Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:54

Тоолуу Карабакта ок атышуу токтоду


Тоолуу Карабактагы конуш.
Тоолуу Карабактагы конуш.

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги 20-сентябрда орус бейпилдик күчтөрүнүн ок атууну токтотуу сунушун кабыл алганын билдирди.

"Түзүлгөн кырдаалда эл аралык коомчулуктун согушту токтотууга жана абалды жайгарууга багытталган аракеттери жетишсиз. Мунун баарын эске алуу менен Арцах Республикасынын (аймактын армянча аталышы) бийлиги орус бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгынын ок атууну токтотуу боюнча сунушун кабыл алат", - деп жазылган алар тараткан билдирүүдө.

Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Тоолуу Карабактан армян аскерлери жана аскердик бөлүктөр чыгарылат, аймактын куралдуу түзүмдөрү толук жоюлат жана куралсыздандырылат. Ошондой эле Тоолуу Карабактан бардык "оор аскердик техника" чыгарылат.

Акыркы маалыматтарга караганда, 19-сентябрда башталган аскердик аракеттерден отуздай адамдын өмүрү кыйылды, жүздөн ашуун киши жаракат алды. Арасында балдар дагы бар.

"Аскердик операциянын" башталышы

Бир күн мурда Азербайжандын өкмөтү жикчил Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын билдирди.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян кайсы бир ички жана тышкы күчтөр өлкөнү согушка тартууну көздөп жатканын айтты. Жикчил аймактын бийлиги азери тараптын аткылоосунан беш карапайым тургун мүрт кеткенин билдирди. Азербайжандын Башкы прокуратурасы бир жайкын тургундун өмүрү кыйылганын маалымдады.

Тоолуу Карабактагы чыр: Баку “антитеррордук операция” баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги Азербайжанга аскердик аракеттерди токтотуп, сүйлөшүү жүргүзүү сунушу менен кайрылды. Баку бир катар шарттар аткарылганда гана этностук армяндар менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Азербайжандын администрациясы билдиргендей, бул үчүн жикчил аймактагы мыйзамсыз аскердик түзүмдөр куралдарын тапшырып, ал эми Тоолуу Карабактын бийлиги таркатылышы керек.

19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө "Азербайжан Республикасынын конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирүү максатында аймакта жергиликтүү антитеррордук иш-чаралар башталганы" айтылат.

Баку билдиргендей, буга 19-сентябрдын таңында алты азербайжандык жарандын минадан мүрт кеткени түрткү болду. Азербайжандын бийлиги окуяны "теракт" деп атап, аны Тоолуу Карабактын коргонуу армиясынан көргөн.

Жикчил аймактын бийлиги бул дооматтарды четке каккан.

Тоолуу Карабактын тургундары атышуунун жана жардыруунун үндөрү угулган видеолорду социалдык тармактарга жайылтышты.

Азербайжандын Ички иштер министрлиги Арменияны 2020-жылдын 9-ноябрында кабыл алынган үч тараптуу билдирүүнүн төртүнчү баскычын бузганы үчүн айыптап, "Ереван куурчак режимди колдонуу менен чөлкөмдөгү аскердик чыңалууну күчөтүп, аскердик аракеттерди жана аймакты миналоону улантып жактанын" билдирди.

Ошондой эле мекеме бир гана "аскердик обьектилер аткыланып жатканын", аймактан армян аскерлери чыгарылганда гана тынчтык тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Анткен менен Армениянын Коргоо министрлиги Бакуга жооп кайтарып, Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин маалымдады.

Кырдаалга байланыштуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

"Армениянын чек арасында кырдаал туруктуу, дагы бир жолу баса белгилей кетсем, бул операциянын негизги максаты Армения Республикасын аскердик аракеттерге тартуу"-деди Пашинян. Ал армян аскерлери жаңжалга аралашпаганын баса белгиледи.

Пашинян ошондой эле операциянын башталышы тууралуу Баку алгач Орусияны кабардар кылганы "таң калтырганын" айтты.

"Албетте, бул Азербайжандын версиясы. Ошентсе да биз орус өнөктөштөрүбүздөн бул тууралуу эч кандай маалымат алган жокпуз"-деди өкмөт башчы.

Буга чейин Баку Азербайжан Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгына жана түрк-орус байкоочу борборунун жетекчилигине жасаган аракеттери тууралуу маалымат бергенин белгилеген.

Азербайжанга таандык Армения көзөмөлдөгөн аймактын де-факто акыйткатчысы Гегам Степанян азери аскерлеринин аткылоосунан жарадар болгондордун саны 20дан ашканын тактады.

Көп өтпөй өз алдынчалык жарыялап алган республиканын Саламаттык сактоо министрлиги сексенден көп адам жаракат алганын, алардын 15и бала экенин билдирди.

Еревандагы нааразылык акциясы

Тоолуу Карабакта кырдаал курчуганы Ереванда нааразылык акциясы башталды. Армениянын өкмөт үйүнүн алдына чогулган жүздөгөн адам жикчил аймактагы окуя үчүн премьер-министри Никол Пашинянды күнөөлөп, андан батыл чараларды көрүүнү талап кылышты.

Айрым демонстранттар менен полиция ортосунда кагылышуу болгонун «Азаттыктын» армян кызматынын журналисти жеринен кабарлады.

Дагы бир акция Орусиянын Еревандагы элчилигин алдында өттү. Анын катышуучулары аймактагы Орусиянын бейпилдик күчтөрүнөн жайкын тургундарды агрессиядан коргоону талап кылышты.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коргоо комитетинин башчысы Тоолуу Карабактагы бейпилдик күчтөрү алардын өзүлөрүнө коркунуч жаралмайынча курал колдонууга укугу жок экенин билдирген. Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги бейпилдик күчтөрү кооптуу аймактардан жайкын тургундарды эвакуациялоо иштерине көмөктөшүп жатканын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 19-сентябрда орус бейпилдик күчтөрүнүн жардамы менен 500дөн көп адам коопсуз аймакка чыгарылган. Алардын 200дөйү балдар.

Эл аралык реакция

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжанды аскердик операцияны дароо токтотууга чакырып, мунун баары Карабактагы гуманитардык кризисти дагы тереңдетерин кошумчалады.

"Кошмо Штаттар Тоолуу Карабактагы Азербайжандын аскердик аракеттери боюнча терең тынчсызданууда жана Азербайжанды бул аракеттерди токтотууга чакырат"-деп жазылат Блинкендин билдирүүсүндө.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Тоолуу Карабактагы эскалация боюнча тынчсыздануусун билдирип, тараптарды саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолуна кайтууга чакырды.

"Тоолуу Карабактагы кырдаалдын кескин курчуп кеткенине терең тынчсызданабыз. Азери куралдуу күчтөрү аймакта Баку «антитеррордук операция» деп атаган аракеттерди баштаганы жана аларга каршы жергиликтүү армян куралдуу түзүмдөрү жооп кайтарып жатканы тууралуу кабарлар түшүп жатат. Орусия жаңжалдашкан тараптарды кан төгүүнү, аскердик аракеттерди тезинен токтотуп, саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолуна кайтууга чакырат", - деди министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова.

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель Азербайжанды дароо ок атууну токтотууга чакырды.

«Баку менен карабах армяндарынын ортосунда диалогдун түзүлүшүнө шарт түзүү үчүн Азербайжандын аскердик аракеттери дароо токтотулушу керек»-деп жазды ал X социалдык түйүнүнө.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель дагы ушундай эле өңүттөгү билдирүү жасады.

«Евробиримдик Карабактын аймагындагы жана чек ара тилкесине жакын жердеги аскердик эскалацияны айыптайт. Биз Азербайжанды дароо аскердик аракеттерди токтотууга үндөйбүз»-деп жазды Боррел.

Евробиримдиктин Түштүк Кавказдагы кризис боюнча атайын чабарманы Тойво Клаар дагы чыңалууну жайгарууга чакырды.

«Бүгүн азербайжандыктардын миналардын жарылуусунан өлүмү тууралуу кабарлар чыкты. Анткен менен аскердик аракеттер кырдаалды дагы тереңдетет. Ок атышууну дароо токтотуу зарылычылыгы турат. Ошондо аган Баку менен карабак армяндарынын ортосунда реалдуу диалогду калыбына келтирүү мүмкүн»-деди ал.

Армения менен Азербайжан ондогон жылдардан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келет.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Тоолуу Карабак: Эки өлкөнү эрегиштирген аймак
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Лачын коридорунун жабылышы, Тоолуу Карабактагы кризис

Бир нече айдан бери Ереван Бакуну Армения менен жикчил Тоолуу Карабакты байланыштырган Лачын коридорун жабуу менен "Тоолуу Карабакта гуманитардык кризис жаратып жатат" деп айыптап келген. Баку бул дооматтарды четке каккан.

АКШ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык уюмдар гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн Азербайжан бийлигин коридорду ачууга чакырган.

Жикчил Тоолуу Карабактагы армян бийлигинин көзөмөлүндөгү Степанакерт шаарына 18-сентябрда Эл аралык Кызыл чырым уюмунун гуманитардык жүк салган автоунаалары барганын Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев билдирген.

Анын айтымында, жүк ташыган автоунаалар эки багыттан - Азербайжан тараптан Агдам, Армения тараптан Лачын коридору аркылуу өттү. Гажиев "Автоунаалардын Лачын коридору аркылуу өтүшү ал жерде эч кандай блокаданын жоктугунун далили болуп калганын" белгиледи.

Армян маалымат каражаттары Еревандан Степанакертке 23 тонна ун жеткирилгенин ырстады. Мындан тышкары Агдам каттамы аркылуу Тоолуу Карабакка Орусиянын жана Швейцариянын өндүрүшүнөн чыккан медициналык жана гигиеналык каражаттар жеткирилди.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей армян отурукташкан.

АКШ - Армения аскердик машыгуулары

АКШ менен Армениянын аскерлеринин Eagle Partner-2023 деп аталган машыгуулары соңуна чыгууда. Еревандан алыс эмес Зар жана Армавир полигондорунда 85 америкалык жана 175 армян аскери чогуу машыкты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмун жетектеген Орусия бул машыгууларга тынчсыздануусун билдирген. Бул уюмга Армения дагы мүчө.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-сентябрда армян бийлигинин "аракеттерине өкүнүчүн" айтып, машыгуулардан "жакшы эч нерсе күтпөстүгүн" билдирген. Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Москва кырдаалга көз салып турарын" айтты.

Эки апта мурун Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Армениянын элчисин чакыртып, Еревандын "достукка жатпаган" кадамдарына, анын ичинде машыгууларга нааразылык билдирген.

Ал эми Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Москваны "Азербайжандын агрессиясынан" коргой албаганы үчүн айыптады. Буга чейин ал Армениянын коопсуздук жаатында Орусияга толук үмүт артканы "стратегиялык ката" болгонун белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG