Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:28

Чет өлкөдө акысыз окуунун жолу көп


Чет өлкөдө билим алууну көздөгөн жаштар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр, жеңилдиктер каралган?

Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндөгү окуу жайларга өтүүнүн жол-жобосу кандай? Бул үчүн даярдыкты эмнеден баштоо керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адиси Айнура Асан кызы, Эл аралык билим берүү боюнча эксперт Мырза Каримов, ”Перспектив” билим берүү борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов катышты.

“Азаттык”: Айнура айым, канча өлкө менен келишим бар, жылына канча кыргызстандык чет өлкөгө чыгат?

Айнура Асан кызы
Айнура Асан кызы

Айнура Асан кызы: Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларына жөнөтүү мамлекеттер ортосундагы келишимдердин негизинде жөнөтүлөт.

Ошонун ичинде Кытай, Беларус, Венгрия, Казакстан, Тажикстанга кыргызстандыктар окууга барат. Бул келишимдердин негизинде биздин балдар акча төлөбөй, бюджеттик негизде, стипендия алып окушат. Ошондой эле Орусия, Түркия кызматташтыктын негизинде өздөрү сынак өткөрүп, өздөрүнүн окуу жайларына кабыл алышат. Мындан сырткары март айында министрликте Кытай жана Венгрияга сынак болду. Кытай берген 11 орунга 100 документ келип түштү. Ошонун арасынан тандалып алынды.

“Азаттык”: Интернет менен технологиянын заманында буга жол ачык, ондогон, балким жүздөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Дүйнөнүн алдыңкы АКШ, Европа, Жапония, Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрүндөгү окуу жайларга тапшыруу тууралуу маалыматтар жетиштүүбү?

Мырза Каримов
Мырза Каримов

Мырза Каримов: Маалымат алуунун негизги булагы азыр Интернет болуп жатат. Тилекке каршы шаар, райондун борборлорунда интернет жакшы иштеп, балдар да ага кызыгып, ойногондун ордуна маалымат издегенге көнгөндөр бар.

Мектептерде жана ата-энелер булактарды кантип табуу жолдорун айтып турушу керек. Антпесе кайсы сайттарга кириш керек, кайсы өлкөгө баруу үчүн кандай сайттар бар, бекер окуунун да жолдору туурасында билишпейт.

Чет өлкө десе эле акчалуу, байлардын балдары гана барат дегенден алысмын. Көптөр ушундай ойлойт. Нурсултан, мен деле алыскы айылдардан келип, маалыматты убагында алып калып, убагында аракет кылып окуп келдик. Биз ага акча короткон жокпуз, тескерисинче билим алып келдик. Азыр оңой эле, эң негизгиси тил маселеси болуп жатпайбы. Англис тилин жакшы сүйлөш керек. Тил десе эле бардыгы англис тилине жабылбай, кайсы өлкөгө барып окуйт, ошондой максатты коюш керек.

Дүйнө ЖОЖдоруна өтүүнүн жол-жобосу
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:58 0:00
Түз линк

Кытай, Түштүк Корея өнүгүп жатат. Мисалы, бул өлкөлөргө барып окуп, тилин билгендерге кошумча стипендия дагы берет. Англис тилинде окуган студенттер менен корей тилинде окуган студенттердин стипендиясында дагы айырма бар. Азыр балдарга ээн-эркин, маалыматты туура издөөгө үйрөтүп, багыт берип туруш керек.

“Азаттык”: Соңку жылдары чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларына гранттык негизде өтүүгө даярдаган бир нече жеке уюмдар пайда болду. Нурсултан мырза, сиздердин борбор да ошолордун бири. Чет өлкөгө барууну каалагандар эмнеден башташы керек?

Нурсултан Кубанов
Нурсултан Кубанов

Нурсултан Кубанов: Мамлекеттик деңгээлде орундар берилип, сынактар өтүп жатпайбы.

Мисалы, Кытайга кетем дегендер атайын экзамен тапшырып, төртүнчү деңгээлин билиш керек. Бул өлкөгө бюджеттик окууга тапшырам десе мамлекеттик грант деп коёт, бул окуусу, жатаканасы бекер, айына 400 долларга жакын стипендия алат.

Кытайда 100-150 долларга деле жасаса болот. Экинчиси - Конфуций программасы бар. Анда деле тил боюнча HSK4, HSK-K деңгээлин тапшырып алса андан да мүмкүнчүлүктөр ачылат. Азыр жаштар эң негизгиси тилди билсе эле Билим берүү министрлигине кайрылбай деле, өз күчү менен түздөн түз ошол өлкөнүн окуу жайы менен байланышып тапшырса алар деле кабыл алат.

Биз жакында эле Европа мамлекеттерине, Германия, Чехияга барып келдик. Дүйнө жүзүндөгү алдыңкы университетке биздин мекендештер кантип тапшырса болот деген теледолбоор жасап жатабыз. Кытайдагы окуу жайларга бекер окуунун кандай критерийлери болсо Европада деле ошондой. Немис тилин билсе төрт жылга бюджетке тапшыра алат экен. Муну биздин жаштардын көбү билбейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG