Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Ташкент Москвада өзбек тилдүү мектеп ачууну сунуштады


Расмий Ташкент орус бийлигине эмгек мигранттардын балдары үчүн өзбек диаспоранын эсебинен жеке бала бакчаларды жана мектептерди ачууну сунуштады. Бул мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү орус мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлөрү боолголонууда.

Мектеп ачуу демилгеси орус-өзбек депутаттарынын кайым айтышуусуна жол ачты.

Москвада өзбек мектебин ачуу дымагы

19-октябрда ТАСС агенттиги Өзбекстандын президентинин кеңешчиси Кахрамон Куранбаевге шилтеме жасап, Өзбекстан Орусияга мигранттардын балдары үчүн жеке мектептерди жана бала бакчаларды ачууну сунуштаганын жазды.

Куранбаев белгилегендей, Ташкенттин өтүнүчү эмгек мигранттарынын балдарын мектепке бере албай, кыйналып жаткандыгына байланыштуу. Пландалган мектептерде жана бала бакчаларда билим берүү орус мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлөрү боолголонууда.

Деген менен ошол эле күнү Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Делягин жергиликтүү радиого берген маегинде "бул демилге мыйзамсыз" экенин билдирди.

"Өзбекстандын президентинин кеңешчиси Орусиянын Конституциясы боюнча адамдарды улутуна карап басмырлоого тыюу салынганын укпаса керек. Мигранттардын балдары үчүн гана мектеп ачуу Орусиянын жарандарын басмырлоо экени түшүнүктүү", - дейт орус депутат.

Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын балдарына мектеп куруу маселеси эки өлкөнүн депутаттарынын арасында кайым айтышка жол ачты.

Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты, "Юксалиш" улуттук кыймылынын төрагасы Бобур Бекмуродов орус депутаттын шериктеш өлкөгө карата мындай олуттуу айыптоосу "Ташкенттин Орусия менен мамилесинде кыраакылыкты талап кылат" деди.

"Жолдош Михаил Делягин, эгерде сиз айткандай, эмгек мигранттары Орусия сыяктуу ири мамлекетти "жок кыла турган" болсо, анда сиздерде мамлекеттүүлүктү чыңдоого байланыштуу башка, алда канча маанилүү милдеттер турат", - деди Бобур Бекмуродов Телеграм каналында.

Ошондой эле Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрага орун басары Алишер Кадиров "орус мектептерде өзбек тилин окутуу орус улутун басмырлоо болсо, Өзбекстандын мектептеринде орус тилинде окутуу өзбектерди басмырлообу?" деп суроо салды.

Эки өлкө аймагында мектеп куруу дымагы буга чейин да көтөрүлгөн. 18-сентябрда Москвада өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин "окуучуларды орус маданияты жана салттары менен тааныштыруу" максатында Өзбекстанда бир нече мектеп куруу сунушун киргизген.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул сунушту жылуу кабыл алганын, өлкөдө 10 миңден ашык орто мектептин 10% толугу менен орус тилинде билим бере турганын кошумчалаган.

Бул билдирүүдөн кийин Өзбекстандагы социалдык тармак колдонуучулары Орусиянын Өзбекстанда мектеп куруусуна каршы пикирлерин айта баштаган. Бирок өзбек бийлиги коомчулукту мектеп куруу боюнча Орусиянын сунушун "туура эмес чечмелебөөгө" чакырган.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын тиешелүү органдарынын маалыматына караганда, чет өлкөлөрдө туруктуу иштеген өзбекстандыктардын саны 2 миллиондон ашат, алардын 60% ашыгы Орусияда иштешет.

Буга чейин Орусияда эмгек миграциясында жүргөн айрым кыргызстандык үй-бүлөлөр да балдарын мектепке киргизүүдөн кыйналып жатышканын билдиришкен. Сентябрдан бери убара тарткан ата-энелер айрым мектептерден "орун жок" деген жооп угушкан.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ушундай көйгөй менен кайрылгандар бар экенин, бирок баланы мектепке киргизүү үчүн эртерээк аракет кылуу зарылдыгын эскертүүдө.

Борбор Азиядагы тил саясаты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 13-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде тил маселесин көтөрдү. Президент КМШда быйылкы жыл "Орус тилинин жылы" деп жарыяланганын белгилеп, орус тили ортодогу баарлашуу тили болуп кала берерине ишенимин билдирди.

Муну менен катар орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү тууралуу келишим кабыл алынып, президенттердин орус тилинин улут аралык байланыш тили катары өнүгүшүн колдоо тууралуу билдирүүсү бекитилди.

КМШ саммити. 2023-жыл, 13-октябрь.
КМШ саммити. 2023-жыл, 13-октябрь.

Быйыл 17-июлда мамлекет башчы "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилинде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Буга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров 19-июлда билдирүү жасап, Кыргызстанда кабыл алынган “Кыргыз тили жөнүндө” мыйзамга камтамачылыгын билдирген. Лавровдун бул билдирүүсү кыргыз коомунда кызуу талкуу жаратып, айрымдар муну Орусиянын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү катары баалаган.

Президент Садыр Жапаров 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Сергей Лавровго жооп берип, мыйзам орус тилин “дискриминация” кылбай турганын айткан эле.

Москва өз кезегинде Кыргызстанга орус тилинде билим берген тогуз мектеп куруп, аларды өзү каржылап, жетекчилерин өзү дайындоого белсенүүдө.

Бишкек, Баткен, Караколдо Орусия каржылаган үч мектептин курулушуна капсула салуу учурунда тартылган сүрөт. Эки өлкөнүн президенттери ага онлайн катышкан. 1-сентябрь, 2023-жыл
Бишкек, Баткен, Караколдо Орусия каржылаган үч мектептин курулушуна капсула салуу учурунда тартылган сүрөт. Эки өлкөнүн президенттери ага онлайн катышкан. 1-сентябрь, 2023-жыл

3-сентябрда Бишкек, Баткен, Караколдо алгачкы үч мектептин пайдубалын түптөө аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышкан.

Жергиликтүү активисттер мектептерди Кыргызстан башкарышы керектигин, болбосо коопсуздукка коркунуч келерин айтышууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектеги 103 мектептин 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

Токаев орус тилин колдоо боюнча эл аралык уюмдун долбоорун жактырды

Ал эми 18-октябрда коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм түзүү боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды.

Казакстандын ченемдик актылар сайтында жарыяланган документте "Макулдашуу мамлекеттер аралык байланыш тили жана байланыш каражаты катары орус тилин сактоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн шарттарды түзүүгө негизделген" деп жазылат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Москва. 7-октябрь, 2023-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Москва. 7-октябрь, 2023-жыл.

Документте орус тили БУУнун, КМШнын, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Евразия экономикалык биримдигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун расмий жана/же жумушчу тили экени айтылат.

"Уюмдун максаты - Келишимге кол койгон тараптардын ортосундагы достукту, коңшулаштыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо; катышуучу мамлекеттердин келишимдерин сактоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөө. Орус тили - мамлекеттер аралык катнаштын тили жана байланыш каражаты", - деп айтылат уюмдун уставында.

Уюмдун милдеттеринин бири "орус тили боюнча билим берүүнүн сапатын колдоо, "Орус тили жана адабияты" жана "Орус тили чет тили" багыттары боюнча педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоого катышуу", ошондой эле "Орус тили" жана "Орус адабияты" предметтери боюнча окуу китептери жана изилдөөлөрү, усулдук көрсөтмөлөр боюнча экспертиза жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашуу, орус тилин мамлекеттер аралык байланыштын каражаты катары колдоого жана жайылтууга багытталган чыгармачыл долбоорлорго гранттык сынактарды бекитүү" болуп эсептелет.

Документке Казакстан, Орусия, Азербайжан, Армения, Беларус, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина кол коюшу керектиги айтылат.

Ага чейин 13-октябрда Бишкекте өткөн саммитте президент Токаев "Казакстан казак тил макамын бекемдөө саясатын уланта берерин" билдирген. Ал жаңы уюм тууралуу келишимди "тарыхый" деп сыпаттаган.

"Орус тилин КМШда жайылтуу боюнча чаралар, биздин өлкөлөрдүн улуттук ой жүгүртүүсүнө терс таасирин тийгизбейт", - деди ал.

Орус саясатчылары маал-маалы менен "Казакстан орус тилине кысым көрсөтүүдө" деген билдирүүлөрдү жасап, казак тилдүү активисттердин ишмердигин жана Казакстандагы тилге байланышкан мыйзамдарды сынга алып келишет.

Былтыр 25-октябрда Токаев тил маселесин саясий куралга айландырбоого чакырган.

Акыркы убакта казакстандыктар коомдук жайларда, кафелерде, тейлөө тармактарында кардар катары казак тилиндеги кызматтарды талап кыла баштаганын байкоого болот.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG