Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Сирияда орусиялык аскерий учак кырсыкка учурады


Ан-26 (иллюстрациялык сүрөт)
Ан-26 (иллюстрациялык сүрөт)

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы аскердик базанын жанында жүк ташуу учагы кырсыкка учурап, 39 киши набыт кеткенин билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги алдын-ала маалыматтарга таянып кабарлагандай, Ан-26 учагы Латакия портунун жанындагы Хмеймим базасына коноордо кулап, андагы 33 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү мерт болду. Курман болгондордун бардыгы орусиялык жоокерлер болчу деп маалымдалды.

Коргоо мекемесинин расмий өкүлү кырсыкка техникалык мандем кириптер кылган болушу мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, Ан-26 аткылоого же башка чабуулга туш болгон эмес.

Орусиянын Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Москва Сирияда жети жылдан бери уланып келаткан жарандык согушта президент Башар Асадга сезилээрлик жардам берүүдө.

2015-жылдын күзүндө аба соккуларга тартыла баштаган дал Орусиянын колдоосу менен уруш Асаддын пайдасына бурулуп, өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын карамагындагы улам бир аймакты кайтарып алууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирияда орусиялык 40тан ашуун жоокер набыт кетти, тогуз аскердик учагы керектен чыкты. Аба соккуларды ишке ашырган авиа бөлүктөр сөз болгон Хмеймим базасында жайгаштырылган.

Былтыр 12-декабрда Орусия президенти Владимир Путин ал базага күтүүсүз барып, “Ислам мамлекети” террордук тобу талкаланганын айткан болчу.

Путин ошондой эле орус күчтөрүнүн орчундуу бөлүгү Сириядан чыгарылып кетерин да айткан. Бирок ошол эле декабрдын аягында президент Путин Сириянын Тартус портундагы орус базасын кеңейтүү боюнча келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койгон. Бул келишим, тескерисинче, Тартустагы жана "Хмеймим" аба базасындагы Орусиянын аскер күчтөрүн көбөйтөт.

Өткөн айда болсо Су-25 согуш учагы Идлиб чөлкөмүндө атып түшүрүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги аскер учкучу парашют менен секирип үлгүргөнүн, бирок козголоңчулардын колуна түшпөө үчүн өзүн-өзү жардырганын маалымдаган.

Хмеймим базасы да бир нече жолу чабуулдарга туш болгон. Былтыр 31-декабрда ошондой кол салуу маалында орусиялык эки жоокер окко учкан.

Быйыл январдын башында жоочулар Хмеймим жана Тартустагы орусиялык деңиз аскер күчтөрүнүн базасына дрондорду колдонуп сокку урушкан.

Айрым маалыматтарга караганда, Сирияда орусиялык менчик компанияга жалданып согушуп жүргөн аскерлер да бар. Бирок расмий Кремл алардын орусиялык армияга тиешеси жоктугун ырастап келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG