент болуп вице-президент Сирил Рамафоса келе турган болду. Ал былтыр декабрь айында да Зуманын ордуна "Африканын улуттук конгрессинин" төрагалыгына шайланган.

2019-жылдагы президенттик шайлоодо жеңип чыгышы күтүлүп жаткан Рамафоса өткөн жуманын соңунда Кейптаундагы жыйында паракорлорго каршы күрөшүүгө убада берген:

- Биз коррупцияга каршы күрөштү улантабыз. Паракорлор жана жакырлардын мүлкүн уурдагандар жоопко тартылышын камсыз кылабыз. Муну өлкөнүн мурдагы президенти Нельсон Мандела да кааламак.

Түштүк Африка Республикасынын түндүгүндөгү КваЗулу-Натал аймагында туулуп өскөн Жейкоб Зума жакырчылыктын айынан мектепте толук билим алган эмес. Ал 1959-жылы "Африка улуттук конгрессинин" катарына кошулуп, бир нече жыл бою партиянын аскердик канатынын жигердүү мүчөсү болгон.

Ал 21 жашында "Түштүк Африкадагы апартеид режимин кулатуу аракетине катышкан" деген айып менен Нобель тынчтык сыйлыгынын ээси Нельсон Мандела сыяктуу Роббенэйланд аралына 10 жылга абакка кесилген. Апартеид режими аяктагандан кийин 1999-жылы ТАРдын вице-президенти болуп иштеп, он жылдан кийин президент болуп шайланган.

55 миллиондон ашык калкы бар Түштүк Африка Республикасын тогуз жыл башкарган Зума соңку үч айда партия жана парламенттин талабынан улам кызматтан кеткен Африкадагы экинчи мамлекет башчы болуп калды. Былтыр ноябрда 37 жыл бою Зимбабведеги башкы саясий кызматты ээлеп турган 93 жаштагы Роберт Мугабе да импичмент талабынан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG