Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Түркияда аза күнү өкмөткө нааразылыктар менен коштолду


Анкарадагы өкмөткө нааразылык демонстрациялар. 11-октябрь, 2015-жыл.
Анкарадагы өкмөткө нааразылык демонстрациялар. 11-октябрь, 2015-жыл.

Түркия үч күн аза күтүп, ишемби күнкү Анкарадагы терроризмге каршы демонстрация кездеги жардырууда өлгөн адамдарды эскерүүдө.

10-октябрдагы калайман өлкө тарыхындагы эң кандуу террордук чабуул болду. Тынч демонстрация кезде арты-артынан болгон эки жардырууда 100дөн ашуун жөнжай жарандар набыт болгону кабарланды. Соңку маалыматтарга караганда, жарадар болгондордун көбүнүн абалы оор.

10-октябрда эртең мененки 10 ченде Анкаранын Борбордук темир жол вокзалынын жанында болгон жардыруу согушка жана террорчулукка каршы профсоюздар жана бейөкмөттүк уюмдар уюштурган митинг башталар алдында болгон. Премьер-министр Ахмет Давутоглу далилдер бомбаны жанкечтилер жардырганын тастыктап жатканын айтып, кандуу булоондо курман болгондорду эскерип, өлкө үч күн аза күтөт деп ишемби күнү жарыя кылган.

- Биз президент менен сүйлөшкөндөн кийин бардык жарандарыбызды, азапкөй полицейлерди жана аскерлерди эскерип, үч күнгө аза жарыялайлы деп чечтик. Бул аза террорчулук кайдан келгенине жана кимге багытталганына карабастан, 78 миллион адамдын ага каршы сезимин чагылдырат деп ишенем.

Давутоглу ишемби күнү кечиндеги өкмөттүк жыйында сүйлөп, бомба чабуулу боюнча негизги оппозициялык партия - Республикалык элдик партия жана Улуттук кыймыл партиясы менен масилеттешүүнү кааларын, бирок күртчүл Элдик демократиялык партия - ЭДП менен сүйлөшпөсүн айтты.

ЭДПнын теңтөрагасы Селахиттин Демирташ ишемби күнкү жана андан мурдагы жардыруулар үчүн өкмөттү айыптаган эле.

- Кол салууга жоопкерлер мыйзам алдында жооп берет. Биз ачыктан- ачык кыргынга учуроодобуз. Бул буга чейин болгон Диярбекирдеги жана Суручтагы чабуулдардын уландысы. Биз бул күндөрдү кол кармашып, чогуу жеңебиз.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрт калктуу Диярбекир жана Суруч шаарларында июнь айында тынч жыйын кездеги жардыруулардан 35тен көп адам өлүп, 200 ашык адам жапа чеккен.

Жекшемби күнү Анкарада жана башка чоң шаарларда 10-октябрдагы жардырууда апаат кеткендерди эскерип жана террорчулукка каршы демонстрациялар өттү. Анкарадагы жардыруунун алдында ЭДПнын төрагалары С. Демирташ жана Ф. Юксекдаг баштаган күртчүл саясатчылар жана башка манифестанттар жол бөгөгөн полициячылр менен тиреше кетишкен. Полиция албууттанган митингчилерди абага ок атып таркатты. Ушундан улам күртчүл жана солчул партиялар мерчемдеген демонстрация токтотулду.

Стамбулда чогулган миңдеген демонстранттар кандуу окуя үчүн өкмөттү күнөөлөгөн сөздөрдү кыйкырышты.

Анкарадагы кандуу калабадан улам президент Эрдоган бүгүн Түркмөнстанда башталчу сапарын токтотту. Тыюу салынган Күртстан Жумушчу партиясы - КЖПнын аскердик бучкагы 1-ноябрда болчу парламенттик шайлоого чейин согуштук аракеттерин токтотконун 10-октябрдагы кандуу чабуулдардан кийин жарыялады. Бирок Түркиянын аба күчтөрү11-октябрда өлкөнүн түштүк чыгышындагы жана Түндүк Ирактагы КЖПнын жоокерлеринин өңүттөрүнө сокку урду. Авиачабуулдан 49 адам набыт кеткени кабарланды.

Түркияда англис тилинде чыкчу “Дейли ньюс” басылмасынын жазышынча, маанилүү парламенттик кайра шайлоодон 20 күн мурдагы канабайрам өлкөдөгү саясый кырдаалды ого бетер курчутат. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, партиялар 7-июндагыдай добуш алышат. Бул Давутоглу башындагы АК партиясы өкмөттү башкарат дегенден көрө курама өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү чоң дегенди түшүндүрөт. Демек Режеп Тайып Эрдогандын Конституцияны өзгөртүп, президенттик башкаруу киргизүү үмүтү азаярын “Дейли ньюс” басылмасы баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG