Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Бертизлиан: Обама, Сирияга жардам бере албайсыз


Бертизлиандын Ереванда, "Азаттыктын" армян редакциясына сүйлөп жаткан учуру.
Бертизлиандын Ереванда, "Азаттыктын" армян редакциясына сүйлөп жаткан учуру.

Сириядагы жарандык согуштун айынан өлкөдөн качкан жүз миңдеген элдин ичинде президент Башар Асаддын жубайына котормочу болуп иштеген Михран Бертизлиан да бар. “Азаттыктын” кабарчысына сүйлөп, ал исламчыл козголоңчуларды Сирияда нааразылык толкунун жаратканы үчүн, Батышты Жакынкы Чыгыштын ички иштерине кийлигишип жатканы үчүн сындады.

Учурунда Сирияда президенттин үй-бүлөсүнө иштеген Михран Бертизлиан ал жакта атышуулар токтобой койгондуктан, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал мындан беш ай мурун Арменияга кеткенге чейин Сириянын президенти Башар Асаддын аялы Асмага түрк тилинен котормочу болуп иштеген.

Ал биздин кабарчыбыз менен сүйлөшүп жатып, өзү жашаган Алеппо шаарында акыркы эки жылдан ашуун мезгилден берки атышуулардын натыйжасында бузулбаган, кыйрабаган жер калбаганын айтып отурду. “Үйлөр, мечиттер, базарлар талкаланды”, - дейт ал.

Ошондо өзүнүн үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулап, өлкөдөн көчүп кеткен.

Ереванда сүйлөп жатып: "Мен ал жакта абал такыр начарлап кеткиче болдум. Канчалаган бомба менин үйүмдүн жанында эле атылып жатты. Светсиз, суусуз калдык. Ошондо өз үйүмдү, мекенимди, өзүм жакшы көргөн шаарды таштай качтым", - деди котормочу.

Бертизлиан чек араны бойлой жаткан толтура өлүктөрдү көргөнүн айтат. Бирок мунун баарына президент Асад же анын жубайы күнөөлүү деп эсептебейт. Котормочу аларды өз элинин жыргал турмушу үчүн жан үрөп иштеген, ошол идеяга катуу берилген “жакшы адамдар” деп сыпаттап отурду.

Азыр АКШ Сирияга аскерий чабуул үчүн негизги жүйө катары келтирип жаткан газ чабуулунун артында Бертизлиан өлкө лидери турат деп ойлобой турганын белгиледи. Дамасктын четинде 21-августта химиялык курал колдонулуп, андан 1400 ашуун адам өлгөнү, арасында жаш балдар көп болгону кабарланган.

Америкалык расмий өкүлдөр менен адам укугун коргоочу уюмдар ал жерде газды Сириянын өкмөттүк аскерлери колдонгонун күбөлөндүргөн далилдер көп дешкени менен, Бертизлиан чынында ал чабуул тууралуу маалымат өтө эле аз, демек, айып такканга да эрте деп эсептейт.

Ал Сириядагы жаңжалдын башкы себеби Асаддын саясатында эмес, бүтүндөй араб дүйнөсүндө өкмөттөргө каршы толкунду колдогон Батыштын аракетинде жатат деп ишенет.

Башар Асад жубайы Асма менен
Башар Асад жубайы Асма менен
Асадга карата көңүлү түз экенин, аны колдой турганын айтса да, Бертизлиан Сирия чындап эле “көбүрөөк демократияга” муктаж экенине кошулат. Эгер демократиялык ыңкылапты бул өлкөдө сирия эли көтөрүп чыкканда аны колдомокмун деген оюн билдирди.

"Азыр Асадга каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын катарын, анын ишениминде, чындап Сирия үчүн эмес, ислам үчүн күрөшкөнү келген чет өлкөлүк жоочулар толукташты. Мен революцияны сириялыктар өздөрү жасашын күтөт элем. Бул жолку ыңкылапты жарым-жартылай сириялыктар башташты, бирок ал азыр аларга таандык көтөрүлүш болбой калды. Сириянын өзүнө гана тиешелүү ыңкылап болгондо аны жумурияттагы христиандар, күрттөр, бардык этникалык топтор колдошмок. Азыркысы андай болбой жатат", - дейт ал.

Теги армениялык христиан Бертизлиан Сирияда жашаган учурунда исламчыл козголоңчулар менен көп эле сухбатташканын, алар Асадды “израилчил” деп билишерин, ошон үчүн аны бийликтен кулатууну көздөшөрүн айтат.

Ошол эле маалда, анын ишениминде, азыр Обама жана Батыштагы башка лидерлер бул региондун өтө чырмалышкан, татаалдашкан этникалык, диний жана саясий реалдуулугун түшүнбөй жатышат.

"Сириялыктар өздөрү гана бири-бирине жардам бере алышат. Кааласа, Асадды кетире алышмак, каалабаса, ордунда калтырышат. Обама, сизге рахмат, бирок азыр сиз бизге жардам бере албайсыз, өз тагдырыбызды өзүбүз чечели. Жакынкы Чыгыш - көптөгөн маданияттардын, диндердин жана тилдердин аралашмасы бар татаал регион. Обама бизди түшүнө албайт. Ал бизге жардам берейин дейт, бирок биз анын жардамына муктаж эмеспиз", - деди котормочу.

Азыр эми Батыштан Сирияга каршы аскерий чабуул ыктымалдыгы улам күчөгөн тапта сириялыктар массалык түрдө башка өлкөлөргө, негизинен Ливан менен Түркияга, кача башташты. Дамасктын химиялык куралдарын эл аралык көзөмөлгө алуу сунушу ушул аптада көбүрөөк колдоо тапкандай болуп турат.

Бертизлиан болсо Батыш Сирияга сырттан сокку урарына көзү жетпей турганын айтат. Ошол эле маалда президент Асад бийликте калууга канчалык аракетин уланткан сайын, анын өмүрү да ошончолук коркунучта каларына ишенээрин белгиледи.

"Мен эгер Асаддын ордунда болсом, өлкөдөн чыгып кетмекмин да, эч качан кайра кайтмак эмесмин", – деди сириялык биринчи айымдын мурдагы котормочусу Михран Бертизлиан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG