Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:36

Тажикстанда бийликке сынчыл көз карашын ачык билдирген философ илимпоз Хафиз Бабаяров (Бобоёров) Германиядан баш калка тапты.

Тажикстандын илимдер академиясына караштуу "Заманбап жүрүмдөрдү жана болочок долбоорлорун иликтөө борборунун" (the Center for the Study of Contemporary Processes and Future Planning ) 2014-15-жылдардагы жетекчиси, философия илимдеринин доктору (PhD) Хафиз Бабаяров (Бобоёров) ата журтун таштап, Германияга бозгунга кетти.

Соңку кезде саясий себептерден улам бул коңшу өлкөдөн чыгып, бозгунга кетүүгө мажбур болгондордун саны арбыганы белгилүү.

Алты жылдан кийин Германияга башка макам менен кайтып келдим

Хафиз Бабаяров 2011-жылы Германиянын Бонн университетинде философия илимдери боюнча докторлук диссертациясын (PhD) жактаган.

43 жаштагы таанымал окумуштуу Фейсбук баракчасына: «Германияда биротоло калууга ошондо эле мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок мен өз мекениме кызмат өтөөнү чечкем. Алты жылдан кийин Германияга башка макам менен кайтып келдим», - деп жазды.

Бабаяров коңшу өлкөнүн бийлигине каршы пикирин ачык билдирген саналуу илимпоздордун бири.

“Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти, учурунда Х.Бабаяров менен университетте бирге окуган Тахир Сафаров "илимпоздун ​либералдык көз караштагы ойлору бийликке дагы, оппозицияга дагы жакпаганын" айтат.

"Бийлик органдарында, коопсуздук күчтөрүндө иштеген тааныш-достору чукул арада Тажикстандан чыгып кетүүгө кеңеш беришиптир. Хафиз Германияга кайтып барып, качкын макамын алыптыр", - деп тажик журналист Азаттык" радиосуна досунун жагдайын түшүндүрдү.

2015-жылы илимпоз Х.Бабаяров президент Эмомали Рахмонго “Улут көсөмү” деген наамдын берилишине каршы пикирин айткан.

“Тажикстанда улуттук биримдиктин жана бейкуттуктун негиздөөчүсү” катары Рахмонго ыйгарылган мындай эң жогорку макам анын өзүнө жана үй-бүлөсүнө кол тийбестик укугун берип, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуудан коргойт" деген эле ал.

Бабаяров жазган макаласында “жол башчылар демократиялык коомдо эмес, урууга бөлүнгөн, монархиялык жана теократиялык режимдерде болорун” түшүндүргөн.

Илимпоз нагыз демократиялык коомдо президент конституциялык түзүлүштү камсыздаган укуктук системанын кепили экенин чечмелеген.

“Демократиялык коомдо президенттин кызматынан жогору статус жок”, – деп жазган Бабаяров "улут көсөмү" даражасынын азыркы тажик коомуна эч зарылчылыгы жоктугун ырастаган.

Бул макаласынан кийин таанымал философ Тажик илимдер академиясына караштуу илимий институттун директорлук кызматынан кетүүгө мажбур болгон.

Анын Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы тууралуу жазганы дагы оппозициядагы диний партиянын тарапташтарынын кыжырына тийген. Бабаяровдун өлкөдө тыюу салынган исламчыл делген саясий партияны “талиптерге” жана “Ислам мамлекети” террордук уюмуна салыштырганыкоомдо кызуу талаш-тартыш жараткан.

«Дин эмес, динди саясатташтыруу коомду өнүкпөй калууга (стагнацияга) түртөт» деп баса белгилеген Бабаяров: “Биз курч саясий жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүү ордуна, аялдар хижаб кийбесин, эркектердин сакалы үч сантиметрден ашпасын деген майда-чүйдө маселелерге көп маани берип калдык» деп кескин оюн жазган.

Бабаяров "Азаттык" радиосуна берген маегинде: "Мечиттерде насаат маалында аялдарды басмырлайбыз, ал болсо коомду ислам революциясына түртөт”, - деп айтканы бар.

Соңку эки жылда Тажикстандан сыртка кеткен жарандардын агымы күчөдү.

Адистердин пикири боюнча, “акылдын (айдыңдардын) сыртка агымы” коомдун өңүгүүсүнө залакасын тийгизет. Өлкө мыкты кесипкөй жарандарынан жана өнөрлүү адамдарынан кол жууп калышы мүмкүн.

Май айында эле бийликтин басымынан улам 20 журналист Тажикстандан чыгып кеткен. Четтен баш калка издеген тажик журналисттеринин саны өткөн жылы биринчи жолу ачык жарыяланып, бозгунга кеткен болжол менен 10дой киши белгилүү болгон.

Философия илимдеринин доктору Хафиз Бабаяров (тажикче: Бобоёров; Hafiz Boboyorov) 43 жашта. Ал Дүйшөмбү шаарындагы Тажик мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган соң, өлкө борборундагы айрым университеттерде жана Тажик илимдер академиясында иштеген. Ал 2006-жылы Бонн университетине окууга барып, беш жылдан кийин, 2011-жылы "Түштүк Тажикстандагы жамааттык өзүн өзү аныктоо түрлөрү жана төбөлдүк тескөө тармактары" ("Collective Identities and Patronage Networks in Southern Tajikistan") деген темада философия боюнча докторлук диссертациясын жактаган заманбап илимпоз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG