Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Асемов: Кыргыз үчүн Африка деле алыс эмес


Талант Асемов Намибиядагы түпкүлүктүү калктын өкүлү менен.
Талант Асемов Намибиядагы түпкүлүктүү калктын өкүлү менен.

Кыргызстандык Талант Асемов жакында эле Африканын Намибия, Зимбабве жана Ботсвана мамлекеттерин кыдырып, ал жактагы бушмен, химба, окаванго деген түпкүлүктүү калктардын жашоосу менен таанышып келди.

“Африканы бир ай кыдырдым”

Май айында Африка континентинде болуп, 31 күн саякаттадым. Өзүм Кыргызстанда туризм тармагында эмгектенем. Германиядан, Европадан келген туристтерге өлкө ичинде турларды уюштуруп, мекенибиздин кооз жерлерин кыдыртам.

Ошондой саякаттардын биринде конокторубуздун бири буга чейин Африка мамлекеттеринде болгонун айтып, сүрөттөрүн көргөзүп, мени абдан кызыктырып койду. Африкага баруу, телевизордон көргөн жаныбарларды көрүү бала кезден берки кыялым эле.

Дароо эле кантип баруунун жолдорун, шарттарын сурап, андан көптөгөн кеңештерди алдым. Ошентип бир жылдай даярданган соң жөнөп кеттим. Мен Намибия, Зимбабве жана Ботсванага бардым. Үйдөгүлөр ал жакка барарымды укканда эле кооптонушуп “арстан жеп салсачы” же “бирөө уурдап кетсечи” деп айтып жатышты. Буга чейин деле жалгыз саякаттап көнүп калгам, ошол себептен бул ирет деле өтө корккон жокмун. Башында бир аз элдерди сүрөткө тартсамбы, тартпасамбы, кандай кабыл алышат, жаман көрүшпөйбү деп бушайман болдум. Бирок тез эле көнүп, ошол жергиликтүү калктын тилинде учурашып, сөз баштасаң эле алар деле меймандос, биздей эл болот экен.

Мен чөлдөрдө жашаган бушмен, химба, окаванго жана дамара деген ал жактын түпкүлүктүү элдеринин жашоо шарттары менен таанышып келдим. Негизи бул саякатымдын максаты ошол уруулардын жашоосу менен жакындан таанышуу эле. Бул элдер абдан таза, ичинде кири жок экен. Аларга бир нерсени айтып күлдүрсөң да ишенчээк, ошого жетине албай чын жүрөгүнөн кубанышып, чогуу ойношуп, айтор жаш баладай экен. Анткени булар цивилизацияны көп көрбөгөндүктөн кичине нерсеге да кубанышат экен. Анын үстүнө булар мен сыяктуу азиатты деле көрбөгөндүктөн мен аларга, алар мага кызык болду окшойт.

“Машинемдин үстүндөгү чатырда уктадым”

Бул жерде туристтерге атайын жолтандабас машинелерди ижарага берет экен. Мен да ошондой, үстүндө чатырчасы бар машинени ижарага алып, кечинде ошол чатырчанын ичине жатып жүрдүм. Бирок, албетте, коопсуздук чараларынан улам көрүнгөн жерге жатканга уруксат берилбейт. Маселен, жырткыч жаныбарлар бар токойлуу жерлерде болбойт экен, андай жактарда уктамак турсун, машинеден сыртка чыкканга да тыюу салыныптыр.

Жатакана катары атайын машине менен барып токтоочу жайлар бар экен. Ал жактарда душ, даараткана, свет орнотулган. Кудум мендей болуп саякаттап жүргөн туристтерди абдан көп көрдүм. Алардын көбү Европадан жана Америкадан келишиптир. Мен эми каражатымды үнөмдөп саякаттоонун ушул жолун тандадым, негизинен көп эле мейманканалар, конок үйлөр бар экен. Акыркы 2-3 жыл ичинде Намибияда жолдор салынып, асфальт төшөлүптүр. Асфальттанбаган жолдору деле уңкур-чуңкуру жок түз. Биздин Кыргызстанга караганда, чынын айтыш керек, жолдору жакшы экен.

Бул мамлекеттердин өкмөттөрү атайын өнөктүк жүргүзүп, “туризм бизге пайда алып келип жатат, ошол себептен туристтерге тийбегиле” деген сыяктуу түшүндүрмө иштерин өткөрүшүптүр. Ошондуктан коопсуздук жагы абдан жакшы каралыптыр, мен дээрлик бир айдын ичинде жергиликтүү калк тарабынан жабыркаган же тонолгон туристтерди көрө алган жокмун. Ал эми токойлордо жашаган байыркы уруулардын өкүлдөрү, алар деле кишиге тийишпейт экен. Мен алардын үйлөрүнө чейин кирип, жашоо шарттары менен таанышып жүрдүм.

Албетте ар бир адам кай жакка барбасын өзүнө-өзү сак болуш керек да. Кырсык мыкты өнүккөн мамлекттерде деле болушу ыктымал. Мага баарынан ушул Намибия жакты. Анткени Ботсвана бир аз кымбатыраак экен. Маселен, ар бир машине токтотуучу жайга киши башына жыйырма доллардан төлөйт экенсиң, ал эми улуттук парктарына кирүү 15-20, айрым жерлерде 50 долларга чейин жетет экен. Ал эми Намибияда эки эсе арзан. Ошондуктан ал жакта турист да көп экен.

Намибияда бир жума Атлантика океанынын жээгинде тюлендердин жана деңиз мышыктарын сүрөткө, видеого тартып, алардын кылык-жоруктарына көз салып өткөрдүм. Океандын абасынан дем алып, ден соолугумду да чыңдап алдым.

Талант Асемов ижарага алган чатырчасы менен машине.
Талант Асемов ижарага алган чатырчасы менен машине.

"Эми Монголияга барам"

Көп эле мамлекеттерде болдум, Европанын бир катар Германия, Голландия, Австрия, Чехия, Мальта сыяктуу өлкөлөрүнө бардым. Акыркы төрт-беш жылдан бери коңшу мамлекеттерди кыдырып баштадым. Маселен, Казакстандын түндүгүн да, түштүгүн да кыдырдым. Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймактарына чейин бардым. Быйыл болсо Өзбекстандын башына жаңы президент келип, визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү ачылганда ал жакка да жубайым менен барып кыдырып келдим.

Азыр болсо алдыга Монголияга барып келсем деп максат коюп атам. Монголия абдан чоң өлкө эмеспи. Бир жагынан экинчи тарабына жетиш үчүн көп убакыт, анан каражат талап кылынат. Ошондуктан абдан жакшылап пландаш керек. Болбосо жөн эле чөлдө айланып, туш келди жактарга бара берсе күткөндөй болбой калышы мүмкүн. Мен негизи ар бир саякатыма жакшылап ийне-жибине чейин изилдеп даярданам.

"Кыргыз үчүн Африка деле алыс эмес"

Ар бир саякатка чыгууга абдан жакшылап даярдануу үчүн көп убакыт жана каражат талап кылынат. Мен да Африкага баруу үчүн атайын максат коюп, бир жылдай даярдандым. Негизи эле саякатка сарптаган акчага эч кейибейм. Тескерисинче кайсы бир саякаттан келгенде абдан көп акыл байлыгын топтоп келдим деп эсептейм.

Кээде адамдар той-топур, оюн-зоок сыяктуу нерселерге деле андан көп акча коротушат. Менимче ушундай чыгымдарды кыскартып же болбосо бир жакка чыгып келүүнү максат кылып, ниет кылып, каражатты акырындан топтой баштаса эле керектүү сумма кантип чогулуп калганын өзү сезбей калат. Башка жактан болсо да бир мүмкүнчүлүк пайда боло калат, ошол себептен максат коюш керек деп ойлойм.

Талант Асемов үй-бүлөсү менен.
Талант Асемов үй-бүлөсү менен.

Баарына эле тең сүрөттөрүмдү көрсөтүп, досторумду, туугандарымды саякаттоого үндөп келем. Эки жылдан бери туугандарымды үй-бүлөбүз менен кошо Түркияга алып чыгып жатабыз. Буга чейин туугандар 50-100 доллардан шерине ойноп, бири-бирине белек берип өздөрүнчө эле машакаттана беришчү эле. Анан аларга сунуштадым "келгиле, андан көрө ушул эле акчаңарды топтоп бир жактарга барып чогуу эс алып келели, жер көрүп келели" деп. Быйыл да ноябрь айында беш-алты үй-бүлө чогулуп барып келели деп турабыз. Алар быйыл өздөрү эле даярданып, каражат топтой башташты.

Саякаттоо адамга дем берет. Ошондуктан бардык мекендештеримди саякаттоого чакырам. Кыргызстандын ичинен эле баштаса болот. Маселен, көлдүктөр Нарынга барып, бишкектиктер Ысык-Көл менен эле чектелбей Ошту кыдырып келишсе. Алайда кандай сонун Сары-Таш, Дароот-Коргон деген кооз жерлер бар. Ошентип отуруп анан улам алыска чыга беришсе, кыргыз үчүн Африка деле алыс эмес деп ойлойм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG