Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Сирия оппозициясы Кремл менен кызматташтыбы?


Орусиянын СУ-24 истребители. Латакия, Сирия. 2015
Орусиянын СУ-24 истребители. Латакия, Сирия. 2015

Орусиянын коргоо министрлиги Сирияда оппозициялык күчтөр менен кызматташып, 3-ноябрда орус аба күчтөрү террорчуларга каршы бир канча сокку урганын билдирди.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү бир күн мурда “террорчулардын позициясына” Сирия оппозициясынын маалыматынын негизинде сокку урганын маалымдады. Ал оппозициялык топтор болсо Сирия президенти Башар Асад, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен "ал-Каиданын" жоочуларына каршы күрөшүп жатканы белгилүү.

Орусия Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын өкүлү, генерал Андрей Картаполовдун 3-ноябрдагы маалымдоосуна караганда, Сирия оппозициясы менен байланыш түзүлүп, “террорчуларга каршы биргелешип операция жүргүзүү" макулдашылган.

Сирияда "Ислам мамлекети" тобуна каршы операция жүргүзүп келаткан АКШ жана анын шериктери Орусиянын 30-сентябрда башталган аба соккулары башынан эле президент Асадды колдоо максатын көздөп, террорчуларга караганда Сирия оппозициясына көбүрөөк урулуп жатканын билдирип келатышат.

Муну четке кагып келген Кремл эми Сирия оппозициясы менен байланыш түзгөнүн билдирүүдө. Орусиянын коргоо министрлигинин 3-ноябрдагы билдирүүсүндө "мындай тыгыз кызматташык өкмөттүк армияга Сириядагы башка патриоттук күчтөр менен эл аралык терроризм деген жалпы душманга каршы бир фронтто аракеттенүүсүнө жол ачары" белгиленген.

Бирок орус тарап ал координаттарды кимдер сунуштап жатканын жашыруун кармап, сүйлөшүү кайсы оппозициялык топ менен жүргөнүн да ачык айткан жок.

Орус генералы Андрей Картаполовдун айтуусунда, оппозиция аскерлеринин маалыматын пайдалануу менен байыркы Палмира шаарынын тегерегинде турук алган террорчуларга чабуул жасалып, мунун натыйжасында жер астындагы бункер жана зениттик артиллерия жок кылынган.

Бирок Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерваториянын башчысы Рами Абдель Рахман менен башка активисттер бул чабуул Палмирадагы байыркы сепилди да кыйратканын билдиришти. Аталган укук коргоо уюму Орусиянын Хомс провинциясындагы аба соккуларынан кеминде он жайкын тургун ажал тапканын да кабарлады.

Кремл бул маалыматтарды дароо четке какты.

Орусия 1-ноябрдан бери Сирияда “Ислам мамлекети" тобунун жана "ал-Каиданын" бир бутагы болгон "ал-Нусра" уюмунун согушкерлерине каршы 250дөн ашуун аба соккусу жасалганын билдирүүдө.

Москва Алеппо провинциясында чет элдик согушкерлердин машыгуу борбору жана жана жардыруучу зат жасаган завод талкаланганын, Латакия районунда согушкерлердин командалык пункту жок кылынганын да кабарлады.

Ошондой эле Сирияда орус аскер учагы менен АКШ истребители учуу коопсуздугу боюнча келишимге ылайык, 3-ноябрда бири-биринен 8 чакырымдай аралыкта учканын айткан орус генералы Андрей Картаполов муну биргелешкен машыгуу деп баалады:

- Москва убактысы боюнча саат он бирде Орусия менен АКШнын аба күчтөрү учакка абадан коркунуч туулган учурда жерден колдоо көрсөтүү аракети боюнча биргелешкен машыгуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө ыкчам топтордун штабдарынын ортосундагы маалымат алмашууну уюштуруу жана кызматташуу маселелерине тажрыйба жасалды.

АКШ болсо Москва менен Сириядагы ар кандай кызматташтыкты четке какты. Пентагон бул аскердик машыгуу эмес, жөн гана сыноо болуп, ал үч мүнөттөй созулганын билдирди.

Вашингтон менен Москва октябрь айында Сириядагы учуу коопсуздугу боюнча келишимге кол койгон. Пентагон 20-октябрда кол коюлган бул меморандумда биргелешип сокку уруу, маалымат алмашуу жөнүндө сөз жоктугун, анда болгону учкучтар өзүн кандай алып жүрүшү боюнча нускамалар гана бардыгын билдирген.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG