Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Студенттерди жалдыраткан кытай визасы


Кытай элчилигинин алдында кезек күткөн адамдар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Кытай элчилигинин алдында кезек күткөн адамдар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Кытайдын жогорку окуу жайларына окууга өтүп, бирок виза ала албай жаткан 50гө жакын студент Билим берүү жана илим министрлигине кайрылды. ТИМдин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмү бул маселе боюнча кытай элчилигине нота тапшырылганын кабарлады.

Данияр Эсенбаев Кытайдын Фучжоу университетине окууга өткөн. Бирок анын окууга өткөнү тууралуу тастыктама 11-октябрда гана келген. Окуусу болсо 15-октябрда башталган экен.

Данияр өзү өткөн университетке Кыргызстандан Кытайга виза ачтыруу оор экенин түшүндүрүп кат жазгандан кийин Фучжоу университети ага 30-октябрга чейин убакыт берди. Бирок визасы дагы эле бүтпөй жаткандыктан «университеттен чыгып каламбы» деп чочулап турат.

- Биздин окуу 15-октябрда башталган, - дейт ал. - Университет болсо «30-октябрга чейин келгиле. Болбосо ордуңар күйүп кетет» деп кат жөнөттү. Биз болсо документибиздин баарын көтөрүп алып, жардам сурап Билим берүү жана илим министрлигине бардык. «Арыз жазгыла. Ошондон кийин жооп беребиз» деген. Азырынча жооп жок. Тышкы иштер министрлигине барсак, «Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу кайрылгыла» деп, катыбызды алган жок. Кытайдын консулдугуна барсак, ал да арызыбызды албай койду.

Кытайдагы университетке окууга өткөн Эркайым Кароолованын да чакыруусу кеч келген. Ал да ушу тапта виза алуунун айласын издеп, болгон мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатат. Кароолова Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги студенттердин арыздарын кабыл албай жатканына нааразы болду:

- Биз мурда визаны электрондук кезекке же барып өзүбүз кезекке туруп алчубуз. Азыр болсо Кытай элчилигин жаап салып, иштебей турат. Биз, студенттер, кире албай жатабыз. Виза алууга жардам берген жеке ишканаларга барсак, алар да билишпейт экен. «Билим берүү жана илим министрлигине арыз жазгыла» дегенинен бир жумадан бери ал жакка арыз жазып таштап атабыз. Биз университетке 30-октябрга чейин барышыбыз керек. Эгер убагында барбасак кабыл албайт. Азыр Кытайда окуй турган студенттердин баары кете албай жүрөт.

Кытайга окууга барчу студенттердин баарынын маселеси окшош. Алар абалдан чыгуунун ар кандай жолдорун издеп жатышат. Айрымдары өз бетинче аракетттенсе, отузга жакын студент чогулуп алып виза алуу көйгөйүн чечүүнү өтүнүп кайрылбаган жери калган эмес.

Башкалардан айырмаланып Касым Темирбековго окууга өткөнү тууралуу тастыктама-чакыруу бир ай мурун эле келген. Андан бери виза алуу аракетинен майнап чыга элек. Ал да тиешелүү министрликтерге арыз берип коюп, жообун күтүп отурат.

- Билим берүү жана илим министрлигине арыз жаздым, - деди Касым. - Эми ал Тышкы иштер министрлигине тездетүү өтүнүчү менен кат жиберет экен. Ал арызды 14 күндөн кийин же эртең деле карашы мүмкүн экен. Даана билбей жатам. «Арызды кароо ар кандай болот» деп айтып жатышат. Арызды жаздым, эми күтүп жатам.

Жалпысынан Билим берүү жана илим министрлигине виза ала албай жаткан 50гө жакын студент кайрылганы маалым болду. Бул тууралуу мекеменин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Апышева билдирди. Ал түшкөн арыздар Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине жөнөтүлгөнүн, эми калган ишти ошол департамент бүтүрөрүн айтты:

- Билим берүү жана илим министрлигине арыз жазып, паспортунун көчүрмөсүн, окууга өткөндүгүн далилдеген жогорку окуу жайынын тастыктамасын алып келиш керек. Анын негизинде бизден өтүнүч катты алып, ТИМдин Консулдук кызмат департаменти барат. Андан соң анкетаны толтуруп алып, кайсы күнгө белгиленсе, ошол күнү барып, визаны эч кандай маселеси жок эле алышы керек.

Шанхайда кафе иштеткен Эламан

Шанхайда кафе иштеткен Эламан

Кытайга билим алууга барган чет өлкөлүк студенттерге виза менен окуусунан тышкары кошумча жумушта иштөөгө тыюу салынган.

Айрым студенттер «Билим берүү жана илим министрлиги 400 доллардан алып, визаны тезирээк бүтүрүп берет» деген сөздөрдү уккандарын айтышты. Бирок Айзада Апышева аны четке какты:

- Биздин бөлүмдө бир кабинетте беш киши отурабыз. Ар бирибиз келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. «400 доллар алып жатат» дегенди укпаптырмын. Балким виза алууга жардам берген ортомчу фирмалар өзүлөрү алып, бизге шылтап жаткан болушу мүмкүн. Министрликте болсо бир да кишиден бир да тыйын алынбайт.

Тышкы иштер министрлиги виза ала албай жаткан студенттердин тизмеси келип түшкөнүн ырастады. ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн жетекчисинин кеңешчиси Сагын Ибраев Кытай элчилигине нота тапшырылганын белгилеп, буларга токтолду:

- Виза ала албай жаткан студенттер - окууга өз алдынча документ тапшырган студенттер. Биз элчилик менен сүйлөшүп, келишимге келгенбиз. Анда Билим берүү жана илим министрлиги студенттердин тизмесин топ-топ кылып жөнөтөт. Кытай элчилиги аларга «жашыл коридор» берет. Кытай элчилиги «өз алдынча окууга тапшырган студенттер электрондук кезек менен виза алат» деп жатат. Ушуга чейин «жашыл коридор» менен миңге жакын студент кетти.

2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти өзүн жардырып жиберип, элчиликтин үч кызматкери жарадар болгон. Бул окуядан кийин элчилик виза берүүнү токтоткон. Бирок кийинчерээк кайра виза бериле баштаганда, анын шарттары катаалданган. Андан бери ишкерлер, студенттер виза алуудан кыйналып жүрүшөт. Бул маселе тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун быйыл июнь айында Кытайда өткөн мамлекеттик сапарында да учкай сөз болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG