Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

«Абу Сахийдин» жетекчилерине иш козголду


«Абу Сахий» базары.
«Абу Сахий» базары.

Өзбекстанда «Абу Сахий» базарынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Учурда базарды бир нече мамлекеттик орган ар тараптан текшерип жатат.

Бирок текшерүүлөрдүн түпкү максаты азырынча купуя бойдон калууда. Ташкенттеги «Абу Сахий» базарына 2017-жылга чейин Ислам Каримовдун кенже күйөө баласы Тимур Тилляев ээлик кылып келген.

5-январдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдары «Абу Сахийдин» «Ташкент соода борбору» деген ат менен расмий катталган базарын текшерип жатышат.

Маалыматты ошол эле базар жетекчилеринин бири "Азаттыктын" өзбек кызматына өзү ырастаган. Ал текшерүүлөрдү Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы экономикалык кылмыштарга каршы күрөш департаменти көзөмөлдөп жатат.

Ташкент шаардык прокуратурасынын атын атагысы келбеген кызматкери да элге «Абу Сахий» деген ат менен таанылган «Ташкент соода борбору» ар тараптан текшерилип жатканы тууралуу маалыматты тактаган.

Анын билдиргенине караганда базарды мамлекеттик салык комитетинин, өрткө каршы күрөш башкармалыгынын жана санэпидем көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныкташкан. Азырынча текшерүүнүн максаты жана натыйжалары тууралуу расмий маалымат таратыла элек.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы «Абу Сахий» базары боюнча прокуратурага сурак берген соодагерлер менен байланыша алды. Эки соодагер тең "Абу Сахийдин" жетекчилерине мындан үч жыл мурда козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары сурак беришкенин ырасташты.

Алардын бири - "Абу Сахий" базарында 2014-жылга чейин соода кылган Динара Латипова. Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери андан «Абу Сахий» базарына чет өлкөнүн товарларын кантип ташып келгенин сурашкан.

– Тергөөчүлөр менин ишкер катары укугумду базар жетекчилери тепсегенин түшүндүргөнгө аракет кылышты. Аткезчилик схемасынын курмандыгы болгонумду айтышты. Бирок «Абу Сахий» карго кызматы ачылгандан кийин бизге окшогон соодагерлердин иши жеңилдеген да.

Динара Латипова Ташкент шаарынын прокурорунун орун басары А.Пулатовдун колу коюлган кагазды көрсөттү.

Кагазда «Ташкент соода борбору», «Мирабад дыйкан базары» жана башка бир нече субъектинин жетекчилерине карата "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген берене боюнча кылмыш иши козголгону жазылган. Бирок бир да шектүүнүн аты аталган эмес.

Прокуратуранын сурагына чакырылган дагы бир соодагер атын ачык айтууну каалаган жок. Ал «Абу Сахий» базарында азыр да соода кыларын, прокуратурада базар жетекчилигине каршы көрсөтмө бергенин ырастады.

– Мен Дубайдан ташып келген товарымдын ар бир килограммына 5 доллардан төлөп жатам. Бирок тергөөчү аны аткезчилик деп атады. Демек, базар жетекчилиги менин ишенчээк мүнөзүмөн пайдаланып, аткезчилик кылмышынын катышуучусу кылыптыр деген чечимге келдим.

«Азаттык» менен байланышкандардын айтымында, бул текшерүүлөр базардагы сооданын жүрүшүнө таасир эткен эмес.

Белгилей кетсек, «Абу Сахий» базары 2017-жылга чейин маркум президент Ислам Каримовдун кенже кызы Лола Каримованын күйөөсү Тимур Тилляевге караштуу болчу.

Бул тууралуу «Азаттыктын» кыргыз кызматы, «Kloop» басылмасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) биргелешип, 21-ноябрда жарыялаган иликтөөдө да айтылган.

Иликтөөдөн кийин «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы Тимур Тилляевдин адвокаты Марк Раймонд менен байланышкан. Жактоочу «Абу Сахий» базарын Ислам Каримовдун кенже күйөө баласы Тимур Тилляев түптөгөнүн ырастаган.

–Тилляев мырза 2006-жылы Ташкент шаардык администрациясынан бош жаткан жерди сатып алып, ал жерге «Абу Сахий» базарын түптөгөн. 2017-жылы базарды сатып жиберген.

2018-жылы өлкөнүн «Ахборот 24» жана «Узбекистан 24» телеканалдарында «Абу Сахий» дүң соода базарынан 53,5 миллион доллар казынага төлөнбөй чет өлкөгө чыгарылып кеткени айтылган. Кийинчерек бийлик базарды кайра түзгөн соң мамлекетке түшкөн төлөмдөр көбөйгөнүн кабарлашкан.

Учурда расмий документтерде «Абу Сахий» базарынын директору катары Акмал Хусаинов деген жаран катталган. Мурдараак маалымат каражаттарында базардын чыныгы кожоюну чет өлкөлүк жаран экени жазылган. Бирок анын аты, ал ээлик кылган менчиктин түрү ачылбаган бойдон калып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG