Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Совет доорунда канча кыргыз чет өлкөдө билим алган?


Кытайда билим алган кыргыз жаштарынын бир тобу. 10-апрель, 2010-жыл.
Кытайда билим алган кыргыз жаштарынын бир тобу. 10-апрель, 2010-жыл.

Бүгүн каржы билимге умтулган жаштарда алыскы АКШ, Канада, Европа, Жапония, айтор каалаган мамлекеттерине барып окуганга мүмкүнчүлүктөрү бар.



Социалисттик эмес өлкөдө окуган үч молдо

Совет мезгилинде капиталисттик өлкөлөр түгүл СССР башындагы социалисттик мамлекеттерге барып окуу саналуу гана жаштардын
пешенесине жазылган.

Ошол кезде тыш өлкөлөрдө окууга мүмкүндүк алган кыргызстандыктарды эки топко бөлсө болот. Биринчи топко Москванын ыкласы менен идеологиялык максатта арап өлкөлөрүнө жөнөтүлгөндөр кирсе, экинчи топтогулар окуу жайлар аралык алмашуу программасына ылайык Чыгыш Германияга (расмий аталышы Германия Демократия Республикасы) барып окушкан.

Каирдеги ал-Асхар университети
Кыргызстандык мусулмандардын мурдагы муфтийи Кимсанбай ажы Абдрахмановдун айтымында: “1990-жылга чейин Египетте Юсупхан Шакиров жана Темирбай Орунбаев окуду. Ливияда Садыкжан Камалов окуду. Калас”.

Биздеги маалымат боюнча, Совет өкмөтү кыйраганга чейин Кара-Балта шаарынын мурдагы имамы, Сайпидин ажы Бухара медресесин бүткөндөн кийин Пакистанда окуп келген. Өкүнүчкө карай, ыраматылык Пакистанда кайсы окуу жайда жана канча мезгил окуганын тактоо мүмкүн болбоду.

Студенттин тагдырын КГБ чечкен

Кимсанбай ажы өзү Өзбекстандын эсебинен окууга жөнөтүлүп, Амманда окуйт жана 1980-жылы падышалык университеттин фатва (шарият) факультетин артыкчылык диплому менен аяктайт.

Ал эми бир жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казиятын да жетектеген Темирбай ажы СССРдин коопсуздук кызматынын ишениминен чыгып калып, Каирдеги атактуу ал-Асхар университетинде үч жыл окуган соң артка чакыртып алынат.

- Кээ бир балдар тыш өлкөгө барып, алты-жети ай окуп, каникулга келгенде мурдагы КГБлар аларды “булар жарабайт, алардын окуусунун зарылдыгы жок” дешип, кайра жибербей койгон. Андай учурлар көп болгон. Темирбай ажы болсо үч жыл окуп келген.

Легендарлуу Жогорку Кеңештин мүчөсү Шейх Садыкжан ажы Камалов 1985-жылы Ливиянын борбору Триполидеги Ислам университетинде
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Шейх Садыкжан Камалов.10-июнь 2011
исламга дават кылуу (үгүттөп-ташбыйкаттоо) факультетин бүткөн.

Анын сөзүнчө, Юсупхан ажы Шакиров советтик Кыргызстандын чет өлкөдө билим алган биринчи кулуну. Ал 1960-65-жылдары Каирдеги белгилүү ал-Азхар университетинде окуйт жана университетти бүтүп келгенден кийин Ташкенде муфтийдин орун басары болуп узак жылдар иштеген.

Юсупхан ажынын атасы Алымкан төрө Кыргызстандын биринчи казысы болгон.

Мендеги маалыматка караганда, Юсупхан Шакировдун ата-бабалары Токмок шаарынан болот.

Кеңеш доорунда жаштарды Арап өлкөлөрүнө диний окуу жайларга жиберүү СССРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин ыктыярында болгон. Шейх Садыкжандын сөзүнчө, окууга ылайыктуу деген талапкерди Ташкендеги Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгы - муфтият сунуш кылган.

“Мени Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын төрагасы, муфтий Зиябуддин Хан Эшен Баба “Куранды” жаттаган балдардын арасынан арап грамматикасын жакшы окуган экен деп өзү тандап, Ливиянын Эл аралык ислам университетине окууга жиберген,” - деди Шейх Садыкжан Камалов.

Ушундай эле жол менен Ташкендеги Диний башкармалыктын “Совет Чыгыш мусулмандары” журналынын адабий кызматкери Кимсанбай ажы Абдрахманов да Иорданияга барып окууга тандалат. (“Совет Чыгыш мусулмандары” журналы адегенде орус, өзбек, арап тилдеринде, кийин англис, перс, пушту жана француз тилдеринде да чыккан. Басылма Борбор Азия мусулмандары диний ибадаттарын эркин аткарганын эң алды арап өлкөлөрүнө даңазалоо үчүн пропагандалык максатта түзүлгөн. Өлкөдө кеңири сатыкка чыккан эмес.)

Карль Маркс жана Фридрих Энгельс. Чыгыш Берлин

Маяковский атындагы институттан ГДРге жол

СССР доорунда Москванын жетегиндеги “социалисттик” өлкөлөрдүн окуу жайларына да жаштар өтө аз жөнөтүлгөн.

“Азаттыктын” изилдөөсүнө караганда, Советтик Кыргызстандан студенттер Чыгыш Германияга (ырасмий аталышы Германия Демократиялык Республикасы, кыскача ГДР) немис филологиясы факультетине 1970-жылдардын аяк ченинде жөнөтүлө баштаган.

Алардын бири Баян Жумакадыр кызы ГДРдин Йен шаарындагы университетте 1978-82-жылдары окуган беш кыргызстандыктын бири:

“Биз алты кыз 1978-жылдан баштап Йен шаарындагы Фридрих Шиллер атындагы университетте окудук. Бизге чейин 1977-жылы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунан үч кыз Йенге кеткен эле. Алар бизден бир жыл мурда немис тили жана филологиясы боюнча толук курсту окуп бүтүштү. Ошондо кыргыздан алты кыз окудук. Бирок бир кызыбыз ден соолугуна байланыштуу окуусун Кыргызстанга келип, пединститутта улантты. Андыктан университетти беш кыз аяктадык”.

Сейтек Качкынбаев, Жапониядагы кыргыз студенттер бирикмесинин төрагасы

XVI кылымда негизделген Йен университетинин он факультетинде гуманитардык кесиптерге катар инженерлер, дарыгерлер жана башка
адистер даярдалат.

Фрунзе (азыркы Бишкек) калаасындагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы Эшеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинде) ГДРге окууга баруучуларды тандоо кандай өткөрүлгөнү тууралуу Баян Жумакадыр кызы мындай дейт:

- Каалоочулар көп келди. Министрликтин тандоо жүргүзгөн кызматкерлери ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып, эң жакшы окуган студенттердин арасынан алты кызды тандап алган. Атайын уюшкансып жалаң беш деген баага окуган студенттер биздин курста төртөө элек. Тилекке каршы, төртүнчү кызыбыз кирбей калды. Бирок кийин ал кыз институттун эң мыкты студенти катары Лениндик стипендияга көрсөтүлдү. Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. Эмгегине жараша татыктуу баасын алган ал кызыбыздын аты - Бурул Чокоева.

Грузиндер ГДРге ачкан дарбаза

Эгер Кыргызстандан ГДРге студенттер 1977-жылы биринчи ирет жөнөтүлсө, башка союздук республикаларда бул тажрыйба 10 жылдай мурдай башталган.

1980-жылы Йен университетин бүткөн Давид Какабадзенин айтымында, Грузия Советтик Социалисттик Республикасы жана ГДР студенттерди 1960-жылдардын экинчи жарымынан тарта алмаша баштаган. Бул жараянга Инванэ Жавахишвили атындагы Тбилиси мамлекеттик университети Фридрих Шиллер атындагы Йен университети менен түзгөн келишим башат салат.

“Грузиялык студенттердин көпчүлүгү германистика же немис филологиясы боюнча адистикке окушкан. Бирок башка кесиптерге окугандар да көп болчу. Атүгүл сыра (пиво) бышыруу боюнча инженер деген адистикке окуган эки жердешим бар эле. 1978-80-жылдары мени менен кошо Йен университетинде 12 же 13 студент окуду. Андан тышкары Берлинде 6-7, Лейпцигде 5, Дрезденде 2 бала окуган. Жалпы ГДР боюнча Грузиядан 40-50 студент бар эле”, - деп эскерет Д.Какабадзе.

Түркиядагы кыргызстандык студенттер

Дегинкиси, Грузия жаштарды Германиянын университеттерине 1918-жылы өзүн эрктүү мамлекет деп жарыялагандан тарта жөнөтө баштаган.

Бирок Грузияны большевиктик Кызыл Армия басып алгандан кийин бул маанилүү жөрөлгө токтотулат.

Ал эми сталиндик репрессия кезинде Германиядан билим алып келгендер “эл душманы” катары жок кылынган.

“1918-21-жылдары өкүм сүргөн Грузин Социал-Демократтык Республикасы кезинде Германиянын окуу жайларына өтө көп жаштар жөнөтүлгөн, - деп түшүндүрдү Д. Какабадзе. - Өкүнүчтүүсү, университтети аяктап, мекенине кайтып келген адистердин 90 проценти сталиндик репрессияга кабылган. Алардын айрымдары Сибирге сүргүнгө айдалган, башкалары атылган же түрмөдө дайынсыз жоголгон. Ошон үчүн алар Грузиянын тарыхында из калтыра алышкан эмес”.

Баян Жумакадыр кызынын эсебинче, ГДРде 1980-жылдардын башында СССРден студенттер жана аспиранттар болуп, жалпысынан 500дөй адам окуган:

- Төртүнчү курста окуп жаткан чакта, комсомолдук уюмдун кайра шайлоо конференциясы болчу эмес беле, делегат болуп Берлинге барганбыз. Ошондо комсомолдун уставына ылайык, 500 кишиге бир конференция өткөрүлгөнүн билем. Азыр ойлонуп жатам да... Ал жылдары ГДРде 500дөн ашыгыраак же 500дүн тегерегинде студенттер жана аспирант бар болсо керек.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери.
35 жыл мурда кыргызстандык Бакирдин Сартказиев ошол кездеги Чехословакия Социалисттик Республикасынын экинчи чоң шаары Братиславада бир жылдык илимий-өндүрүштүк стажировкадан өтөт (Чехия жана Словакия Федеративдик Республикасы 1993-жылдын 1-январында өз ара мунаса менен эгемен Чехия жана Словакияга бөлүнгөн).

Братислава - бүгүнкү Словакиянын борбор калаасы. Ал кезде Бакирдин мырза Фрунзе шаарындагы Политехникалык институттун (азыркы Кыргыз Техникалык Университетинин) жарым өткөргүчтөр кафедрасында сабак берчү.

- CCCРдин Билим берүү министрлигинде четтеги - перифериядагы шаарларда аспирантураны өз убагында ийгиликтүү бүткөн кишилерди бир сыйра чет өлкөлөрдөн стажировкадан өткөрүү боюнча атайын программасы болор эле. Ошого аракет кылчу.

Бул программага мен да илинген элем. 1977-жылдын сентябрынан тартып, Братиславадагы Жогорку техникалык мектептин (университеттин) карамагында стажировкадан өткөнбүз. Москвадан экөө, Киевден, Харьковдон, Молдовадан, анан мен. Максат - Батыштын техникасы, илимий изилдөө ыкмалары менен таанышуу болчу.

Эч бир союздук республика мындай маселени эч качан көтөргөн эмес. Бул союздук республиканын эмес, Москва чечүүчү маселе болчу.
М.Базаркулов

Б. Сартказиев аны менен институтта чогуу иштеген кесиптеши Асанбек Керимбаев Англиянын Манчестер шаарындагы университетте стажировкадан өткөнүн белгиледи.

Ал ошондой эле чет мамлекеттердин окуу жайларына стажировкага жиберүүдө Москва, Петербург жана башка борборго жакын шаарлардын окуу жайларына артыкчылык берилсе керек деп боолгойт:

- Бул программаны көбүнчө Москва, Санкт-Петербург сыяктуу борбордогу шаарлардын жогорку окуу жайлары алып калат эле. Анан СССРдин өз идеологиясы болгон да. Мына ошол идеология да ар кандай чектөөлөрдү койгон.

Баса, бул макаланын автору да студент кезинде Венгрияда кыска мөөнөттүк өндүрүштүк таанышуу практикасын өткөн.

Санкт-Петербургдагы Н.А.Вознесенский атындагы финансылык-экономикалык институт (азыр финансы жана экономика университети) менен Будапешттин Карл Маркс атындагы Жогорку экономикалык мектеби (университет) өз ара келишимге эки адистик боюнча ылайык жылына 16 студенттен алмашып турчу.

Билим дүйнөсүнүн ачкычы - Москванын чөнтөгүндө

Мурдагы СССРден эмне үчүн чет өлкөлөрдүн университеттерине студенттердин аз жиберилгенин академик Жаныбек Шаршеналиев да КПСС жүргүзгөн идеология менен түшүндүрөт.

“Себеби ошол убактагы Советтер Союзунун билим берүү системасы жакшы эле болгон. Мына бардыгыбыз окуу жайларды бүткөнбүз. “Капитальный” (мыкты) билим алдык. Ал эми студенттерди чет мамлекеттерге окууга жибербегени ал кездеги идеологияга байланыштуу да. Ал кезде сыртка аз-аздан гана жиберчү. Авторитардык режимдин негизи ошондой эле да”, – деди Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Автоматика жана информатика институтунун директору Жаныбек Шаршеналиев.

КГБнын төрагасы Юрий Андропов КПССтин Саясый бюросунда сөз сүйлөөдө. Кремль, 22-апрель, 1982
Академик Шаршеналиев кеңеш өкмөтү орусташтыруу саясатын жүргүзүү менен катар СССРдин коопсуздугуна байланыштуу адистерди даярдоодо орустарга артыкчылык берип, космонавтика, аскерий-инженердик кесиптерди окутууда башка улуттардын өкүлдөрүн чектеп турганына да көңүл бурду.



СССРдин курамындагы көпчүлүк республикалардын жетекчилиги жаштарды чет өлкөлөрдүн окуу жайларына жөнөтүү зарылдыгы тууралуу ойлошкон да эмес, Москва өткөрчү союздук маанидеги жыйындарда даап айта да алышкан эмес.

Ал кезде бар демилге Москвадан, тагыраак айтканда, КПСС БКнын Саясый бюросунан чыгыш керек эле.

Жалпы багытка ылайыксыз сөз сүйлөгөн аткаминерлер үчүн мансабынан ажырап калуу коркунучу өтө чоң болгон.

Мындай маселе бир да чоң жыйында коюлганын узак жылдар Кыргыз ССРинин Билим берүү министрлигин, анын ичинде жогорку билим берүү тармагын жетектеген карыя мугалим жана администратор Мукаш Базаркулов эгерим укпаптыр.

“Ал кезде чет мамлекеттерге окууга жөнөтүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептелчү. Буга көңүл бурулган да жок. Эч бир маселе да коюлчу эмес.

Союздун масштабындагы бизге чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунан орун бергиле, биздин жаштар ошол жакка барып, мыкты университеттеринен окусун деген демилге жок болчу.

Мен учурунда 12 жыл министр ирети союздук министрлик өткөргөн коллегияларга тиякка-быякка барып жүрдүм. Эч бир союздук республика мындай маселени эч качан көтөргөн эмес.

Бул союздук республиканын эмес, Москва чечүүчү маселе болчу. Канча киши башка өлкөгө жиберилгени жөнүндө дегеле билчү эмеспиз”, -
деди мурдагы министр М. Базаркулов.
XS
SM
MD
LG