Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Стамбулдагы шайлоодо оппозиция жеңди


Оппозициянын талапкери Экрем Имамоглунун тарапташтары анын жеңишин майрамдаганы топтолушту. 23-июнь, 2019-жыл.
Оппозициянын талапкери Экрем Имамоглунун тарапташтары анын жеңишин майрамдаганы топтолушту. 23-июнь, 2019-жыл.

Түркиянын Стамбул шаарынын мэрин шайлоодо оппозициянын талапкери Экрем Имамоглу жеңишке жетти. Байкоочулардын баамында, добуштардын 54 пайызга жакынын алган Имамоглу бул жеңиши менен президент Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясына чоң сокку урду.

24-июнга караган түнү Стамбулдун көчөлөрүнө Экрем Имамоглунун жеңишин майрамдап түмөндөгөн адамдар чыгышты. Кайра өткөрүлгөн мэр шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына ылайык, оппозициядагы Элдик-республикалык партиянын талапкери добуштардын 54% ашыгын алды.

«Суверенитет элге таандык. Биз муну эч качан унутпайбыз. Биз эртеңден баштап Стамбул үчүн абдан көп иштейбиз. Көп эмгек кылабыз. Мен силерге убада берем», - деди Экрем Имамоглу тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып.

Түркия: оппозициянын жеңиши
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

Анын атаандашы, Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясынын талапкери, мурдагы премьер-министр, 64 жаштагы Бинали Йылдырым добуштардын 45% алганы кабарланды. Ал Имамоглунун жеңишин таанып, дароо куттуктады:

«Биздин досубуз Экрем Имамоглу Стамбулга чын дилинен кызмат кылат деген үмүттөмүн. Биз өз кезегинде Стамбул үчүн пайдалуу иштерди аткарууга ага жардамыбызды аябайбыз».

Президент Эрдоган жекшембиде Имамогулуну жеңиши менен куттуктады. Ал өз «Твиттерине»: «Эл кайрадан өз эркин билдирди. Мен баштапкы жыйынтыктар боюнча жеңишке жеткен Экрем Имамоглуну куттуктайм», деп жазды.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын расмий жыйынтыктарын тез арада жарыялоого убада берди.

Стамбул шаарынын мэрин шайлоо 31-мартта өткөн. Анда Имамоглу Йылдырымдан 0,2% көп добуш алып, утуп чыккан. Бирок 18-апрелде кызматка киришкенине карабай, бир айдан кийин Боршайком бийликтеги АК партиянын арызын канааттандырып, добуш берүү мыйзам бузуу менен өткөнүн жүйө келтирип шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган. Кайра өткөрүлгөн шайлоодо Имамоглу мурункудан да көбүрөөк добуш алды. Анын ысымы марттагы шайлоого чейин калың элге өтө деле белгилүү эмес болчу. 49 жаштагы Имамоглу буга чейин Стамбул шаарынын Бейликудзу районунун башкарып келген. Эксперттер анын бул жолку шайлоо өнөктүгүндө колдонгон «Баары жакшы болот» деген оптимисттик ураанын шаардыктар жакшы кабыл алганын белгилеп жатышат.

Бинали Йылдырым премьер-министр кезинде. 18-январь, 2018-жыл.
Бинали Йылдырым премьер-министр кезинде. 18-январь, 2018-жыл.

17 млн. калкы бар Стамбул - Түркиянын эң ири шаары жана анын финансылык, экономикалык жана маданий борбору. Бул калааны башкаруучу АК партия 24 жылдан бери колунан чыгарбай келген. 1994-жылы Режеп Тайып Эрдоган өзү да шаар башчылыкка шайланып, саясий карьерасын баштаган. Байкоочулар башкаруучу партиянын утулушун Эрдоганга урулган чоң сокку катары баалап, муну өлкөдөгү экономикалык каатчылыктан көрүп жатышкан чагы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG