Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Тажик зыяратчылары Дубайдан кайтты


Дубай. 29-март, 2018-жыл.
Дубай. 29-март, 2018-жыл.

Кичи ажылыкка бараткан Тажикстандын жарандары жарым жолдон артка кайтарылмай болду. Буга Сауд Арабиясы коронавирус коркунучунан улам чет өлкөлүк зыяратчыларга эшигин жапканы себеп болду.

Ал зыяратчылар үч күндөн бери сапарын улантууга үмүттөнүп, Дубайда жатышкан.

Кичи ажылыкка бараткан тажикстандык 48 зыяратчы Сауд Арабиясына кире албай үч күндөн бери Дубайда жатат. Бул тууралуу зыяратка кеткендердин жакындары кабарлашкан. Бул кабарды Тажикстандын Дин, улуттук каада-салт жана салтанаттар комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким да ырастаган. Ал зыяратчылар Сауд Арабиясынын жаңы чечимин күтүп жатышканын айткан:

«Алар азыр Сауд Арабиясынын жаңы чечимин күтүп Дубай шаарында турушат. Сауд Арабиясы кандай чечим чыгарганына жараша кийинки кадамдарды жасайбыз. Эгер кабыл алуучу тарап эшигин ачса, биздин жарандар зыяратын улантат. Эгер жакын арада Сауд Арабиясы эшигин ачпаса, ажылык сапарын уюштурган туристтик компания бардык зыяратчыларды кайтарып келет».

Тажикстандын Дин комитетинин өкүлү ажылык сапарларын уюштуруу Сауд Арабиясынын кийинки чечиминен көз каранды экенин билдирди:

«Сауд Арабиясынын бул чектөөсү бизге да тиешелүү. Тажикстандыктар үчүн ажылык сапарын уюштуруп келаткан «Расул Сохмон» жана «Ормон» компаниялары ажылык сапарын уюштуруу ишмердигин Сауд Арабиясы эшигин ачкага чейин убактылуу токтотот».

Тажикстанда ажылык сапарынын баасы орто эсеп менен 4 миң долларды түзөт. Учурда Тажикстанда Сауд Арабиясына кичи ажылыкка камынып, сапар акысын алдын-ала төлөп койгон ондогон жарандар бар. Эми алар Сауд Арабиясы зыяратчылар үчүн эшигин ачкан күндү күтөрү же туристтик компаниядан акчасын кайтарып алары белгисиз. 2019-жылы 5 миңге жакын тажикстандык ажыга барган. Жугуштуу илдеттин айынан быйылкы ажылык сапары өтпөй калуу коркунучунда турат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда 28-февралга карата коронавирус илдетин жугузгандардын жалпы саны 82 миң адамдан өттү. Коопсуздук чараларына карабай илдет тараган өлкөлөрдүн саны 50гө чукулдады. Илдет 3 миңге жакын адамдын өмүрүн токтотту. Илдеттин айынан бири-бири менен алака-катнашын убактылуу токтоткон өлкөлөрдүн катары улам калыңдап баратат.

Вирустун таралышы боюнча Иран Кытайдан кийинки эле эң кооптуу өлкөгө айланды. Учурда Ирандын 31 провинциясынын 20сынан коронавирустун очогу табылды. Бул өлкөдө илдетти жугузгандардын саны 245 кишиден ашты. Алардын арасында Ирандын аялдар жана үй-бүлө боюнча вице-президенти, саламаттык сактоо министринин орун басары жана парламент депутаты бар.

Кытайдагы бир катар шаарлар коронавирустун белгисин сезип, өз ыктыяры менен дарыгерге кайрылгандарга акча төлөнөрүн жарыялап жатышат. Ирак эми илдеттен коргоочу беткаптарды өз алдынча тиге баштады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG