Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:21

Туск: АКШ Европадан артык өнөктөш таппайт


Дональд Туск жана Дональд Трамп. Брюссель, 25-май, 2017-жыл.
Дональд Туск жана Дональд Трамп. Брюссель, 25-май, 2017-жыл.

НАТОнун Брюсселде 11-июлда баштала турган саммитинин алдында кескин билдирүүлөр айтылды. Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск АКШ президенти Дональд Трамптын Евробиримдиктин коргонуу чыгымдары боюнча айткандарын сындады. Президент Трамп НАТОнун чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн Кошмо Штаттар көтөрүп жатканын белгилеп, уюмдун Европадагы мүчөлөрүнөн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнү талап кылууда.

Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск АКШ президенти Дональд Трампка багытталган сөзүн 10-июлда Евробиримдик менен НАТОнун ортосунда жаңы кызматташтык келишимине кол коюлгандан кийинки маалымат жыйынында айтты:

- Мен президент Дональд Трампка түз кайрылгым келет. Ал Европаны көптөн бери, дээрлик күн сайын, анын көз карашы боюнча жалпы коргонууга жетиштүү салым кошпой жатканы үчүн сынга алып келет. Урматтуу президент Трамп, АКШда Европадан жакшы өнөктөш жок жана болбойт. Урматтуу Америка, өз өнөктөшүңөрдү баалагыла. Акыр-аягында алар силерде анча деле көп эмес.

Ошентсе да Туск НАТОго мүчө Европа өлкөлөрүн да коргонууга сарптаган чыгымдарын көбөйтүүгө үндөп, мыкты даярдыктагы жана мыкты жабдылган өнөктөш гана сыйга ээ болоорун эскертти.

Түндүк Атлантикалык Альянстын саммити 11-12-июлда Брюсселде өткөнү турат. Президент Дональд Трамп бул саммитке катышкан соң Британияга барса, андан кийин 16-июльда Хельсинкиде орус президенти Владимир Путин менен жолукканы турат.

- Урматтуу президент Трамп, НАТО саммиттинде сиз менен жолугушканыбызда, баарынан мурда сиз президент Путин менен Хельсинкиде жолукканыңызда муну эсиңизден чыгарбаңыз. Стратегиялык досуңуз ким, стратегиялык маселеңиз эмне экенин ар дайым билип туруу маанилүү, - деп эскертти Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск.

Дональд Трамп жана Владимир Путин APEC уюмунун саммитинде кездешкен учур. 11-ноябрь, 2017-жыл.
Дональд Трамп жана Владимир Путин APEC уюмунун саммитинде кездешкен учур. 11-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ президенти Трамп НАТОнун европалык мүчөлөрүн коргонуу чыгымдарына жетиштүү каражат бөлө албаганы үчүн сындап, мындан улам аскердик альянстын жүгүнүн көбүн АКШнын көтөрүүгө мажбур болуп жатканын бийликке келгенден бери такай белгилеп келет.

НАТОнун алкагында буга чейин аскердик чыгымдардын көлөмүн 2024-жылга чейин ар бир өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн эки пайызына жеткирүү маселеси макулдашылган.

Трамп Брюсселге учуп кетер алдында Евробиримдиктин расмий өкүлүнүн айткандарына жооп берди:

- НАТО бизге адилет мамиле кылбайт. Бирок менимче биз бир нерсе ойлоп табабыз. Биз абдан көп акча төлөп жатабыз, алар абдан эле аз төлөшөт. Бирок биз муну бардык мамлекеттер ыраазы болгудай кылып иштеп чыгабыз. Биздин өнөктөштөрүбүз көп. Бирок биз муну пайдалана албайбыз. Евробиримдик бизден артыкчылык алышынан улам былтыр биз соодада эле 151 миллиард доллар жоготтук. Мындан сырткары биз НАТОнун кеминде 70% чыгымын көтөрүп жатабыз.

Деген Трамп Твиттердеги барагы аркылуу да бул маселеге кайрылып, анда НАТО өлкөлөрү АКШнын уюмдун коргонуу тармагына сарптаган ашыкча чыгымдарын төлөп бериши керектигин да ишара кылды.

НАТОнун Латвияда өткөн машыгуусу, 13-июнь 2018-жыл.
НАТОнун Латвияда өткөн машыгуусу, 13-июнь 2018-жыл.

Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселде шейшембиде кол коюлган жаңы кызматташтык келишимди Евробиримдик менен НАТОнун алакасын бекемдөөгө багытталган кадам деп мүнөздөдү.

Анын айтымында, быйыл НАТОнун сегиз мүчөсү: АКШ, Эстония, Греция, Британия, Латвия, Литва, Польша жана Румыния коргонуу чыгымын ички дүң өнүмдүн эки пайызына жеткирүү тууралуу талапты аткарганы турушат.

- Европадагы өнөктөштөр менен Канада АКШны жоошутуу үчүн гана коргонуу чыгымдарын көбөйтпөшү керек. Алар өзүнүн коопсуздук кызыкчылыгына туура келгени үчүн каражатты көбөйткөнү жатышат, - деди Йенс Столтенберг.

АКШнын НАТОдогу элчиси Кей Бэйли Хатчинсон шейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип, Вашингтон Түндүк Атлантикалык Альянстан оолактабайт деп ишендирди.

Батыш өлкөлөрүнүн аскердик-саясий блогу саналган НАТО 1949-жылы негизделген. Ага мүчө 29 өлкөнүн басымдуу бөлүгү Европада жайгашкан. Мүчө өлкөлөрдүн Брюсселдеги саммитинде коопсуздук тармагындагы эл аралык маселелерден тарта коргонууга сарпталган каражаттын көйгөйү да талкууланганы жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG