Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Мирзат: Айыл чарбаны немистердей колдоо керек


Мирзат менен Гүлнура Германияда табышкан түгөйлөр.
Мирзат менен Гүлнура Германияда табышкан түгөйлөр.

Жубайлар Мирзат Орозалиев менен Гүлнура Майрамбекова Германияда окуп-иштеп жүргөн кезде табышкан. Учурда Мирзат дан эгиндерин кургатуу, тазалоо, сактоо жана кайра иштетүү үчүн жабдууларды чыгарган компаниялардын биринде эмгектенсе, Гүлнура билим алуусун улантууда. Бир жылдан кийин ал медициналык кесиптин ээси болот.

Мирзат Орозалиев Германияга 2011-жылы ошол кезде өзү билим алып жаткан К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттерди алмашуу программасынын алкагында келет.

Андан соң окуусун аяктап, Германиядагы Вайенштефан университетине магистратурага тапшырып, агрардык менеджмент боюнча билим алган. Учурда Мирзат өлкө түндүгүндөгү Мелле деген шаарчада Neuero Farm- und Foerdertechnik фирмасынын сатуу жана кардарларды тейлөө бөлүмүндө эмгектенет. Мирзат Кыргызстандан Германияга келген студенттердин өз кесиби менен иш таап, калып калгандары аз экенин белгиледи:

- Кыргызстандан окууга келгендер көп. Ошол эле Кыргызстандагы Агрардык университет бул жактагы Вайенштефан университети менен кызматташып, жыл сайын магистратурага студенттерди жиберет. Ал программага өтүү да оңой эмес. Өткөндөн кийин “окуйм, бүтүрөм” деген максатты коюу керек. Окуунун кыйындыгына чыдабай, экзамендерге жетпей кетип калгандар болот. Окугандар көп болгону менен жумушка орношкондор аз.

Бул жакта биз менен Орусиядан, Украинадан, Казакстандан студенттер чогуу окуду. Магистратураны аяктаган соң аларды Германиядагы комбайн, трактор чыгарган чоң фирмалар алып калат. Анткени алар аталган мамлекеттерге техника экспорттогондуктан орусча сүйлөгөн, аймакты билген кызматкерлерге муктаж. Ал эми Кыргызстанды көп фирмалар билбейт. Ошол себептүү Германияда кесиби боюнча иштеп калган жаштарыбыз аз.

Мирзат Германияда айыл чарба абдан өнүккөнүн, үлгү алчу жактары көп экенин белгиледи. Мындан улам Кыргызстандагы майда дыйкан чарбалар чоң кооперативдерге бириксе, пайдасы көбүрөөк болмок деген пикирде:

Германияда өкмөт чакан чарбаларга жардам берет. Керек болсо иштетилбей, эс алып жаткан жер үчүн акча төлөйт. Антпесе дыйкандарга абдан оор болмок.

- Кыргызстан менен Германияны салыштырууга болбойт. Бул жакта айыл чарба тармагы абдан өнүккөн. Германияда баары автоматташкан. Маселен, элүү уйду караганга бир-эки эле жумушчу керек. Уйду автоматтар саайт. Ошол нерсеге биз дагы жетишибиз керек. Андан тышкары Кыргызстанда чакан дыйкан чарбалар чоң кооперативдерге бириксе, пайдалуу болмок. Анткени чакан чарбалардын каражаты бир эле үй-бүлөнүн күнүмдүк муктаждыктарын жабат. Кооперация болгондо, ортого акча топтолот, ага акырындап трактор же башка бир пайдалуу техника сатып алса болот. Евразия экономикалык биримдигине киргени рынок кеңейди, Кыргызстанда айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө дарамет бар.

Германияда өкмөт чакан чарбаларга жардам берет. Керек болсо иштетилбей, эс алып жаткан жер үчүн да акча төлөйт. Антпесе дыйкандарга абдан оор болмок. Германияда айыл чарба абдан өнүккөнү менен ал ички дүң өнүмдүн өзөгүн түзбөйт. Анткени бул өлкөнүн индустрия жана башка тармактары алдыга кеткен, алардын катарында айыл чарба тармагы артта калат. Негизи эле бай мамлекеттерде ошондой болушу керек, - дейт Мирзат.

Гүлнуранын кыялы

Мирзат келинчеги Гүлнура менен 2011-жылы таанышкан. Ал кезде Гүлнура Германиянын Франкфурт шаарында Au-Pair программасынын алкагында иштеп жүргөн.

Мага жакканы теория менен практика бирдей жүргүзүлөт. Маселен, бир ай теорияга барабыз, анан ошонун баарын бир ай иш жүзүндө көрүп, ооруканаларда иштейбиз. Бул нерсе адамды аябай кызыктырат экен. Андан сырткары стипендия берилет.
Гүлнура

Ошентип эки жаш үч жыл сүйлөшүп, 2014-жылы баш кошушат. Учурда Гүлнура Майрамбекова Нюрнберг шаарында медициналык билим алып жатат.

- Башында карылар үйүндө ыктыярчы болуп эмгектендим. Ошол жерден мага адамдар менен иштөө, аларга жардам берүү жагарын түшүндүм. Келечекте билимимди тереңдетип, дарыгер болом деген кыял менен окуп жатам. Азыр үчүнчү курста окуйм. Дагы бир жылдан кийин аяктайм. Окуу жеңил деп айта албайм. Мага жакканы теория менен практика бирдей жүргүзүлөт. Маселен, бир ай теорияга барабыз, анан ошонун баарын бир ай иш жүзүндө көрүп, ооруканаларда иштейбиз. Бул нерсе адамды аябай кызыктырат экен. Андан сырткары стипендия берилет. Ошол себептүү иштеп алаксыбай, бир гана окууңа көңүл бурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, - деди Гүлнура.

Мирзат менен Гүлнура.
Мирзат менен Гүлнура.

Чет өлкөгө чыгып билим алуу мурдагыга салыштырмалуу абдан жеңил. Эң негизгиси тилди жакшы үйрөнүп, изденип, аракет кылуу керек.
Мирзат

Мирзат менен Гүлнура чет жердеги көпчүлүк журтташтардай эле өнүккөн Кыргызстан тууралуу кыялданат жана өлкөнүн алдыга жылышына салым кошууну көздөшөт. Азырынча тажрыйба топтоп, билим алууну улантып жаткан түгөйлөр жаштарга кандай гана шартта болбосун алдыга карай умтулууга кеңеш беришти.

- Чет өлкөгө чыгып билим алуу мурдагыга салыштырмалуу абдан жеңил. Ар түрдүү стипендия бере турган уюмдар көп. Андан сырткары Кыргызстандагы бир топ окуу жайлар чет жактардагы өнөктөш университеттерге магистратурага тапшыруу мүмкүнчүлүгүн сунушташат. Эң негизгиси тилди жакшы үйрөнүп, изденип, аракет кылуу керек. Өзүм жөнүндө айта кетсем, убагында менин чет мамлекетке чыгып, окуйм деген кыялым же ал үчүн эч кандай каражатым болгон эмес. Агрардык университетте окуп жүргөндө Германиядан “практика” өтүп барган студенттердин айтып бергендери бизге абдан чоң дем берген. Бирок ал кезде мен немис тилин дээрлик билчү эмесмин. Университеттен немис тил сабагын тандап, ага калтырбай барчумун. Кошумча курска барганга каражатым жок эле. Кийин биздин кураторубуз Мира Барбашева эже Германиядан тажрыйба топтоп келүүнү каалаган студенттерге немис тилден атайын даярдоо курсун ачкан. Менин ошол убактагы оор абалымды туура түшүнүп, бекер катышууга мүмкүнчүлүк берген. Кийин магистратурага экзамендерге даярданууда абдан чоң колдоо көрсөттү. Каалоосу күчтүү, бирок шарты жок жаштарга жардам берген адамдарды унутпаш керек. Мира эжеге абдан ыраазымын. Эң негизгиси аракет болсо кыялга да жетүүгө болот деп ойлойм.

Германиядагы каттоодо турган кыргыздардын саны үч миңдин тегерегинде. Алардын көбү студенттер жана Au-Pair программасы аркылуу баргандар. Ошондой эле программист болуп эмгектенгендер, медицина тармагында иштегендер да жок эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG