Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:29

Швед соту Акиловду өмүр бою абакка кести


Рахмат Акилов Cтокольгмдагы сотто, 14-февраль, 2018-жыл.
Рахмат Акилов Cтокольгмдагы сотто, 14-февраль, 2018-жыл.

Швециянын соту Стокгольмдогу былтыркы теракт боюнча айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловду өмүр бою эркинен ажыратты.

Швециянын баш калаасы Стокгольмдун райондук соту 7-июндагы өкүмү менен өзбекстандык Рахмат Акиловду былтыркы кандуу кол салуунун башкы күнөөкөрү деп тапты.

40 жаштагы Акилов 2017-жылдын 7-апрелинде Стокгольмдо жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин машинеси өрттөнүп кеткен. Кол салууда Швециянын үч, Британия менен Бельгиянын бирден жарандарынын өмүрү кыйылып, 15тен ашык киши жараланган. Акилов кол салуудан кийин качып кетип, ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн мойнуна алган.

Кеминде үч айга созулган соттук териштирүүнүн жыйынтыгында ага оор жаза берилгенин судья Рагнар Палмквист бейшемби күнү журналисттерге билдирди:

Судья Рагнар Палмквист өкүмдү журналисттерге түшүндүрүп берип жатат, 7-июнь 2018-жыл.
Судья Рагнар Палмквист өкүмдү журналисттерге түшүндүрүп берип жатат, 7-июнь 2018-жыл.

"Стокгольмдун соту террордук кылмыштар, беш кишинин өлүмү, жалпы зыян, 119 адамды өлтүрүүгө аракет кылганы жана дагы 24 кишинин өмүрүн коркунучка кептегени үчүн Рахмат Акиловду соттоду. Ага өмүрүнүн акырына чейин абак жазасы берилди. Акилов Швециядан депортацияланып, бул өлкөгө кирүүгө толук тыюу салынат".

Швецияда өмүр бою абакка кесилгендер адатта 16 жылдай гана түрмөдө отурат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин Акилов Өзбекстанга депортация болот деп кабарланды.

Акилов Швециянын тарыхындагы эң кандуу террордук чабуул деп мүнөздөлгөн кол салуу боюнча соттолгон жалгыз адам. Февраль айынан бери соттук териштирүүлөрдө жүздөн ашык адам көрсөтмө берди.

Акилов өзү 20-февралда сотто сүйлөгөн сөзүндө: “Мен Швеция “Ислам мамлекети" чабуулдарга туш болгон аймакка аскерлерин жөнөтүшүн токтотсун дегем”, - деп билдирген.

Соттун жүрүшүндө ал чабуул коёрдон мурда “Ислам мамлекети” тобуна ант бергенин айтканы менен бул экстремисттик уюм Стокгольмдогу теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган эмес. Акилов кайсы бир конкреттүү кол салуудан шыктанбаганын белгилеп, ошол эле учурда ага чейин Берлинде, Лондондо жана Ниццада болгон теракттар жөнүндө кабары болгонун жашырган эмес.

Ошентсе да “Азаттыктын” өзбек жана тажик кызматтары биргелешип жүргүзгөн иликтөө Рахмат Акилов радикал топ менен түз байланышта болгонун аныктаган. Муну Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов да апрель айында ырастаган:

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

- Биздеги маалымат боюнча, ал өз мекендештерин "Ислам мамлекети" тобунун курамында согушуу үчүн Сирияга барууга активдүү түрдө үндөп келген. Ал интернеттеги байланыш кызматтарын көп колдонуп, террорчулардын пропагандасы камтылган видеолорду Өзбекстандагы туугандарына жана тааныштарына жөнөтүп турган.

Теги тажик Рахмат Акилов аялын жана төрт баласын Өзбекстанга калтырып, Швецияга курулушта иштөө үчүн келгени кабарланган. Швед бийлиги 2016-жылы анын башпаанек сураган арызын четке кагып, өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Бирок ал ага баш ийген эмес.

Акиловдун укугун коргогон адвокаттар ага убакыт менен чектелген абак жазасын берүүнү соттон өтүнүшүп, ал тергөөчүлөр менен кызматташканын жүйө келтиришкен.

30-апрелдин таңында Швециянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы (Säpo) баш калаа Стокгольмдун түндүгүндө атайын операция жүргүзүп, анда үч адам кармалып, дагы бир нече кишини суракка алганы белгилүү болгон.

Атайын операцияны жүргүзүүгө түздөн-түз тиешеси бар швед бийлигинин өкүлү кармалган үч киши өзбекстандыктар болгонун "Азаттыкка" тастыктаган.

Стокгольмдун чабуул болгон аймагы, 7-апрель 2017-жыл.
Стокгольмдун чабуул болгон аймагы, 7-апрель 2017-жыл.

- Алар Рахмат Акилов террордук кол салуу жасагандан кийин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын көзүнө чалдыгышкан. Алардын бирөө Акилов менен түздөн-түз байланыштуу. Ал да Самарканддан чыккан, - деп билдирген өзбек кызматына швед аткаминери.

Азырынча алардын тагдыры так белгисиз. Бирок швед бийлиги кармалгандар Швецияда теракт жасоого көптөн бери даярданып жүрүшкөнүн кабарлаган.

Швеция армиясынын 70тей өкүлү АКШ баштаган эл аралык коалициянын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшүнүн алкагында Ирактын түндүгүндө аскерлерди машыктырууга катышып келет.

Соңку бир канча жылда Стокгольм менен катар эле Барселона, Лондон, Берлин жана Ницца сыяктуу Европадагы шаарлардагы кол салуулардан ондогон жайкын тургундардын өмүрү кыйылды. Бул теракттардын дээрлик баарына "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG