Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Тажикстан Кыргызстанга электрин сатпайт


Тажикстан бул сезондо Кыргызстанга электр энергиясын сатуудан баш тартты. Кошуна өлкөнүн энергетика министри буга бир нече жүйөнү келтирди.

Мындан мурдараак кыргыз тарап быйыл да Тажикстандан электр энергиясын сатып алуу ниетин билдирген эле.

Тажикстандын энергетика жана суу ресурстар министри Усмонали Усмонзода 26-июлда маалымат жыйынын куруп, быйыл Кыргызстан сураган көлөмдө электр энергиясы сатылбай турганын жарыялады. Муну ал Тажикстандын түндүгүндөгү Согди облусунда электр энергиясына болгон талап өскөнү менен түшүндүрдү.

- Чындыгында эле биз быйыл Кыргызстанга электр энергияны сатуудан баш тарттык. Анткени алар өтө чоң көлөмдү сурап жатышат. Жалпысынан эки миллиард киловатт саат сурашты. Бирок азыр биздин түндүк аймактарыбызда электр энергиясына талап күчөп жатат. Анткени Согдиде көп чоң кубаттуулуктагы ишканалар күнү-түнү токтобой иштөөдө. Азыр биз болгону 50-60 мегаватт электр энергиясын гана экспорттой алабыз.

Тажикстандын энергетика министри
Тажикстандын энергетика министри

Деген менен министр Усмонали Усмонзода Тажикстан электр энергиясын сатууну такыр токтотпогонун, тескерисинче жакшыраак баа сунуштаган кардар табылганын ишаара кылды. Анын айтымында, акыркы жылдары Тажикстан кошуна өлкөлөргө экспорттогон электр энергиясынын көлөмү көбөйтүлүүдө.

- Электр энергиясынын баасы азыр бардык өлкөлөрдө кымбаттап жатат. Мисалы, Молдовада 13 цент, Грузияда 7-8 цент. Казакстанда 6-7, Өзбекстанда 5-6 цент. Башка өлкөлөрдө мындан да кымбат. Бирок президент Тажикстандагы электр энергиянын баасын элге көп күч келбей тургандай кылып, кармап турууну көздөп жатат. Азыр биз Ооган рыногуна артыкчылык бере баштадык. Ооганстанга сатылган электр энергиянын көлөмү азыр 638 киловат саатка жетти.

Тажик тараптын маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү быйыл да Тажикстандан электр энергияны былтыркыдай эле 2,5 центтен сатып алуу ниетин билдирген. Ай башында Кыргызстандын вице-премьер министри Олег Панкратов энергокомпанияларга тез аранын ичинде Тажикстандан электр энергиясын сатып алуу маселесин чечүүнү тапшырган болчу.

Бирок энергетика тармагы боюнча адис Расул Үмбеталиев быйыл күн жаанчыл болгондуктан Кыргызстанга сырттан электр энергиясын импорттоого муктаждык жок деп эсептейт.

"Кемин" станциясы
"Кемин" станциясы

- Азыр Токтогулда 16 млрд куб суу бар. Октябрга чейин 17 млрд кубдан да ашат. Ал суу кыштан чыгууга кеңири жетет. Мен электр энергияны сырттан сатып алуунун кереги жок экенин айтып келем. Булар сөз укпай сууну кышкыга камдайбыз деп, Дүйшөмбүгө барып тажиктерден электр энергиясын 2,5 центтен сатууну сурашты. Тажиктер ага макул болгон жок. Анткени алар Ооганстан, Пакистанга 3,5-4,5 центтен сатып жатышат. Тажиктер электр энергияны бизге сатпаганы биз үчүн пайдалуу болду. Анткени бул арзыбаган аз эле көлөм. Токтогулда быйыл топтолгон суу Кыргызстандын өзүнө кенен жетет.

Кыргызстан болсо акыркы эки жыл кышында Казакстандан да электр энергиясын сатып алган. Бирок казак электр тогунун баасы тажиктерден айырмаланып 10 центке чейин бааланган. Казак электринин баасынын жогору болушу алардагы энергияны өндүрүүнүн кымбаттыгы менен түшүндүрүлгөн. Казакстанда электр тогу жылуулук энергия станциялары аркылуу өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG